КАРЛУК МАМЛЕКЕТИ
КАРЛУК МАМЛЕКЕТИ – 766-ж. Түргөш кагандыгынын кыйрашынан улам пайда болгон мамл. бирикме. Жети-Суу, Түн. Тянь-Шань аймагында түзүлүп, 940-ж. чейин жашаган. Карлуктар оболу Батыш Алтай, Кара Иртыш д-нан Балхаш көлүнө чейинки аймактарды мекендешип, 766-ж. Тараз м-н Суяб ш-н басып алышкан. Натыйжада Кашкар, Фергана, Жети-Сууну кучагына алган мамлекет түзүлгөн. Борбору башында Суяб болуп, кийин Иле боюна көчүрүлгөн. Мамлекет башчысы алгач жабгу, 840-жылдан кийин каган деп аталган. 8–10-к-да Балхаш м-н Ысык-Көлдүн, Иле м-н Талас өзөндөрүнүн бойлорун жердешкен. Тибеттиктер м-н союз түзүп, О. Азиядагы согду ж-а түрк урууларын колдоп, араб баскынчыларына каршы күрөшүшкөн. 861-ж. Кашкарды каратып алышкан. 904-ж. К. м-нин аскери Мавереннахрга жортуул жасап, жеңилип калган. Караханид мамлекетинин түзүлүшү м-н К. м-нин жашоосу токтогон.
Ад.: История Ат-Табари. Таш., 1987; Бартольд В. В.
Избранные труды по истории кыргызов и Кыргызстана. Б., 1996; Материалы по истории кыргызов и Кыргызстана. Т. 1. Б., 2000; Сыздыков К. М. Карлык мамлекетинин тарыхы. А., 2000; Хрестоматия по древней и средневековой истории Кыргызстана/ Сост. Жуманалиев Т. Т. 1. Б., 2007.