КАРАТАЕВ Олжобай

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
07:04, 30 Сентябрь (Аяк оона) 2025 карата vol4>KadyrM тарабынан жасалган версия
(айырма) ← Мурунку нускасы | Соңку нускасы (айырма) | Жаңыраак нускасы → (айырма)
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

КАРАТАЕВ Олжобай Кубатбекович (23. 8. 1963, Ош обл. Сузак р-ну, Орто Азия кыш.) – тарых илимд. доктору (2004), проф. (2009). 1990-ж. КМУну бүтүргөн. 1990–93-ж. КР УИАда ил. кызматкер, 1993–2009-ж. Ж. Баласагун атн.
КУУнун тарых ф-тинде окутуучу, улук окутуу­чу, доцент, Азия ж-а Африка өлкөлөрүнүн та­рыхы кафедрасынын башчысы, 1-проректору. 2009-жылдан Кыргыз-Түрк-«Манас» ун-тинин окутуучусу. Кыргыз элинин теги, келип чыгы­шы, кыргыз жазуу мад-тынын тарыхы, эн там­га белгилери ж-а алардын байыркы этностук башаты, эл катары калыптануу этаптары ж. б. б-ча изилдөөлөрү бар. 100дөй ил. эмгектин (а. и. 5 монография, 7 окуу-методикалык кол­донмо) автору.


Эмг.: Кыргыздардын этномаданий байланыштары­нын тарыхынан. Б., 2003; Кыргыз этнонимдер сөз­дүгү. Б., 2003; Кыргыз этнографиясы боюнча сөздүк (авторлош). Б., 2005.