КАРА-СУУ (Токтогул районундагы кыштак)

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
07:04, 30 Сентябрь (Аяк оона) 2025 карата vol4>KadyrM тарабынан жасалган версия
(айырма) ← Мурунку нускасы | Соңку нускасы (айырма) | Жаңыраак нускасы → (айырма)
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

КАРА-СУУ – Жалал-Абад обл-нун Токтогул р-нундагы кыштак. Жаңы-Жол айыл округуна караштуу. Жала-Бек тоосунун түш. этегинде, деңиз деңг. 940 м бийикте жайгашкан. Район­дун борбору Токтогул шаарчасынан 2 км батыш тарапта. Таш-Көмүр т. ж. бекетинен 185 км. Калкы 1770 (2007); негизинен дыйкан чарба­ларында эмгектенип, мал м-н алектенет. Орто мектеп, китепкана, ФАП, мончо бар.