КАЗАКСТАН
КАЗАКСТАН , К а з а к с т а н Р е п у б л и к а с ы – Евразиянын борбордук бөлүгүндөгү мамлекет.
Борбордук Азиянын түндүк бөлүгүндө; эң батыш чет жакасы – Урал дарыясынын оң жээги Европанын чегинде. Түндүк-батышынан, түндүгүнөн ж-а түндүк-чыгышынан Россия, чыгышынан Кытай, түштүгүнөн Кыргызстан, Өзбекстан ж-а Түркмөнстан м-н чектешет; батышынан Каспий деңизи м-н чулганат. Аянты 2724,9 миң км2 (дүйнөдө 9- орунда; кургактыктын 1,8% аянтын ээлейт); аймагы батыштан чыгышка 3000 кмдей, түндүктөн түштүккө 1600 кмдей созулат. Калкы 15,7 млн (2008). Борбору – Астана шаары. Акча бирдиги – теңге. Мамлекеттик тили – казак тили; мамлекеттик мекемелерде ж-а жергиликтүү өзүн-өзү башкаруу органдарында казак тили м-н кошо орус тили да расмий

колдонулат (бийлик ж-а башкаруу органдарында иш кагаздары казак тилине толук өткөрүлүүдө). Административдик жактан 14 облуска ж-а республикага баш ийген 2 шаарга бөлүнөт (к. таблицаны).
(Таблица)
Администрациялык-аймактык бөлүнүшү (2006)Казакстан – КМШга (1991-жылдан), БУУга (1992), Европа коопсуздук ж-а кызматташтык уюмуна (1992), ЭВФке (1992), Ислам конференциясы уюмуна (1995), ШКУга (2001) мүчө.
Мамлекеттик түзүлүшү. Казакстан – унитардык мамлекет. Казакстандын Конституциясы 1995-жылы 30-августта референдумда кабыл алынган. Башкаруу формасы – президенттик республика. Мамлекет башчысы – бүткүл эл тарабынан 5 (2007-жылга чейин – 7) жылдык мөөнөткө шайланган президент (бул биринчи президентке тийиштүү эмес). Мыйзам чыгаруучу жогорку органы – Мажилис ж-а Сенат (эки палаталуу парламент; Мажилисте 5, Сенатта 6 жылдык мөөнөткө шайланып, 107 депутаттан турат). Аткаруу бийлигинин жогорку органы – премьер-министр жетектеген өкмөт. Премьер-министр межилистин макулдугу м-н президент тарабынан дайындалат. Казакстанда көп партиялуу система орун алган. Ири партиялары: улуттук-демократиялык партия «Нур Отан», коомдук социал-демократиялык партия, Казакстан демократиялык партиясы «Ак-Жол», Казакстан социал-демократиялык партиясы «Ауыл», Казакстан коммунисттик элдик партиясы.
Табияты. Казакстандын аймагында көтөрүңкү түздүктөр ж-а сары-аркалар (бийиктиги 500–600 м) басымдуу; алар өлкөнүн аймагынын 50%ке жакынын, ойдуңдуу түздүктөр (100–250 м) 30%ин, тоолор (1000–4000 м) 20%тейин ээлейт. Бийиктик амплитудасы –132 мден (Маңкыштактагы Карагие ойдуңу) 6995 мге чейин. Өлкөнүн батыш бөлүгүн кум ж-а шор массивдүү Каспий бою ойдуңу ээлейт. Анын чыгышында эрозиялык Му

гожар жапыз тоосу (бийиктиги 657 мге чейин, Чоң Боктыбай чокусу) көтөрүлөт. Казакстандын түштүк-батыш четинде Маңкыштак жарым аралы ж-а чөлдүү Үстүрт платосу жайгашкан. Андан чыгыштагы Туран ойдуңунда Арал бою, кум массивдүү – Кара-Кум ж-а Кызыл-Кум чөлдөрү орун алган. Түндүктөн Казакстандын аймагына Батыш Сибирь түздүгүнүн түштүк чет жакасы (бийиктиги 100–150 м) кирип турат. Аны түштүк-батыштан Торгой платосу улап кетет. Өлкөнүн борбордук бөлүгүн ээлеген Казак Сары- Аркасында бийиктиги 1565 мге жеткен (Аксоран чокусу) калдык жапыз тоолор орун алган. Казак Сары-Аркасы түштүктө чөлдүү Бетпак-Талаа платосуна (деңиз деңгээлинен орточо бийиктиги 300–350 м) өтөт. Өлкөнүн чыгыш, түштүк-чыгыш бөлүктөрүндө тоолуу рельеф басымдуулук кылат; мында негизинен Алтайдын түштүк бөлүгүнүн, Тарбагатайдын, Саурдун, Жети-Суу Ала-Тоосунун, Түндүк ж-а Батыш Теңир-Тоонун орто бийик ж-а бийик кырка тоолору ички ж-а тоо аралык ойдуңдары м-н кезектешип жатат. Өзгөчө геоморфологиялык объектилерге Үстүрт платосунун тик кашаттары (жарлары) – чинкалар; Алматыдан 200 км түндүк-чыгыштагы Чарын (Шарын) дарыясынын шаңшаары (каньону); өлкөнүн түндүгүндөгү Боровой курортуна жакын жайгашкан Көкчө-Тоо аскалары ж-а көлдөрү ж. б. кирет.
Казакстандын аймагы негизинен Урал-Охота кыймылдуу алкагында жайгашкан, анын бүктөлүү структурасынын айрым жерлери жаш платформанын жабындысы м-н капталган. Борбордук Казакстан бүктөлүү облусу негизинен Казак Сары-Аркасына дал келип, догоо сымал 2 бүктөлүү системасына бөлүнөт: каледондук Түндүк Казакстан (түндүгүндө) ж-а герциндик Жунгар-Балкаш (түштүгүндө). Бул бүктөлүү облусунун чегинде архей-протерозой массивдери – Көкчө-Тоо, Арганат, Түндүк ж-а Түштүк

Улуу-Тоо, Ак-Тоо-Моюн-Тоо, Макбал жайгашкан. Казакстандын түндүгүнө Түштүк Уралдын герциндик структурасы кирип турат. Өлкөнүн батышын анын эң чуңкур бөлүгүн Орус платформасынын Каспий бою синеклизасы ээлейт. Түштүк-батышына Жер ортолук деңиздик кыймылдуу алкагынын Түштүк Туран плитасы кирет. Кен байлыктарга бай: кара ж-а түстүү металлдар, уран, алтын, нефть (запасы б-ча дүйнөдө 7-орунда), газ (13-орунда), агрардык-техникалык, химиялык ж-а индустриялык сырьёлор.
Казакстандын аймагы мелүүн климаттык алкакта жайгашкан. Казакстан Евразиянын борбордук бөлүгүнөн орун алгандыктан, климаты кургакчыл ж-а кыйла континеттик. Жайында Азор, кышында Сибирь антициклондорунун таасири астында турат. Жыл бою кез-кезде батыштан, түндүк-батыштан ж-а түндүктөн муздак аба массасы согуп турат. Январдын орточо температурасы түндүгүндө ж-а чыгышында –18°Сден түздүктүү аймагынын эң түштүгүндө –3°Сге чейин; июлдуку түндүгүндө 19°Сден түштүгүндө 28–30°Сге чейин. Тоолоруна климаттын бийиктик алкактуулугу мүнөздүү. Казакстан жаан-чачынга жалпысынан жарды, аймак боюнча бирдей жаабайт. Өлкөнүн түндүк бөлүгүндө, токойлуу талаа зонасында жаан-чачындын жылдык орточо өлчөмү 300–400 мм, андан түштүктө, талаа зонасында 250 мм, жарым чөл ж-а чөл зоналарындагы түздүктөрдө 100–200 мм, түштүктөгү ж-а түштүк-чыгыштагы тоолордо 500–1000 мм, Алтайдын батыш капталдарында 1600 ммге чейин. Казакстанда жалпы аянты 1090 км2 болгон 1450 мөңгү бар, алардын көбү Жети-Суу Ала-Тоосунда, Теңир-Тоодо, Тарбагатайда, Алтайда жайгашкан.
Казакстан дүйнөдө суу м-н аз камсыз болгон регионго кирет. Казакстандын аймагында 39 миңдей дарыя ж-а сай бар, алардын 8 миңдейинин узундугу 10 кмден ашат. Ири дарыялары (Казакстандын чегиндеги узундугу): Иртыш (Ертис; 1700 км), Ишим (Есиль; 1400 км), Сыр-Дарыя (1400 км), Урал (Жайык; 1082 км). Өлкөнүн түндүк ж-а түндүк-чыгыш бөлүктөрүндөгү дарыялар (Иртыш ж-а анын куймалары – Ишим, Тобол) Түндүк Муз океандын, көп дарыялары ички Каспий деңизинин (Урал, Эмба), Арал деңизинин (Сыр-Дарыя), Балкаш көлүнүн (Иле), Тенгиз көлүнүн (Нура) алаптарына кирет. Казакстандын аймагында жалпы аянты 45 миң км2ден ашык 48 миңден ашуун көл бар, алардын көбү – аянты 1 км2ден ашпаган чакан көлдөр. Ири көлдөрү: өлкөнүн борбордук бөлүгүндөгү Балкаш, Тенгиз, Жонгор капкасындагы Ала-Көл, Сасык-Көл, чыгыштагы Зайсан, Маркакөл. Дүйнөдөгү ири көлдөрдүн – Каспий ж-а Арал деңиздеринин акваторияларынын айрым бөлүктөрү да Казакстанга таандык. Жалпы көлөмү 95,5 км3ден көп 200дөн ашкан суу сактагыч бар; аларга Сыр- Дарыядагы (5,5 км3) Буктурма, Капчыгай, Чардарыя (Шардара), Тобол дарыясындагы Жогорку Тобол (0,82 км3), Каратомар (0,59 км3), Ишим дарыясындагы Сергеев (0,7 км3) суу сактагычтары кирет. Агын суулардын жалпы жылдык орточо ресурсу 100,5 км3, анын 56,5 км3и гана Казакстандын аймагында түзүлүп, 44 км3и чектеш өлкөлөрдөн – Кытай, Өзбекстан, Кыргызстан, Россиянын аймактарынан агып түшөт. Жер астындагы суунун жылдык жалпы запасы 15,83 км3 болгон 626 кени ж-а участогу чалгындалган; анын 50%ке жакыны өлкөнүн түштүк, 20%и батыш аймактарында.
Казакстан аймагынын континенттин ички бөлүгүндө жайгашкандыгы, аймактын кеңдик ж-а узундук боюнча зор аралыкка созулушу, тоо ж-а түздүк рельефинин кезектешип жатышы ландшафттык ж-а биологиялык ар түрдүүлүккө өбөлгө түзөт. Түздүктөрдө кеңдик, тоолордо бийиктик алкактуулук даана байкалат. Өлкөнүн түндүгүндөгү токойлуу талаа зонасынын жегичтүү кара топурагы түштүктү карай мелүүн кургакчыл талаанын кадимки кара, мелүүн кургак талаанын каралжын каштан, кургак талаанын кадимки каштан, жарым чөлдүн ачык каштан топурактары м-н алмашат. Түздүк топурактуу аймактын аянтынын 1/2 ин коңур чөл-талаа ж-а ачык-коңур чөл топурактары ээлеп, кумдуу ж-а такыр сымал топурактардын зор массивдери м-н кезектешип жатат. Батыш ж-а Түндүк Теңир-Тоонун этектериндеги түздүктөрдө ж-а этек тоолордо боз ж-а ачык каштан топурактары басымдуулук кылат. Түндүк Теңир-Тоонун, Саурдун, Тарбагатайдын, Батыш Алтайдын жапыз тоолоруна мүнөздүү тоонун каштан ж-а тоонун кара топурактары өйдөлөгөн сайын тоо токоюнун боз ж-а токойдун каралжын топурактары м-н алмашат. Токойдун жогорку чегинен өйдө тоо-шалбаа топурактары өрчүгөн. Дыйканчылыкка жараксыз же аз пайдаланылган топурактуу жерлер да арбын; мис., кумдуу массивдер 27 млн га, шор жерлер 20 млн га аянтты ээлейт. Жалпысынан топурак кыртышынын табигый күрдүүлүгү төмөн, эрозияга, дефляцияга, шордонууга ж. б. жагымсыз процесстерге кыйла дуушарланган. 1950–80-жылдары ургаалдуу пайдаланылган 11 млн га дың жер кийин аңызга айланып, чириндиси азайып арыктап кеткен.
Өлкөнүн түндүгүндө, токойлуу талаа зонасында ж-а талаа зонасынын түндүк бөлүгүндө дүйүм чөптүү-кылкан өсүмдүктүү талаа (ак кылкан, бетеге, коңур баш, тоо сулусу, кыяк, шыбак), суу жайылмаларында түбү боштуу ж-а буудайыктуу шалбаа таралган. Байтерек-кайыңдуу то-

кой массивдери, кызыл карагайлуу токойчолор кездешет. Кургак талаага бетеге-ак кылкандуу өсүмдүк жамаатташтыгы мүнөздүү. Жарым чөлдөрдө шыбак-кылкандуу өсүмдүктөр үстөмдүк кылат. Чополуу ж-а шагылдуу чөлдөрдө ксерофиттик бадалдар ж-а бадалчалар, анын ичинде галофиттер (прутняк, сарсазан, бүргөн, кокпек, солерос, ак ж-а кара шыбак, түлкү машак, жантак, терскен, тамариск ж. б.) да өсөт. Кумдуу чөлдөргө псаммофиттер (кум шыбагы, кум сулуусу, жузгун, кум акациясы, ак сөксөөл ж. б.) мүнөздүү. Кызыл-Кум кумдарында кара сөксөөлдөр кездешет. Кырка тоолордун капталдарынын төмөнкү бөлүктөрүнө ж-а этек тоолорго талаа өсүмдүктөрү мүнөздүү. Андан өйдө бадалдар – ит мурун, шилби, бөрү карагат өсөт; Иле Ала- Тоосунун түндүк капталдарында жапайы ж-а экме алма токойлору, долоно кездешет. Алтай ж-а Жети-Суу Ала-Тоолорунун орто бийик тоолорундагы ийне жалбырактуу токойлорго Сибирь кара карагайы, карагай, кызыл карагай, көк карагай, кедр (бал карагай) ж. б., Теңир-Тоого карагай мүнөздүү. Токойдон жогору жаткан субальп ж-а альп шалбаасы баалуу жайыт болуп саналат. Теңир-Тоонун кырка тоолорунун кырларына жакын арча (өрөк арча) токойлору кездешет.
Казакстанда өзгөчө коргоого алынган 109 табигый аймак бөлүнгөн, ал өлкөнүн аймагынын 5,4%ин ээлейт. Ага 10 корук (Ак-Суу–Жабаглы, Алматы, Ала-Көл, Барса-Келбес, Батыш Алтай, Кара- Тоо, Коргалжын, Наурзум, Маркакөл, Үстүрт), 10 улуттук парк (Алтын-Эмел, Баянаул, Бурабай, Иле-Ала-Тоо, Каркаралы, Катон-Карагай, Көкчө-Тоо, Чарын, Сайрам-Угам, Көл-Сай), 50 табигый корукча (заказник; геологиялык, ботаникалык, зоологиялык, көл, саз, ландшафттык ж. б.), 26 табият эстелиги, 5 ботаникалык бак ж. б., 2 табият резерваты (Ертис орманы, Семей орманы) кирет. Коргоого

алынган бул аймактар негизинен жер бетинин экосистемасын ж-а өсүмдүк жамаатташтыгын камтыйт. Республиканын аймагы аркылуу суу-сазда жашоочу куштардын 140 түрү учуп өтөт; анын 11 түрү ТКЭСтин Кызыл китебине катталган.
Бул сейрек ж-а эндемик куштардын популяциясын сактоо максатында жалпы аянты 17 миң км2 болгон глобалдуу маанидеги жер коргоого алынган. Алар негизинен Казакстандын борбордук, түштүк-чыгыш ж-а чыгыш бөлүктөрүндө жайгашкан. Коргалжын ж-а Иргиз-Торгой көлдөр системасы Рамсар конвенциясы тарабынан коргоого алынган.
Калкы. Калкынын басымдуу бөлүгүн (53,4%) казактар түзөт (1999-жылкы эл каттоо б-ча). Орус (30%), украин (3,7), немис (2,4) улуттары негизинен өлкөнүн түндүк ж-а чыгыш бөлүктөрүндө жашайт. Калгандарын татар (1,7%), уйгур (1,4), беларус (0,7), корей (0,7), азербайжан, түрк, поляк, дунган, күрд, тажик, башкырт, молдаван ж. б. улуттар түзөт. Калкынын жылдык орточо табигый өсүү темпи жогору: 2005-жылы 1000 тургунга 8,0 адам, 1999-жылы 4,6 адам туура келген. Төрөлүү 1000 тургунга 18,4 бала, өлүм-житим 1000 тургунга 10,4 адам туура келет (2005). 15 жашка чейинки балдар калктын

26,2%ин, эмгекке жарамдуу курактагылар 63,4%ин, карыгандар 10,4%ин түзөт. Өмүрдүн күтүлгөн орточо узактыгы 65,9 жыл (эркектердики 60,3, аялдардыкы 71,8 жыл). Калктын орточо жыштыгы: 1 км2 жерге 5,6 адам туура келет (2006; Евразиядагы эң төмөнкү көрсөткүч). Калк өлкөнүн түштүк, түндүк ж-а чыгыш облустарында жыш, батыш ж-а түштүк-батыш облустарында салыштырмалуу сейрек отурукташкан. Динге ишенгендери негизинен – мусулман-сунниттер. Шаар калкы 57,1% (2006). Ири шаарлары: Алматы ( калкы 1247,9 миң), Астана (550,4 миң), Чымкент (526,1 миң), Караганды (446,1 миң), Тараз (336,1 миң), Павлодар (295,7 миң), Усть-Каменогорск (288,5 миң), Семипалатинск (Семей; 277,3 миң), Ак- Төбө (258,0 миң), Костанай (207,8), Уральск (202,0 миң).
Тарыхы. Археологиялык изилдөөлөр Казакстандын аймагында евразиялык микроиндустриялык Ашель (болжол м-н 1 млн 200 миң жыл мурда) доорунда эле адам жашаганын далилдейт. Кара-Тоо тоо кыркасынын түштүк-батыш бетинин тоо этеги м-н Сыр-Дарыя өрөөнүнүн (Кош-Коргон, Чок- Таш) ортосундагы аймактарда алгачкы адамдар жашаган. Ортоңку палеолитке (Мустье доору) Кара-Суу (3 баскычтан турат), Кара-Тоо тургун жайлары, жогорку палеолитке Вишнёвка, Кудайкөл, Ч. Валиханов атындагы, Шульбинка эстеликтери таандык. Мезолит доору Казакстандын түндүк ж-а түндүк-чыгыш аймактарында (чакан топтордун устаканалары, тургун жайлары) жакшы изилденген. Неолит Казакстандын түндүк ж-а түндүк-батышында кельтеминар маданиятынын (б. з. ч. 6-миң жылдыктын аягы – 5-миң жылдык) варианты м-н көрсөтүлгөн. Волга-урал, орёл, маханжар, атбасар, сероглаз маданияттарына таандык эстеликтер Казакстандын батыш, түн.-батыш ж-а түндүгүнөн, Усть-нарымск мад-тына таандык эстеликтер (дарыянын боюнда кайыктын формасындай Шидерты-3 көрүстөнү, Железинка кыш-на жакын жердеги мүрзөлөр) Казакстандын чыгышынан табылган.
Алгачкы металл доорунун башталышында (б. з. ч. 4-миң жылдыктын аягы – 3-миң жыл-

дык) Казакстан аймагынын көбүндө терсек, ботай, Иртыш боюнда шидерты ж-а усть-нарым тибиндеги, Волга-Урал аралыгында каспий бою ж-а хвалын-ортотог ж. б. маданияттар өкүм сүрүп, мал чарбачылык ж-а металл иштетүүнүн белгилери байкалат. Урал-казак талааларында ямный ж-а афанасьев маданияттарына Карагаш ж. б. көрүстөндөр таандык. Кечки коло дооруна (б. з. ч. 2-миң жылдыктын аягы – 1-миң жылдыктын башы) андрон маданияты ж-а аны алмаштырган валик карапа маданияты тиешелүү. Иртыш бою аймагында елунин маданияты, кийин армен маданияты өкүм сүргөн. Коло доорунда таш бетинде петроглифтер пайда боло баштаган. Алгачкы темир доору (б. з. ч. 8–7-кылымдарда) сак-массагет, савромат, сармат, саргат археологиялык маданияттарынын эстеликтери м-н көрсөтүлгөн. Бул маданияттарга Бесшатыр, Ысык, Тагискен, Уйгарак, Чиликти, Берел, Байкара ж. б. комплекстери таандык. Казакстандын түндүк аймагында б. з. ч. 1-миң жылдыктын аягы – б. з. 1-миң жылдыктын ортосунда Сыр-Дарыянын ортоңку агымында отрар-каратоо м-н куаунчин маданияттары өнүккөн. Мурда бул жерлер Кангүй мамлекетинин курамында болгон. Жети-Суу аймагында табылган эстеликтердин көбү усундар м-н байланышкан. Казакстандын батыш аймактарындагы эстеликтер (Лебедевка ж-а Кырык-Оба көрүстөндөрү) сармат археологиялык маданиятына, Тобол ж-а Ишим дарыяларынын аралыгындагылар саргат маданиятына таандык (4-кылымга чейинки мезгил). Элдердин улуу көчүү доорунда хунндардын таасиринен алгачкы темир доорунун маданияттарынын кээ бирлери жоголуп кеткен. Казакстан аймактарындагы маданияттардын өнүгүшүнө Улуу Жибек жолу чоң таасирин тийгизген. Б. з. ч. 7–4-кылымдарда Казакстандын аймагын уруу союздары мекендеген, алардын ириси сактар болгон. Б. з. ч. 4– 2-кылымдарда Казакстанда усундардын (Жети-Сууда), каңлылардын (Кара-Тоо ж-а Сыр-Дарыя району), аландардын (Арал ж-а Каспий деңиздер аралыгы) уруу союздары куралган. Калк көчмөн мал чарбасы ж-а дыйканчылык м-н кесиптенген. 6-кылымдын 2-жарымында Казакстандын аймагы Түрк кагандыгынын (кийин Батыш түрк кагандыгы) курамына кирген. Щучье көлүнө (Боровое) жакын жерде түрк эстеликтерине тиешелүү канжар,

анын катарындагы эстеликтерден 1-миң жылдыктын 2-жарымына таандык көрүстөндөрдө аты м-н кошо көмүлгөн маркумдун сөөгү табылган (6-кылым). 6–8-кылымдарда соода өнүгүп, жаңы мамлекеттик бирикмелер пайда болгон. Казакстандын түндүк ж-а борбордук аймактарында шаарлар [Тараз, Исфижаб (Сайрам), Усбаникент, Отрар, Шавгар (Түркстан), Сауран, Сыгнак, Кулан, Кайлык, Талгар] өсө баштаган. 11–12-кылымдарда негизинен Казакстандын түндүк аймактарында чоң ж-а кичине шаарлардын саны 200гө жеткен. Казакстанда 8-кылымдын башында Түргөш кагандыгы, 8-кылымдын 2-жарымында Карлук кагандыгы өкүм сүргөн (766-жыл). 8–10-кылымдарда Казакстандын түштүгүндө суннит багытындагы ислам дини жайылган. Казак эли көчмөн эл болгондуктан, исламды баары бирдей кабыл алган эмес. Ислам дининен тышкары зороастризм, буддизм, христиан диндери да болгон. 9–11-кылымдарда Казакстандын батыш ж-а түштүк-батыш аймагы Огуздар мамлекетине кирген; түндүк-чыгыш ж-а борбордук бөлүктөрүн кимактар м-н кыпчактар мекендеген. Ошол кезде Казакстандын аймагы Дешт-и-Кыпчак деп аталган. 10-кылымдын 1-жарымында Жети-Сууга Чыгыш Түркстандан келген ягма түрк уруусу Карлук кагандыгын кулатып, Караханиддер мамлекетин түзүшкөн. 10-кылымдын аягында – 11-кылымдын 1-жарымында Караханиддер Кашкар, Жети-Суу, Мавераннахрды каратып алышкан. 11-кылымдын 2- жарымында Караханиддердин арасында ич ара талаш-тартыштар башталып, сельжуктар Мавераннахрды басып алышкан. 1130-жылы Жети- Сууну басып алган кара кытайлар Караханиддер мамлекетин кулатып, Борбордук Азияда өз мамлекетин түзгөн. 12-кылымдын ортосунда Кара кытай мамлекетинин начарлашынан улам, андан Хорезм бөлүнүп чыккан. 1219–21-жылы Казакстан аймагына моңголдор басып кирип, көптөгөн шаарлар талкаланган. Моңголдордун тушунда Казакстандын көпчүлүк аймагы Алтын Ордого, ал жоюлган соң Ак Ордо, Көк Ордо, Моголстан, Сибирь, 14- кылымдын аягы – 15-кылымдын башында Ногой Ордо ж-а Өзбек хандыктарынын курамына кирген. Ногой Ордо Жайык (Урал) ж-а Волга дарыяларынын аралыгындагы аймакты, Өзбек хандыгы Арал деңизинен батышты көздөй Урал дарыясына, түштүгү Тобол дарыясына, чыгышы Иртыш дарыясына чейинки аймактарды ээлеген. Өзбек хандыгынын эли «өзбек-казактар» деп аталган (орус тарыхый булактарда «киргизы»). Феодалдык ич ара чыр-чатактын, эзүүнүн айынан казак уруулары Өзбек хандыгынын аймагынан Жети-Сууга (Чүй, Талас) оогон. 15-кылымдын 2-жарымы – 16-кылымдын башында Жети-Сууда Казак хандыгы түзүлгөн. 16-кылымдын ортосунда Ногой Ордо, кийин Моголстан, Сибирь хандыктары кулап, алардын курамындагы казак уруулары Казак хандыгына кошулган. Казак хандыгы Улуу жүз, Орто жүз, Кичүү жүз деп бөлүнүп (к. Жүз), казак элинин калыптануу процесси аяктаган. 19-кылымдын башында Казак хандыгы жоюлуп (1847), аталган жүздөрдүн аймактарында өз алдынча хандыктар пайда болгон. 18-кылымдын 1-жарымында казактар Жуңгар хандыгынын (ойроттор) тынымсыз чабуулуна дуушар болгон. Казактар кол жыйнап, бир нече жолу (1710, 1728, 1729) жуңгарларга каршы сокку урган, бирок жуңгарларды жеңүүгө мүмкүнчүлүгү болбогондуктан, Россиянын курамына кирүүнү көздөшкөн. 1731-жылы Кичүү Жүз (Абулхайрдын демилгеси м-н), 1740-жылы Орто жүз (Абылай хандын күчү м-н) Россиянын курамына кошулган. 18-кылымдын аягында Казакстандын түштүк аймактарын Кокон хандыгы каратып алган.18- кылымдын 2-жарымынан Казакстандын Россия м-н экономикалык ж-а саясий мамилелери бекемделген. 1820-жылдардын аягында Бөкөй хан ж-а Вали каган каза болгондон кийин, Россия Орто жүздөгү хандык бийликти жоюп, 1822-жылы жаңы башкаруу системасын киргизген. М. М. Сперанский иштеп чыккан «Сибирдик кыргыздар жөнүндө устав» боюнча 8 округ түзүлүп, округдар болуштуктарга (волост) бөлүнүп, султандар (Чынгызхан тукуму) башкарган. Аларга орус армиясынын офицер наамдары ыйгарылган. 1824-жылы Кичүү жүздө хандык бийлик жоюлуп, анын үчкө бөлүнгөн аймагына да султандар бийлик жүргүзгөн. Россиянын курамына киргенден кийин казак ак сөөктөрүнүн укуктары чектелген. Натыйжада 19-кылымдын 1-жарымында Россия империясына, ошондой эле Кокон бийлигине каршы (1809, 1821) Казакстан аймактарында элдик көтөрүлүштөр болгон. 1840- жылдары султан Кенесары Касымов өзүн хан деп жарыялап, казактарды бириктирип, өзүнчө башкаруу үчүн орустарга каршы күрөшкөн. 19- кылымдын ортосунда Урал ж-а Волга дарыяларынын аралыгындагы аймакта Бөкөй Ордосу түзүлгөн (1876- жылга чейин). 19-кылымдын 2-жарымында Россиянын курамындагы казак жерлерине кокондуктар м-н хивалыктар кол салып турган. Алардан коргонуу үчүн Сыр-Дарыя, Иргиз ж-а Торгой дарыяларынын жээктерин чыңдашкан. 1853-жылы орустар кокондуктардын Ак-Мечит (кийин Перовск) чебин басып алган. Ак-Мечит чеби аркылуу орустар аскерин Казакстандын түштүк аймактарына жиберүүгө ыңгайлуу шарт түзүлгөн. 1846-жылы Иле дарыясына чейинки Жети-Суунун бир бөлүгү Россия империясынын курамына кирген. 1854-жылы Верный чеби курулуп, Батыш Сибирден Жети-Сууга көптөгөн орус дыйкандары м-н казактар көчүп келе баштаган. Улуу жүздүн аймагына Россиянын таасирин төмөндөтүүгө Кокон хандыгы көп аракеттенген. 1860-жылы Кокон аскерлери орустардан жеңилип, Россия империясы толугу м-н Жети- Суунун аймагын өзүнө караткан. Падышалык өкмөт административдик башкаруу реформасын жүргүзгөн. Үч жүз тең жоюлган. 1867-жылы Жети-Суу ж-а Сыр- Дарыя облустары түзүлүп, Түркстан генерал-губернаторлугуна караган. 1868-жылы Урал ж-а Торгой облустары Оренбург генерал-губернаторлугунун, Акмоло м-н Семипалатинск облустары Батыш-Сибирь генералгубернаторлугунун курамына кирген. Облус уездге, уезд болуштукка, болуштук айылга (100– 200 түтүн) бөлүнгөн. Жердин баары мамлекеттештирилип, облустарда россиялык мыйзамдар боюнча иш жүргүзгөн соттор, бий соттору негизделген. 19-кылымдын 2-жарымынан Казакстандын чарбасына орус дыйкандарынын чарбасы (жер иштетүү ж. б.) таасирин тийгизген. Верный, Семипалатинск сыяктуу шаарлар көбөйө баштаган. Транссибирь магистралы ж-а Оренбург-Ташкент темир жолу (1901–05) курулган. 20-кылымдын башында нефть алуу өнүгө баштаган. Россия губернияларында жер тартыш болгондуктан, падышалык өкмөт Столыпиндик агрардык реформа боюнча орус дыйкандарын Чыгышты көздөй көчүргөн. Натыйжада Акмоло, Торгой, Урал ж-а Семипалатинск облустарына 1906–12-жылдары 438 миңден ашык дыйкан көчүп келген. Социалдык ж-а колониялык эзүү казак элинин нааразылыгын туудурган. 18–19-кылымдарда С. Датовдун, И. Таймановдун ж-а М. Өтөмисевдин жетекчилиги м-н козголоңдор чыккан. Биринчи дүйнөлүк согуш мезгилинде салыктын көбөйүшү, элдин экономикалык абалынын начарлашы ж-а казактардын тылдагы жумуштарга алынышынын натыйжасында падышалык бийликке каршы элдин нааразылыгынын күч алышынан улам чыккан дыйкандар козголоңу улуттук-боштондук көтөрүлүшкө (1916) айланган. Көтөрүлүш басылып, ага катышкандардын көбү атылып, сүргүнгө айдалып, калгандары Кытайга качкан. Февраль революциясынан (1917) кийин Казакстанда кош бийлик [Убактылуу өкмөт (Ташкенттеги Түркстан комитети, облустук, уезддик комитеттер, шаарларда ж-а болуштуктарда комиссариаттар) ж-а Советтер (эсерлер, меньшевиктер, большевиктер)] өкүм сүргөн. 1917-жылы июнда А. Бөкейханов жетектеген казактардын улуттук «Алаш» партиясы, декабрда «Алаш Ордо» өкмөтү түзүлгөн. Бул өкмөт улуттук автономия түзүү максатында Совет бийлигине каршы күрөшүп, жарандык согушта ак гвардиячыларды (Колчак), ак казактарды (Дутов), падышалык генералдарды колдогон. Казакстандын көп бөлүгүн ак гвардиячылар басып алган. Ак гвардиячылардын тылында жашыруун большевиктик уюмдар жетектеген партизандык кыймыл кеңири кулач жайган. Оренбург, Жети-Суу, Урал фронттору түзүлгөн. Казакстанда Совет бийлиги 1917-жылы ноябрь – 1918-жылы март аралыгында орногон. Бирок 1918-жылы жайында түндүк-чыгышы ж-а батышы ак гвардиячылардын колунда калган. Ал аймактар 1919- жылдын 2-жарымында – 1920-жылдын башында М. В. Фрунзе жетектеген Кызыл Армиянын бөлүктөрү тарабынан толук бошотулуп, Казакстандын бүт аймагында Совет бийлиги орногон. РСФСР ББАК ж-а ЭКСтин 1920-жылдын 26-августтагы декрети боюнча РСФСРдин карамагына кирген Кыргыз АССРи (борбору Оренбург) түзүлгөн. Кыргыз АССРинин курамына Акмоло, Семипалатинск, Урал, Торгой облустары, ошондой эле Закаспий облусунун бир бөлүгү ж-а Астрахань губерниясы кирген. 1921–22-жылдарда жүргүзүлгөн жер-суу реформасынын негизинде Россиядан көчүп келген орус дыйкандарынын мурда казактардан тартып алган жерлеринин көбү кайра жергиликтүү элге кайтарылган. 1924–25-жылдарда Орто Азияда улуттук-мамлекеттик бөлүнүү башталып, Жети-Суу ж-а Сыр-Дарыя облусунун түндүк аймактары Кыргыз АССРинин курамына кирген. 1925-жылы апрелде Казак АССРи деп аталып, борбору Оренбургдан Кызыл-Ордо шаарына көчүрүлгөн. 1926–29-жылдарда казак айылдарында «советтештирүү» саясаты жүргүзүлүп, өлкөдө агартуу иши өнүгө баштаган. 1929-жылы Казакстан борбору Алма-Ата шаары болуп калган. 1936-жылы Казак АССРи Казак ССРине айланган. 1941- жылдары индустриялаштыруу мезгилинде Казакстанда 200дөй ири өнөр жай ишканалары (анын ичинде Чымкент коргошун ишканасы, Балкаш жез эритүү заводу, Караганды көмүр базасы, Түрксиб темир жолу ж. б.) курулган. 1937-жылы коллективдештирүү саясатынын жүргүзүлүшү м-н дыйкан чарбасынын 97,5%и колхоздорго кирген. Бирок айыл чарбасындагы социалисттик өзгөрүүлөр дыйкандар м-н малчыларга чоң зыян алып келген. Малдын саны азайып, ачкачылык башталып, казактардын көбү Кыргызстанга, Кытайга ж. б. көчүп кетишкен. Натыйжада 1931–33-жылдарда Казакстандын калкы 1,8 млнго кыскарган. 1920–30-жылдары Казакстанда илим тез өнүгүп, жогорку окуу жайлар, илимий мекемелер ачылган. 1932-жылы СССР ИАнын Казакстандагы базасы уюштурулуп, айрым илимдер боюнча изилдөөлөр жүргүзүлүп, улуттук илимпоздорду даярдаган. Ал база 1938-жылы СССР ИАнын филиалына айланып, Казакстандан көрүнүктүү окумуштуулар чыга баштаган: геолог К. И. Сатпаев, тилчи Н. Т. Сауранбаев, укук таануучу С. В. Юшков, микробиолог И. Г. Галузо, астрофизик Г. А. Тихов, химик А. Б. Бектуров, жазуучу М. Ауэзов, музыкант А. К. Жубанов ж. б. 1945-жылы Казак ССР ИА (туңгуч президенти – К. И. Сатпаев) ачылган. Улуу Ата Мекендик согуш жылдарында Казакстан өлкөнүн күчтүү согуштук арсеналына айланган. Мында эвакуацияланган 140тан ашык ишкана жайгаштырылып, иштей баштаган. Казакстан коло, молибден, коргошун, көмүр, эт, булгаары, жүн ж. б. продукцияларды берүү боюнча союздук респлардын ичинен биринчи орунда турган. Улуу Ата Мекендик согушка Казакстандан 100 миң адам жөнөп, анын ичинде 512 жоокер Советтер Союзунун Баатыры (төртөө эки жолу), 60 миңден ашык жоокер орден ж-а медалдар м-н сыйланган. Согуш жылдарында Казакстанга Волга боюндагы немистер, крым татарлары, ингуштар, балкарлар, карачайлар, калмактар, чечендер (1937–38-жылдарда корейлер, ирандыктар, курддар) депортацияланган. 1957-жылы чечен, ингуш, балкар, карачай ж-а калмактар реабилитацияланып, кайра өз мекендерине кайтууга уруксат берилген. Казакстандын аймагы (Семипалатинск ядролук полигону) ядролук сыноолорду жүргүзүүгө ыңгайлуу болгондуктан, согуштан кийин Борбордук Казакстанда Байкоңур космодрому курулган. 1954-жылы СССР жетекчилигинин дың жерлерди өздөштүрүү жөнүндө кабыл алган чечиминин негизинде 1956-жылы Түндүк Казакстандагы көптөгөн дың жерлер иштетилип, дан өсүмдүктөрү көп түшүм берген, бирок кийин табигый себептерден дың жерлер түшүм бербей, 1960-жылдары жер иштетүү абдан начар абалга келген. 1960–62-, 1964–86-ж. Казакстан КП БКны Д. А. Кунаев жетектеген. 1980-жылдары советтик коомдун терс жактары – бюрократизм, паракорчулук көбөйүп, элдин нааразычылыгына алып келген, ошондой эле казактардын Улуу, Орто, Кичүү жүздөргө бөлүнүшү улуттар аралык мамилени начарлаткан. 1986-жылы кайра куруу саясатынын башталышында улуттар ортосунда тирешүүлөр күч алган. Казакстандын жергиликтүү калкынын кызыкчылыктарын эске албай, Д. А. Кунаевди
Чарбасы. Казакстан – өтмө экономикалык деңгээлдеги өлкөлөрдүн тобуна кирген, чарба жүргүзүүдө рыноктук мамиленин негизинде өнүккөн өлкө. ИДПнин көлөмү 143,4 млрд доллар (2006); аны киши башына бөлүштүргөндө 9,4 доллардан туура келет. Экономикалык өнүгүүсүнүн негизги кыймылдаткыч күчү – отун-энергетикалык ж-а минералдык сырьё ресурстары, ири өнөр жай потенциалы ж-а агрардык өндүрүшү. Нефть казып алуудан ж-а аны экспорттоодон түшкөн киреше бюджеттин негизги булагы болуп саналат. ИДПдеги тейлөө чөйрөсүнүн үлүшү 54,2%, өнөр жайыныкы 31,4%, курулуштуку 7,7%, айыл, токой ж-а балык чарбаларыныкы 6,7%. Мамлекеттик сектордогу ишканалардын ИДПдеги үлүшү 20%. Өнөр жайынын башкы тармагы – тоо-кен казып алуу (2006-жылы өнөр жай продукциясынын жалпы наркынын 60%ке жакынын түзгөн, анын 9/10 унан ашыгы нефть, газ конденсаты). Өнөр жай продукциясынын наркынын 37%и иштеп чыгаруу өнөр жайына, 3%и электр-энергетика, суу ж-а жылуулук м-н камсыз кылууга туура келет. Иштеп чыгаруу өнөр жайынын эң маанилүү тармактары: кара ж-а түстүү металлургия (продукциянын наркынын 39,6%и; 2006), тамак-аш өнөр жайы (25,0%), машина куруу (9,7%), кокс, нефть продуктулары, ядролук материалдар өндүрүштөрү (9,0%). Энергияны пайдалануу структурасында 52%ти көмүр (таш ж-а күрөң көмүр), 25%ти табигый газ, 19%и нефть, 4%ти суу энергиясы түзөт. 2006-жылы 64,8 млн т нефть ж-а газ конденсаты өндүрүлгөн. Нефть негизинен республиканын батыш бөлүгүнөн (Маңгыстоо, Атрау, Батыш Казакстан, Ак- Төбө облустары), ошондой эле түштүктө – Кызыл-Ордо облусунан казылып алынат. Казылып алынган нефтинин 90%ке жакыны экспорттолот. Экспорттолчу нефтинин 3/4 ү нефть куурлары аркылуу ташылат; анын 43%и Атрау – Новороссийск (узундугу 1510 км), 27%и Атрау – Самара нефть куурларына туура келет. Ата-Суу (Караганды облусу) – Алашанькоу (Кытай) нефть куурунун экспорттук мааниси жогорулоодо. Экспорттук нефтинин 17%ке жакыны Атырау, Ак-Тоо деңиз порттору ж-а Курык бухтасындагы (Маңгыстоо облусу) терминал аркылуу жөнөтүлөт. Нефть ошондой эле темир жол транспорту аркылуу да (негизинен Кытайга) ташылат. Казак нефтисин негизинен – Европа өлкөлөрү алат. 2006-жылы 12 млн тга жакын нефть ылганган. Үч нефть ылгоочу заводу (Атрау, Павлодар, Чымкент шаарларында) иштейт; жылына 2,5 млн т бензин, 3,7 млн т дизель майын, 3,5 млн т мазут чыгарат.
Өлкө 2006-жылы 27 млрд м3 газ өндүргөн. Казакстан табигый газ боюнча нетто-импортер, ал газга болгон муктаждыгынын ¼ бөлүгүн Россия, Өзбекстан ж-а Түркмөнстандан алат. Газдын ½и Батыш Казакстандан казылып алынат; табигый ж-а нефть м-н кошо алынган күйүүчү газ ошондой эле Атырау, Маңгыстоо, Ак-Төбө облустарынан өндүрүлөт. Жылдык жалпы кубаттуулугу 8 млрд м3 болгон нефть ылгоочу 4 завод иштейт; алар Жаңы-Өзөн, Тенгиз, Жаңы-Жол, Карачаганак шаарларында жайгашкан. Өткөрүмдүүлүгү жылына 150 млрд м3 болгон магистралдык газ куурлар системасы, жер алдындагы газ сактоочу 3 жай (жалпы сыйымдуулугу 4 млрд м3) иштейт. Казакстандын аймагы аркылуу Өзбекстандан, Россиядан транзиттик магистралдык газ куурлары (Орто Азия – Борбор ж-а Бухара – Урал) өтөт. 2007-жылы Россиянын, Казакстандын ж-а Түркмөнстандын өкмөттөрү

тарабынан түзүлгөн келишим боюнча Түркмөнстандын газы Казакстандын аймагы аркылуу Россияга ж-а Европа өлкөлөрүнө берилмекчи. 2006-жылы 94,3 млн т көмүр казылып алынып, 23–24 млн т экспорттолгон (негизинен Россияга). Казылып жаткан негизги кендери: Караганды, Экибастуз көмүр бассейндери, Шубаркол, Борлы (Караганды облустарында), Каражыра (Чыгыш Казакстан облусунда) таш көмүр кендери; күрөң көмүр Павлодар облусундагы Майкүбө бассейнинен казылып алынат. Жалпы казылып алынган көмүрдүн 2/3 си Павлодар, 1/3 и Караганды облустарына туура келет. Электр станциялардын аныкталган кубаттуулугу 18,3 миң МВт (2006). 2006-ж 71,7 млрд кВт·саат электр энергиясы өндүрүлгөн; анын 85%и ЖЭСке таандык. Ири ЖЭСтери: Экибастуз 1
Ред. Текст жок
(был (

жалда байытылат), хром (3,6 млн т; Ак-Төбө облусу), марганец (2,2 млн т; Караганды облусу) кенташтары казылып алынат. 2005-жылы 3,6 млн т чоюн, 4,6 млн т болот, 3,3 млн т кара металл прокаты, 1,5 млн т темир куймасы өндүрүлгөн. Түстүү металлургия – өлкөнүн экономикасынын маанилүү экспорттук тармагы. 2005-жылы 34 млн т жез кенташы казылып алынган, 418 миң т чакмакталган жез өндүрүлгөн. 2005-жылы 6,6 млн т коргошун-цинк кенташы казылып алынып, 135,4 миң т коргошун, 357,1 миң т цинк өндүрүлгөн. Коргошун ж-а цинк кендеринен ошондой эле 20дан ашык түрдүү компоненттер, анын ичинде алтын, күмүш, жез, сымап, кадмий, сейрек металлдар (теллур ж. б.) бөлүп алынат. 2005-жылы 9,8 миң т алтын (өлкөнүн түндүгү м-н түштүгүндөгү алтын кендерин кошкондо), 812,1 миң т күмүш (негизинен полиметалл ж-а жез кенташтарын кайра иштетүүдөн) байытылып алынган. 4,8 млн т боксит казылып алынган (2005); Павлодар алюминий заводунда глинозём өндүрүлөт. Казакстанда титан рудасынын запасы мол (2006-жылы 25 миң т титан концентраты өндүрүлгөн). Уран рудасын казып алуу боюнча (2007-жылы 6637 т ) Казакстан Канада ж-а Австралиядан кийинки 3-орунда.
Машина куруу өнөр жайы ички рынокко ылайыкташкан. Алардын көбү чет өлкөлүк ишканалар м-н шериктеш иштейт. Машина куруунун башкы тармактарынын бири – нефть-газ өнөр жайы үчүн жабдууларды ж-а куур транспортун чыгарууга ылайыкташкан. Заводдору: «Казнефтегазмаш» (Петропавловск), арматура (Усть-Каменогорск), металл-прокат (Атырау), айнек-була, «Каскор Машзавод» (Ак-Тоо), насос-компрессор трубасы (Жаңы-Өзөн), нефть-газ жабдуулары (Уральск, Алматы, Ак-Төбө), оор машиналарын куруу (Семипалатинск, Алматы). «Азия-Авто» заводу (Усть-Каменогорск) «ВАЗ», «Skoda», «Chevrolet» жеңил автомобилдерин чогултат; Семипалатинск автомобиль жыйноочу заводу кореялык «Daewoo» ж-а россиялык «ПАЗ» автобустарын чыгарат. Астана ж-а Алматы шаарларында вагон ремонттоочу ж-а жыйноочу заводдору иштейт; локомотив куруучу завод курулууда (2008). «Беларусь» тракторун жыйноочу (Павлодарда), дизелдик кыймылдаткыч ж-а айыл чарба машиналарын чыгаруучу, эгин жыйнагыч «Енисей» комбайнын чогултуучу заводдор (Костанай) иштейт. Электр-техникалык ж-а электрондук ө. ж. телевизор, кир жуугуч машина, конденсатор, аккумулятор батереясын, трансформатор, прибор куруу з-ддору – рентгенаппаратура (Ак-Төбө), көзөмөлдөп-ченөөчү приборлор (Көкчө-Тоо) чыгарат. Курулуш техникалары (кран, грейфер; Павлодар), подшипник (Ак-Моло обл.) даярдайт. Химия ө. ж-нан Тараз ш-ндагы ири «Казфосфат» з-ду Кара-Тоо,
Чилисай фосфорит кендерин пайдаланып, фосфор жер семирткичин чыгарат. 2007-ж. 4,6 млн т цемент даярдалган. Жеңил ө. ж. продукциясы 1991–2005-ж. 15 эсеге кыскарган; кездеме чыгаруу (2005-ж. 35,5 млн м3) 1980-жылдарга салыштырмалуу 8 эсе, бут кийим 28 эсе азайган. Түш. Казакстан обл-нда пахта тазалоочу з-ддор иштейт. Ийрилген жип ж-а кездеме чыгаруучу башкы компаниялар: «Нимэкс» (негизги ишканасы – Усть-Каменогорск текстиль ф-касы),
«Resmi» (Алматы кебез кездеме комбинаты).
Семипалатинск, Петропавловск, Тараз, Рудный ш-нда тери ж-а жүн иштетилет. Кийим тигүүчү ж-а булгаары (Алматы), бут кийим чыгаруучу (Костанай ж. б.) ишканалар иштейт.
А. ч. өндүрүшү К-дын азык-түлүккө болгон
муктаждыгынын 80%ин камсыз кылат. А. ч-га жарактуу жеринин аянты 222,6 млн га, анын 11,4 млн гасы же өлкөнүн аянтынын 42%тен ашыгы пайдаланылат (2007). Айдоо жеринин аянты 24 млн га (1991-ж. 35,3 млн га болгон),
чөп чабындыс ы 5 млн га , таб и гый тою т
өсүмдүктүү аймагы 86 млн га чамасында (2007). Сугат жеринин аянты 2,6 млн га (2006). Жерди пайдалануу структурасында а. ч. ишканалары (мурдагы колхоз, совхоздор) басымдуу, алардын
үлүшүнө а. ч-нда пайдаланылган жердин 1/ инен ашыгы, дыйкан (фермер) чарбаларына 1/ и туура келет. Элдин жеке менчик көмөкчү чарбаларындагы жердин аянты салыштырмалуу туруктуу, 0,3%тен азыраак же 308 миң га (2007). Агр. продукциянын 1/ и жеке менчик көмөкчү чарбаларда өндүрүлөт. Эгин өстүрүүчүлүктүн башкы тармагы – дан чарбасы (айдоо аянты 18,0 млн га). 2007-ж. 20,1 млн т дан жыйналган,

аны киши башына бөлүштүргөндө 1300 кгдан ашык туура келет. Дан эгиндеринин басымдуу бөлүгү өлкөнүн түн. бөлүгүндө (Акмоло, Костанай, Түн. К. обл-нда). Негизги дан эгини – жаздык буудай. Бардык жеринде арпа, өлкөнүн түш. бөлүгүндө күздүк буудай ж-а жүгөрү, чыгышында сулу, кара буудай, түндүгүндө ж-а чыгышында кара күрүч өстүрүлөт. Кызыл-Ордо, Алматы обл-нда күрүч эгилет. К. дан экспорттоо б-ча дүйнөдө алдыңкы орундардын бирин ээлейт; жыл сайын түшүмдүн 1/ и (дан ж-а анын продукциялары) чет өлкөлөргө (1/ и КМШ, калганы Европа, Азия өлкөлөрүнө) жөнөтүлөт. Тех. өсүмдүктөрдөн пахта (Түш. К. обл-нда; 2007-ж. 455 миң т жыйналган), кант кызылча (Алматы, Жамбыл обл-нда; 400 миң т), күн карама (Чыгыш Казакстан ж. б. облустарда; 280 миң т), о. эле рапс, соя, картөшкө, жашылча, бакча, мөмө-жемиш бактары, тоют өсүмдүктөрү өстүрүлөт. 2007-ж. 5,9 млн кара мал, 1,4 млн чочко, 16,2 млн кой-эчки, 1,3 млн жылкы, 145 миң төө (негизинен жарым чөлдүү аймактарда) асыралат. Алтай тоолорунун этектеринде марал чарбасы, аарычылык, түштүгүндө жибекчилик өнүккөн. Тейлөө чөйрөсү – экономиканын тез өнүгүп жаткан сектору. Анын маанилүү тармактары: дүң ж-а чекене соода, социалдык чөйрөдөгү тейлөө (билим берүү ж-а саламаттыкты сактоо кошо), мамл. башкаруу, кыймылсыз мүлккө байланыштуу (турак жай-коммуналык жактан тейлөө кошо) тейлөө, рекреациялык жактан тейлөө. Банк-кредиттик система ж-а камсыздандыруу чөйрөсүн тейлөө, информ. инфраструктура, телекоммуникация ж-а байланыш чөйрөлөрү
өнүгүүдө.
Т. ж-нун жалпы уз. 13,7 миң км, анын 3,7 миң кмден ашыгы электрлештирилген (2006). Меридиан багытындагы негизги т. ж-дору: Оренбург – Ташкен, Петропавловск – Караганды –
Чу, Семипалатинск – Алматы; субкеңдик багытында созулган магистралдары: Транссибирь (Петропавловск аркылуу), Ортоңку Сибирь (Челябинск – Костанай – Көкчө-Тоо – Карасук), Түш. Сибирь (Карталы – Астана – Кулунду – Барнаул), Түш. К. (Алматы – Чу – Луговой – Тараз – Чымкент – Арыс). Достук – Алашанькоу (Кытай). Кытайды Закавказье өлкөлөрү ж-а Түркия м-н (Каспийде паром аркылуу) байланыштырган Трансказакстан т. ж. магистралы курулууда (2008). Автомобиль жолунун уз. 90,0 миң км
(2004); анын жыштыгы: 1000 км2 жерге 33 км жол туура келет. Куур транспортунун мааниси өсүүдө. Магистралдык куурлардын жалпы уз. 23,1 миң км (2006); а. и. газ куурунуку 11,0 миң км, нефть куурунуку 10,3 миң км, продукт куурунуку 1,1 миң км, газ конденсатын ташуучу куурунуку 658 км. Нефтини Каспий деңизи аркылуу ташуу үчүн атайын кеме флоту түзүлгөн. Ак-Тоо – Баку (Азербайжан),

Ак-Тоо – Оля (Россия) паромдук байланышы бар. Иртыш, Урал, Сыр-Дарыя аркылуу кеме каттайт. Башкы дарыя порттору: Усть-Каменогорск, Павлодар, Семипалатинск. К-да жалпы 67 аэропорт бар. Негизги эл аралык аэропорттору Алматы, Астана, Ак-Тоо, Ак-Төбө ш-нда жайгашкан. Байкоңур ш-на жакын самолёттун бардык түрүн кабыл алууга ыңгайлуу «Юбилейный» аэропорту жайгашкан (Байкоңур космодромун тейлейт).
Сырткы соодасынын көлөмү 62,9 млрд доллар (2006), а. и. экспорту 38,8 млрд доллар, импорту 24,1 млрд доллар. Экспорт наркынын 70%тен ашыгы нефтиге, кара металл прокатына, жезге, темир куймаларына ж-а дан эгинине (60%инефтиге)тууракелет.К.товарларын(экспорт наркы % м-н) негизинен Германияга (12,4), Россияга (11,6), Кытайга (11,0), Италияга (10,5),
Францияга (7,5), Румынияга (5,0) сатат. Маанилүү импорттук товарлары: машина куруу ө. жнын продукциялары (машина ж-а жабдуулар, автомобиль, тиричилик техникасы ж. б.), болот трубалары, химикаттар, жаратылыш газы ж. б. К. бул товарларды негизинен Россиядан (36,4%), Кытайдан (19,3%), Германиядан (7,4%) сатып алат.
Маданияты
Казакстандын б и л и м б е р ү ү мекемелерине Илим жана билим берүү министрлиги жетекчилик кылат. Билим берүү «Билим берүү жөнүндөгү» мыйзам (2007) менен жөнгө салынат. Казакстандын билим берүү системасы мектепке чейинки тарбия жана билим берүү, баштапкы, негизги орто, толук орто (жалпы орто, техникалык жана кесиптик), ортодон кийинки, жогорку, жогорку окуу жайлардан кийинки билим берүүнү камтыйт. Мектепке чейинки мекемелерде (ясли, бала бакча, мини-борборлор жана башкалар) 1ден 5 жашка чейинки балдар тарбияланат. Жалпы орто билим берүү (мектеп, гимназия, лицей, тармактык мектептер) 6 жаштан башталып, үч баскычтан турат: башталгыч (4 жыл), негизги орто (5–10-класс), толук орто (10–12-класс) билим берүү. Техникалык жана кесиптик билим берүү (кесиптик лицей, орто окуу жай, коллеж жана жогорку техникалык мектептерде) негизги жана толук орто мектептин базасында ишке ашат, окуу мөөнөтү – 2–3 жыл. Кесиптик орто билим деңгээлинде (коллежге) толук орто мектептин базасында кабыл алынып, бүткөндөн кийин кыскартылган программа боюнча жогорку билимге ээ боло алат, окуу мөөнөтү – 1–2 жыл. Казакстанда 176 жогорку окуу жайлары (университет, академия, институт, ошондой эле консерватория, жогорку мектеп, орто окуу жайлар) бар, анда 770 миңдей студент билим алат (2007). Белгилүү окуу жайлары: Алматыдагы Абай атындагы Казак улуттук педагогикалык университети (1928), С. Д. Асфендияров атындагы Казак улуттук медициналык университети (1931), аль- Фараби атындагы Казак улуттук университети (1934), Курмангазы атындагы Казак улуттук консерваториясы (1944), Л. Н. Гумилёв атындагы Евразия улуттук университети (1996), Е. А. Букетов атындагы Караганды мамлекеттик университети (1938) жана башкалар. Башкы илимий борбору – Казакстан улуттук илимдер академиясы (1946). 40тан ашуун илимий-изилдөө институттарын камтыйт. Ил. изилдөөнү ошондой эле Курчатовдогу улуттук ядролук борбор (1992), Алматыдагы Ы. Алтынсарин атындагы Билим берүү академиясы (1998) жана башкалар жүргүзөт. Казакстанда 3,7 миң китепкана жана 150дөй музей иштейт.
Казакстанда 1,8 миңден ашык басма жана электрондук массалык-маалымат каражаттары иштейт (2007). Эң көп нускалуу гезиттерге: «Егемендүү Казакстан» (1919), «Казакстан правдасы» (1920), «Панорама», «Деловая неделя» жана башкалар, көп тираждуу журналдарга «Континент», «Мир Евразии» жана башкалар кирет. Массалык-маалымат каражаттарынын көбү мамлекетке карайт. Казакстанда радио уктуруулар 1923-жылдан иштейт. XXI кылымдын башында борбордук жана региондук 80ден ашык радиостанция иш алып барган. Радио уктуруулар казак, орус, немис, корей жана уйгур тилдеринде жүзөгө ашат. 1958-жылдан телекөрсөтүүлөр иштеп, казак жана орус тилдеринде жүргүзүлөт. 1996-жылдан Казакстанда жаңы типтеги спутник байланыш станциясы курулган. 2006-жылы 18 телекөрсөтүү станциясы иштеген. Негизги телерадио компаниясы – «Хабар» (1995-жылдан), ошондой эле «Рахат ТВ», «Казахстан» жана башкалар. Мамлекеттик маалымат агенттиги – Казак маалымат агенттиги (КАЗИНФОРМ, 1920-жылы негизделген).

Казакстандын а д а б и я т ы казак жана орус тилинде өнүккөн. Казак эли байыртадан оозеки-поэзиялык чыгармаларга бай. Алгачкы жазма чыгармасы Кадырали-бий Жалаирдин казак хандарынын генеологиясы жөнүндө жазган «Жылнаамалар жыйнагы» (XVII кылымдын башы). Азыркы казак адабияты XIX кылымда калыптана баштаган. Бул учурда элдик поэзия оозекиден жазуу түрүнө өткөн (Д. Бабатайулы). 1870-жылы казак тилинде алгачкы гезит, 1911-жылы «Айкап» журналы жарык көргөн. 1912-жылы Семипалатинскиде алгачкы басмакана пайда болуп, казак тилинде китептер чыккан. Жаңы казак адабияты көптөгөн жанрларды, котормолорду жараткан Абай Кунанбаевдин чыгармачылыгынан башталат. XX кылымдын 1-жарымында казак совет адабиятын баштоочулар: А. Байтурсынов, Ш. Кудайбердиев, М. Жумабаев, Ж. Аймаутов, С. Сейфуллин, Б. Майлин, фольклордук салтты улантуучу, акын Жамбыл Жабаев жана башкалар. 1920–1930-жылдары драматургия, прозалык жанрлар – повесттер, романдар жана башкалар өнүккөн. 1950–1960-жылдарда Улуу Ата Мекендик согуш, XX кылымдагы тарыхый окуялар жөнүндө чыгармалар (Б. Момуш уулу, «Бир түндүн тарыхы», 1954; «Аркабызда Москва», 1959; Г. Мусрепов, «Казакстандык солдат», 1949; А. Нурпеисов, «Кан жана тер», 1961–1970) жазылган. Совет казак адабиятынын туу чокусу М. Ауэзовдун чыгармачылыгы болду («Абай жолу» роман-эпопеясы, 1–4-бөлүк, 1942–1956, повесттери). С. Муканов, А. Алимжанов, О. Сүлейменов, М. Шаханов, К. Мухамеджанов жана башка акын-жазуучулар казак адабиятынын өнүгүшүнө зор салым кошушту.
Казакстан аймагындагы бизге чейин жеткен петроглифтер, карапа, коло жасалгалары жана башка неолит жана коло дооруна таандык. Каргалы кенинен (биздин заманга чейинки II–биздин замандын II кылымы) табылган усундарга тиешелүү алтын таажы «айбанат стилинде» жасалган. Түрк, түргөш, карлук кагандыктарынын тушунда (VIII–X кылымдар) Казакстан аймагында Исфижаб (XI кылымдан Сайрам), Тараз, Отрар шаарлары өнүгүп,

Түркстан шаарындагы Х. А. Ясави мавзолей комплекси (XIV кылым) чептер, шаарчалар курулган. Караханиддердин мезгилинде Түштүк Казакстанда шаарлар көбөйгөн. Ислам дининин жайылышы менен мечиттер, кербен сарайлар, медреселер салынган (Бабажы катын, X–XI кылымдар, Айшабүбү, XI–XII кылымдар, Байтак, XIII кылымдын 1-жарымы). Моңгол жортуулдарынан көптөгөн шаарлар кыйраган. XIII кылымдын 2-жарымынан жаңы шаарлар (1370-жылы Ак Ордонун борбору – Сыгнак, Тараз, Сайрам) өсө баштаган. Экономикасы жана маданияты көтөрүлүп, монументтик курулуштар (азыр Карагандыдагы Алаша хандын комплекстүү музейинин имараты) тургузулган. XIV кылымдын аягында Ясы шаарында (азыркы Түркстан шаары) Хожа Ахмед Яссавинин күмбөз комплекси салынган.

1920-жылдары жаңы үлгүдөгү архитектуралык курулуштар, (Кызыл-Ордо, Чымкент, Караганды, Алматы жана башка шаарлар) пайда болгон. 1990-жылдары Казакстанда учурдун талабына ылайык шаардык курулуштар жаңыланып, азыркы архитектуранын эң сонун үлгүлөрү [Казакстандын жаңы борбору – Астана (япон архитектору К. Курокаванын генералдык планы боюнча), жаңы монументтер Алматыдагы «Көз каранды эместик» (1996, архитектор Ш. Валиханов), Астанадагы «Астана–Байтерек» (2002, долбоордун идеясы Н. Назарбаевдики), «Элдердин достугу» (2003, айкелчи С. Нарынов)] пайда болду. XIX кылымда орус сүрөтчүлөрү В. В. Верещагин. Т. Г. Шевченко, Н. Г. Хлудовдун, ошондой эле Ч. Валихановдун казак элинин турмушун чагылдырып тарткан сүрөттөрү белгилүү болгон. Совет доорунда көркөм сүрөт өнөрү негизинен живопись (Х. Хожиков, С. И. Калмыков, А. Кастеев, У. Ажиев, А. Жусупов жана башкалар), графика (Г. А. Брылов, И. И. Савельев жана башкалар), айкел (А. А. Исаев, Я. К. Кусич, Х. Наурзбаев жана башкалар) ийгиликтүү
өнүккөн.
Казакстан музыкалык маданияты казак, орус, өзбек, украин жана башка элдердин салттарын бириктирген. Калк арасында акындардын айтыштары бөтөнчө кадыр-баркка ээ. Казакта лирикалык обондуу ырлар, ошондой эле күүлөр өзгөчө өнүккөн. Элдик аспаптары: домбура, кобыз (кыяк), сыбызгы, добулбас, XIX кылымдын аягынан сурнай таркаган. Казак оозеки музыкалык өнөрүнө Абай Кунанбаев, Мухит Мералиев, Биржан Кожагулов, Курмангазы Сагырбаев, Дина Нурпеисова жана башкалар чоң салым кошкон. XX кылымдын 20-жылдарында казактын улуттук музыкалык маданияты жаңыча өнүгүү жолуна түштү. Ал өзүнүн калыптануу жана өсүү жолунда элдик музыканын салттарына, орус жана чет өлкөлөрдүн классикасына, музыкалык тажрыйбаларга таянды. Казак музыкасын изилдөө колго алынып, биринчи жолу А. В. Затаевич казак эл ырлар жыйнагын түздү. 1934-жылы Казак эл аспаптар мамлекеттик оркестри, 1935-жылы Жамбул атындагы Казакстан мамлекеттик филармониясы уюшулган. 1933-жылы Алматыда Уйгур музыкалык комедия театры, 1934-жылы Казак музыкалык театры (1937-жылдан

Казакстан опера жана балет театры) негизделген. 1934-жылы казактын туңгуч операсы «Кыз-Жибек», 1935-жылы «Жалбыр», 1936-жылы «Ер-Таргын» опералары (үчөө тең Е. Г. Брусиловскийдики) көрүүчүлөргө тартууланган. В. В. Великановдун «Калкаман жана Мамыр» (1938), И. Надировдун «Жаз» (1940) аттуу алгачкы улуттук балеттери пайда болгон. 1939-жылы Казак ССР композиторлор союзу уюшулган. Согуш жылдарында жазылган А. Жубанов жана Л. Хамидинин «Абай» операсы, Е. Брусиловскийдин «Алтын талаа» 3-симфониясы менен казак музыкасынын жаңы этабы башталган. 1944-жылы Алматыда казак консерваториясы (1963–1972-жылдар Курмангазы атындагы Искусство институту), 1945-жылы Казак ССР Илимдер академиясында искусство таануу сектору ачылган. Согуштан кийин Е. Брусиловскийдин «Амангелди», М. Төлөбаевдин «Биржан менен Сара», К. Кожомияровдун «Назугум» опералары жана «Чынтемир» балети жана башкалар жазылган. В. А. Великановдун «Казак симфониясы», М. Төлөбаевдин «Казакстан» поэмасы, Г. Жубанованын «Жигер» симфониясы жана башка белгилүү симфониялык чыгармалар жазылган. Эл аспаптар оркестри үчүн жоон топ музыкалык чыгармалар жазылган. Казакстан музыкалык маданиятында кантата-ораториялык жанр жакшы өнүккөн. Калк арасында Ш. Калдаяков, А. Еспаев, Н. Тилендиевдин ырлары зор сүймөнчүлүккө ээ. Казак музыкасын өнүктүрүүдө Е. Г. Брусиловский, В. В. Великанов, С. И. Шабельский, музыка изилдөөчү-этнограф А. В. Затаевич, Д. Д. Мацуцин, дирижёрлор Г. А. Столяров, В. И. Пирадов жана башка композиторлордун тийгизген таасири чоң. Казак музыка өнөрүнүн көрүнүктүү өкүлдөрү: ырчылар – Р. жана М. Абдуллиндер, Р. Багланова, Р. Жаманова, Е. Серкебаев, Б. Төлөгөнова, А. Днишев; пианисттер – К. Жантилеуов, Р. Омаров; дирижёрлор – Г. Догашев, Ш. Кажыгалиев; музыка таануучулар – А. Жубанова, А. Мухамбетова жана башкалар. Казакстан эгемендүүлүк алгандан кийин «Ак-Орда», «Мурагер», «Форманта-Кюй» ансамблдери, Курмангазы атындагы «Отрар сазы» оркестрлери салттуу музыканы өнүктүрүүдө. Анын спектаклдеринде биринчи жолу К. Байсеитова, К. Жандарбеков, М. Ержанов жана башкалар ойношкон. 1998-ж. Алматыда бийчилердин «Самрук» театр-студиясы, 2000-ж. Астанада К. Байсеитова атн. Улуттук опера ж-а балет театры түзүлгөн. Бий өнөрүнүн өнүгүшүнө М. Арцибашева, Д. Абиров, Б. Аюханов, М. Ф. Моисеев, З. Райбаев, Р. Байсеитова жана башкалар чоң салым кошкон. XIX кылымдын ортосунда Акмолодо (азыркы Астана) т е а т р ышкыбоздору койгон оюндар көрүүчүлөргө тартууланган. 1899-жылы театр имараты салынып, П. С. Фёдоровдун «Коломтодогу жарык» пьесасы коюлган. Кызыл-Ордодо алгачкы казак театры 1926-жылы 13-январда М. Ауэзовдун «Енлик-Кебек» спектакли менен ачылган. 1928-жылдан бул театр Алматыда иштеп, 1961- жылдан М. Ауэзов атындагы Казак драма театры деп аталган. Учурда Казакстанда орус, уйгур, немис, корей жана башка театрлары, облустук борборлордо жана шаарларда казак музыкалык-драмалык, куурчак жана башка театрлар бар. 1925-жылы Казакстанда «Казак Автономиялык Советтик Социалисттик Республикасынын беш жылдыгы» (оператор Я. М. Толчан) даректүү тасма, 1939-жылы алгачкы көркөм тасма – «Амангелди» (режиссёр М. С. Левин) тартылган. Казак кино өнөрүнүн белгилүү чыгармалары: «Жамбул» (1953), «Сүйүү жөнүндө поэма» (1954), «Чокон Валиханов» (1958), «Алдар көсөө» (1965), «Аркабызда Москва» (1967), «Транссибирь экспресси» (1978), «Кыз Жибек» (1972), «Кайрат» (1991), «Абай» (1995), «Үч бир тууган» (2000) жана башкалар. Кино өнөрүн өнүктүрүүдө Ш. Айманов, Э. Уразбаев, А. Нугманов, О. Абишев, М. Беркович, М. Сагымбаев, И. Тынышбаев жана башка режиссёрлордун эмгеги зор. 1984-жылы «Казакфильм» киностудиясына Ш. К. Аймановдун ысмы ыйгарылган. Казак киночулары менен кыргыз киночуларынын чыгармачылык кызматташтыгы ар тараптуу. Н. Жантурин, Н. Аринбасарова жана башка казак артисттери кыргыз тасмаларын жаратууга катышкан. Казак жазуучусу М. Ауэзовдун чыгармаларын кыргыз режиссёрлору Б. Шамшиев, («Караш-Караш», 1968, «Кыргызфильм»), Т. Океев («Көк серек», 1973, «Казакфильм» жана башкалар) экрандаштырган.
Казакстанда элдик куудул-акындар, балбандар, акробаттар болгон. XX кылымдын башында балбан Х. Муңайтбасов менен акробатчы Ш. Кошкарбаевдин өнөрлөрү элдин купулуна толгон. 1919-жылы Верныйда (1921-жылдан Алма-Ата) А. И. Сосин жетектеген цирк коллективи өнөрлөрүн көрүүчүлөргө тартуулаган. 1970-жылы Казак цирк коллективи түзүлүп, Алматыда (1972), Карагандыда (1983), Астанада (2005) жаңы цирктер ачылган. Казакстандын белгилүү цирк өнөрпоздору: Ш. Алиев, К. Кунгужинов, К. Чалабаев, гимнасттар Досбатыровдор, клоундор Е. жана М. Жумагалиевдер жана башкалар.
Ад.: Сарынова Л. П. Балетное искусство Казахстана. А.-А., 1976; Кабдиева С. Д. Фольклорные традиции в казахском театре. А.-А., 1986; Шалабаева Б. Зарождение и становление казахского романа. А.-А., 1990 (на казах. яз.); Изобразительное искусство советского Казахстана. А.-А., 1990; Физическая география Казакстана. Алматы, 1998; Республика Казахстан: Энциклопедический справочник. Алматы, 2001; Водные ресурсы Казакстана в новом тысячелетии. Алматы, 2001; Джумакова У. Новые аспекты изучения казахской музыки ХХ в. в контексте независимости Республики // Духовное развитие общества: музыка и наука. Алматы, 2002; Белый А., Валиханов А. Тематический обзор: наименование климата. Астана, 2005; Ландшафтное и биологическое разнообразие в Республике Казахстан. Алматы, 2005; Назарбаев Н. А. Казахстан на пути ускоренной экономической, социальной и политической модернизации. Алматы, 2005; Артыкбаев Ж. О. История Казахстана. Костанай, 2006; Национальный атлас Республики Казахстан. Т. 1. Алматы, 2006; Чигаркин А. В. Геоэкология Казахстана (географические аспекты природопользования и охраны природы). Алматы, 2006; Досымбаева А. М. Западный тюркский каганат: культурное наследие казахских степей. Алматы, 2 0 06 ; На ц ион а льн ы й доклад о состоянии окружающей среды в Республике К а з а к с т ан в 2 0 06 г од у . Алм ат ы , 2007; Досымбаева А. М. Культурный комплекс тюркс ких кочевников Жетысу II в. до н. э. – V в. н. э. Алматы, 2007; Байпаков К. М. Древние г ород а К а з ах с т ан а . Алматы, 2007; Шарипова Г. А. Интертекстуальное пространство литературы: (диалоги русской литературы XIX – начала XX вв. и казахской литературы XX в.). Астана, 2007.