КАРА-СУУ (Ат-Башы районун­дагы кыштак)

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
07:04, 30 Сентябрь (Аяк оона) 2025 карата vol4>KadyrM тарабынан жасалган версия
(айырма) ← Мурунку нускасы | Соңку нускасы (айырма) | Жаңыраак нускасы → (айырма)
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

КАРА-СУУ – Нарын обл-нун Ат-Башы р-нун­дагы кыштак. Кара-Суу айыл округунун борбо­ру. Кошой-Коргон тоосунун этегинде, Бишкек – Торугарт автомобиль жолунун боюнда, деңиз деңг. 2140 м бийикте жайгашкан. Райондун бор­бору Ат-Башы кыш-нан 20 км батыш тарапта. Балыкчы т. ж. бекетинен 246 км. Кыштак 1929-ж. негизделген. Калкы 4531 (2007); неги­зинен мал м-н алектенет. Орто мектеп, китеп­кана, спорт комплекси бар. Турмуш-тиричилик кызматынын бөлүмдөрү, ФАП, байланыш бөлү­мү, соода түйүндөрү иштейт. Улуу Ата Мекен­дик согушта курман болгондорго эстелик тургу­зулган. Кыштакта КРдин эл артисти К. Кара­сартова туулган.