КАРЛ МАРКС (Тогуз-Торо районундагы кыштак)
КАРЛ МАРКС – Жалал-Абад обл-нун Тогуз-Торо р-нундагы кыштак. Атай атн. айыл округуна караштуу. Деңиз деңг. 1580 м бийикте жайгашкан. Райондун борбору Казарман кыш-нан 27 км батыш тарапта. Балыкчы т. ж. бекетинен 437 км. Калкы 1000 (2008); негизинен мал м-н алектенип, аары чарбасында эмгектенет. Орто мектеп, ФАП бар.