КАРКЫРА ЖАРМАҢКЕСИ

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
09:54, 6 Октябрь (Тогуздун айы) 2025 карата vol4>KadyrM тарабынан жасалган версия
(айырма) ← Мурунку нускасы | Соңку нускасы (айырма) | Жаңыраак нускасы → (айырма)
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

КАРКЫРА ЖАРМАҢКЕСИ – 19-к-дын 2-жары­мы – 20-к-дын башындагы Жаркент ж-а Прже­вальск (азыркы Ысык-Көл обл.) уезддерине ти­йиштүү Каркыра жайлоосундагы Каркыра өзө­нүнүн боюнда (азыркы Алматы обл. Кеген оода­ны) июнь, июль, август айларында өткөрүлчү соода-сатык. Бул жерге орус өкмөтү тарабынан атайын үйлөр тургузулган. Жарманкесин Кы­тай, Россия ж-а Борб. Азиянын (өзбек, тажик, түркмөн, казак, кыргыз) соодагерлери товарла­рын, Кеген, Каркыра, Ийри-Суу, Кең-Суу аймак­тарын жайлаган элдер малын сатып, азык­түлүк, кийим-кечек ж. б. алышкан.