КАЗ СЫМАЛДАР

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
10:53, 25 Сентябрь (Аяк оона) 2025 карата Dilde (талкуу | салымы) тарабынан жасалган версия
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

КАЗ СЫМАЛДАР (Аnzeriformes) – сууда сүзүүчү куштар түркүмү. Бутунун, булчуңдарынын, таң­дай, колко, тамак сиңирүү мүчөлөрүнүн ж. б. тү­зүлүшүнө карата 2 түркүмчөнү (паламедея ж-а каздар) бириктирет. Алар сырткы түзүлүшү ж-а биологиясы боюнча ар түрдүү. Паламедеялар түркүм­чөсүнүн өкүлдөрү – байыркы ж-а өтө жөнөкөй куштар. Каз сымалдардын өрдөктөр тукумунун түрлөрү жер бетинде кеңири таралган. Кыргызстанда 26 түрү (чумкугучтар, кадимки өрдөктөр, арам өрдөк, каздар ж. б.) бар. Сууда жакшы сүзөт, жерге, бак-дарак, аска, жарлардын коңулдарына, ийинге уялап, 20га чейин жумуртка тууйт. Көпчүлүгү тропик, субтропик ж. б. жылуу жак­тарга барып кыштайт.