КАРАСУК МАДАНИЯТЫ

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
07:04, 30 Сентябрь (Аяк оона) 2025 карата vol4>KadyrM тарабынан жасалган версия
(айырма) ← Мурунку нускасы | Соңку нускасы (айырма) | Жаңыраак нускасы → (айырма)
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

КАРАСУК МАДАНИЯТЫ – коло доорунун аягындагы археол. мад-т (б. з. ч. 2-миң жыл­дын аягы –1-миң жылдын башталышы). К. м. негизинен Түш. Сибирдин тоолуу р-ндорунда, Ка­закстанда ж-а Обь д-нын жогорку агымында тараган. Мында эл отурукташкан жайлардын калдыгы ж-а ар биринде жүздөн ашуун мүрзөсү бар көрүстөндөр калган. Маркумдардын сөөгү таш үкөккө салынып, капталдары таш м-н кы­налган тегерек же чарчы мүрзөлөргө көмүлгөн. К. м-нын уруулары энелик доордон аталык доор­го өтүү мезгилинде жашаган. Алар мал чарба, дыйканчылык м-н кесиптенишип, карапа идиш­терин, коло буюмдарын көп жасап, айрымда­рын айбандардын сүрөтү м-н кооздошкон. Жез казып алып, аны иштетүүнү да билишкен. Моң­голия, Байкал, Батыш Сибирь, О. Азия калкы м-н байланышта болгон.