КАРБОНАТИТ КЕНДЕРИ

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
07:04, 30 Сентябрь (Аяк оона) 2025 карата vol4>KadyrM тарабынан жасалган версия
(айырма) ← Мурунку нускасы | Соңку нускасы (айырма) | Жаңыраак нускасы → (айырма)
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

КАРБОНАТИ́Т КЕНДЕРИ – ультранегиздүү, жегичтүү тектер м-н байланышкан кендердин тобу. Сейрек кездешүүчү элементтердин (ниобий, тантал, цезий ж. б.) ж-а кенташ эмес сырьёлор­дун (апатит, флогопит, вермукулит) өнөр жай кен­дери. Негизинен 6 кенташтуу тоо формациясы­на бөлүнөт: 1) перовскит-титан-магнетиттүү ги­пербазиттердин арасында линза, тарам, зона тү­рүндө орун алган формация. Мындан темир, титан, тантал, ниобий ж-а сейрек кездешүүчү элементтер өндүрүлөт; 2) уртит-ийолиттердеги алюминий өндүрүлүүчү нефелиндүү тектер. Түспөлсүз же тарам түрүндө кездешет; 3) апа­тит-магнетит-форстериттүү тектер. Шток, шток­верк түрүндө орун алат. Темир, фосфор, тантал, ниобий, цирконий, уран алынат; 4) флогопиттүү скарндар. Линза, тарам, зона түрүндө жолугат. Флогопит, вермикулит, фосфор өндүрүлөт; 5) гат­четтолит-пирохлор-кальциттүү карбонаттар. Зо­на, штокверк, түтүнчө түрдө кездешет. Арасын­да ниобийдин ири кени орун алат. Тантал, фос­фор, уран, торий, цирконий кендери топтолот; 6) колумбит-бастенизит-анкерит карбонаттары.


Салаа, штокверк, тарам пайда кылат. Ниобий, цезий, торий, молибден, жез кендери өндүрүлөт. Ири кендери Африкада (фосфор, ниобий, тан­тал), Канада м-н Бразилияда (ниобий), Сибирь м-н Казакстанда (флогопит, вермикулит, темир) ж. б. жерлерде жолугат.


Ад.: Кузнецов В. Г. Природные резервуары неф­ти и газа карбонатных отложений. М., 1992; Фро­лов В. Т. Литология. М., 1993. Кн. 2; Кузнецов В. Эволюция карбонатонакопления в истории Земли. М., 2003.