КАРБИДДЕР

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
07:04, 30 Сентябрь (Аяк оона) 2025 карата vol4>KadyrM тарабынан жасалган версия
(айырма) ← Мурунку нускасы | Соңку нускасы (айырма) | Жаңыраак нускасы → (айырма)
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

КАРБИДДЕР – көмүртектин металлдар ж-а кээ бир металл эместер м-н болгон хим. бирикмеле­ри. Хим. байланыш типтери б-ча иондук, кова­ленттик ж-а металл сымал болуп бөлүнөт. Ион­дук К-де металл атомдору – катион, көмүртек анион катары каралат. Булар: Li2C2, Na2C2, CaC2, Cu2C2, Al3C4 ж. б. Суу м-н биригип, ацетилен же метанды бөлүп чыгарат. Коваленттик К-ге кремний ж-а бор К-и SiC, B4C кирет. Аларда атом аралык байланыштары өтө күчтүү болгон­дуктан, өтө катуу ысытууга туруктуу ж-а жа­рым өткөргүч касиетке ээ. Металл сымал К. – металлдарга окшош электр тогун жакшы өткө­рүүчү, катуу морт заттар. Металл сымал К-де көмүртек атому металлдын кристаллдык торчо­сундагы боштукка жайгашкандыктан, өтө ка­туу, бышык, өтө жогорку темп-рада эрүүчү зат­тар, мис., HfC 4200°Сде эрийт. Алар суу, ще­лочь, көпчүлүк минералдык к-таларга абдан ту­руктуу. Металл сымал К-ге Н2, О2ни таасир эт­кенде гидрокарбиддер, оксикарбиддер. Алар жогорку темп-рага ж-а к-таларга абдан турук­туу. К. негизинен күкүмдөлгөн металлдарды кө­мүртек м-н инерттүү чөйрөдө жогорку темп-рада ысытууда алынат. К. табиятта минерал түрүндө да көп жолугат. К. ширетүү ишинде ацетилен (СаС2) булагы, титан, ниобий, тантол, молиб­ден, вольфрам ж. б. металлдардын К-и катуу куймалардын компоненти катары, жогорку темп-ралык жылыткычтар үчүн материал (SiC ж. б.), кескич ж-а жонгуч аспаптарды жасоодо колдонулат.