КАРА-СУУ (Кара-Буура районундагы кыштак)
КАРА-СУУ – Талас обл-нун Кара-Буура р-нундагы кыштак. Бейшеке айыл округуна караштуу. Кара-Суу суусунун боюнда, деңиз деңг. 880 м бийикте жайгашкан. Райондун борб. Кызыл-Адыр кыш-нан 8 км. Маймак т. ж. бекетинен 65 км. Кыштак 1930-ж. негизделген. Калкы 2956 (2007); негизинен мал чарбасы м-н алектенип, дыйканчылыкта эмгектенет. Орто мектеп, китепкана бар. Мончо, ФАП, тегирмен иштейт.