КАРА ШАКЫЛДАК

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
07:04, 30 Сентябрь (Аяк оона) 2025 карата vol4>KadyrM тарабынан жасалган версия
(айырма) ← Мурунку нускасы | Соңку нускасы (айырма) | Жаңыраак нускасы → (айырма)
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

КАРА ШАКЫЛДАК (Aquila heliaca) – бүркүттөр тукумундагы куш. Уз. 80 смдей, канатын жай­ганда 2 мге жетет. Чанда жолугуучу, көчүп жү­рүүчү куш. Кээ бир маалыматтарга караганда К-тын Ысык-Көлдө, Кыргыз Ала-Тоосунда ж-а


Талас өрөөнүндө уя­лаганы белгилүү. Кө­бүнчө сейрек дарак­туу, ачык жерлерди мекендейт. Ал бар­дык ачык талаалар айда л г анд ыктан, башка тынч жерге ооп кетүүгө мажбур болгон. К. ш. эски уясын пайдаланат.

1–3 жумуртка тууйт.

К. ш. көбүнчө а. ч. өсүмдүктөрүнө зыян келти­рүүчү ж-а оору жугузуучу кемирүүчүлөр м-н азык­танып, пайда келтирет. Саны азайгандыктан, 1975-жылдан коргоого алынып, Кырг-ндын Кы­зыл китебине катталган.