КАРА-ТАЛАА
КАРА-ТАЛАА – Ысык-Көл обл-нун Тоң р-нундагы кыштак. Улакол айыл округуна караштуу. Деңиз деңг. 1647 м бийикте жайгашкан. Райондун борбору Бөкөнбаев кыш-нан 63 км батыш тарапта. Балыкчы т. ж. бекетинен 23 км. Калкы 1882 (2007); негизинен мал м-н алектенип, тоют даярдашат. Орто мектеп, китепкана, оорукана, дарыкана бар. Кыштакта Соц. Эмг. Баатыры Т. Исмаилов туулган.