КАРИКАТУРА

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
09:54, 6 Октябрь (Тогуздун айы) 2025 карата vol4>KadyrM тарабынан жасалган версия
(айырма) ← Мурунку нускасы | Соңку нускасы (айырма) | Жаңыраак нускасы → (айырма)
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

КАРИКАТУ́РА (итал. caricatura– caricare – апыртуу дегенден) – адамдардын же турмуштук көрүнүштөрдүн терс жактарын ашкерелөө мак­сатында шарж м-н гротескти пайдалануу; көркөм типтештирүү ыкмасы. К. – кең мааниде адам сымбатын– өңүн– кийимин апыртып– түр­дүү нерселерге окшоштуруу м-н күлкү келтирүү үчүн атайын тартылган сүрөт. К. – тар мааниде сүрөт өнөрүнүн (айрыкча графиканын) бөтөнчө жанры; сын багыты айкын болгон сүрөт сати­расынын негизги формасы. К. ыкмалары иск­вонун түрдүү жанрларында (мис.– плакатта–

Сүрөтчү М. Сыдыкбаев тарткан карикатура.

гезит же журнал графикасында) пайдаланылат. Жанрдын жаралышы Германиядагы Дыйкан­дар согушу (1524–26) м-н байланыштуу. 18-к-да англис У. Хогарт К-нын ырааттуу өнүгүшүнө негиз түзгөн. Кырг-нда А. Турумбеков, М. Па­милов, У. Осмоев сыяктуу карикатуристтер бар.