КАРА-ҮҢКҮР КАПЧЫГАЙЫ

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
07:04, 30 Сентябрь (Аяк оона) 2025 карата vol4>KadyrM тарабынан жасалган версия
(айырма) ← Мурунку нускасы | Соңку нускасы (айырма) | Жаңыраак нускасы → (айырма)
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

КАРА-ҮҢКҮР КАПЧЫГАЙЫ Ички Теңир-Тоо­до. Нарын р-нунун аймагында. Долон ашуусу­нун чыгышын Оттук суусу кесип өткөн жерден К.-Ү. к. орун алган. Уз. 35 км, ортоңку бөлүгү жазы, кууш жери 100–200 м. Эң жазы жеринде Кара-Үңкүр кыш. жайгашкан. Оттук суусунун өрөөнү деңиз деңг. 2450–3000 м бийиктикте. Кап-


чыгай палеозойдун сланец, акиташ теги, кон­гломерат тектеринен турат, V сымал. Капчыгай аркылуу Бишкек – Торугарт автомобиль жолу өтөт.