КАРА-СУУ (Нарын­дын сол куймасы)

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
07:04, 30 Сентябрь (Аяк оона) 2025 карата vol4>KadyrM тарабынан жасалган версия
(айырма) ← Мурунку нускасы | Соңку нускасы (айырма) | Жаңыраак нускасы → (айырма)
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

КАРА-СУУ – Токтогул р-нундагы суу, Нарын­дын сол куймасы. Уз. 89 км, алабынын аянты 1080 км2. Фергана тоо тизмегинин түн. капта­лындагы Капка-Таш ж-а Кара-Суу көлдөрүнөн башталат. Жогорку агымы Капка-Таш аталып, өрөөнү кууш. Тоодон чыга бериште өрөөнү ке­ңийт да, Нарынга куят. Жылдык орт. чыгымы 10,4 м3/сек. Көп чыгымы июнда, азы мартта байкалат. Май айында кире баштап, ноябрда тартылат. Ири куймалары: Кайыңды-Суу (32 км), Жаңгакты (15 км), Шылдырак (13 км) ж-а Кара-Багыш (12 км). Сугатка пайдаланы­лат. Жээгинде Кара-Көл ш. жайгашкан.