ДЕ ГУЕ

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
03:34, 2 Октябрь (Тогуздун айы) 2025 карата Турганбаев Элебай (талкуу | салымы) тарабынан жасалган версия
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

ДЕ ГУЕ Михаэл Йан [нидерланд тилинде Michael Jan de Goeje (13. 08. 1836, Нидерландия, Фрисландия округу, Дронрейп кыштагы – 16. 04. 1909, Лейден шаары)] – чыгыш таануу, ислам тарыхы жана араб тили боюнча белгилүү адис. 1854-жылы Лейден университетине кирип, 1858-жылы магистратураны аяктаган жана 1859-жылы экстраординардуу негиз менен докторлук наамга ээ болгон. 1866-жылдан Лейден университетинин профессору, 1881–1882-жылдары ошол жерде ректор, 1886-жылдан Петербург Илимдер академиясынын мүчө-корреспонденти. 1863–1866-жылдары ал-Балазуринин эмгегине (Liber expugnationis regionum. Pt 1–2. Lugduni Batavorum) талдоо жүргүзүп, басып чыгарган. Андан тышкары орто кылымдардагы араб тилдүү Истахри, ибн Хаукал, ал-Мукаддаси, ибн Хордадбех, ибн Руста ж.б. сыяктуу географ-тарыхчылардын эмгектерин которуп, изилдеп, анализ жасап жана басып чыгарууга зор салым кошкон. Анын көп жылдык (1872–1901) белгилүү эмгектеринин бири «Табаринин анналдары» (Annales quos scripsit Abu Djafar Mohammed Ibn Djarir At-Tabari) болуп саналат. Анын котормо-талдоолорунда орто кылымдагы түрк уруулары тууралуу баалуу маалыматтар бар, ошондой эле Орто Азия анын ичинде азыркы Кыргызстандын аймагында жолуккан айрым географиялык аталыштарды тактоого көмөк берет.

Ад.: Крачковский И. Ю. Избр. соч. Т. 4, М.–Л., 1957; Аристов Н. А. Усуни и кыргызы или кара-кыргызы: Очерки истории и быта населения западного Тянь-Шаня и исследования по его исторической географии. Б., 2001.