КАРАПА

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
07:04, 30 Сентябрь (Аяк оона) 2025 карата vol4>KadyrM тарабынан жасалган версия
(айырма) ← Мурунку нускасы | Соңку нускасы (айырма) | Жаңыраак нускасы → (айырма)
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

КАРАПА , к е р а м и к а – бышырылган чопо; чоподон бышырылып жасалган буюм. К. тири­чиликтин бардык тармагында (идиш-аяк, кыш, скульптура, сувенир ж. б.) кездешип, анын тер­ракота, майолика, фаянс, ташчулу, чыны (фар­фор) ж. б. технол. түрлөрү бар. К-нын эң сонун үлгүлөрү ар элдин ар мезгилдеги өнөрүнүн же­тишкендиктерин айгинелейт. Чопонун колек­төөгө ийкемдүүлүгүн байкаган адамдар аны па­леолит доорунда эле колдоно (адам, жаныбар­лардын тулкусу) баштаган. Айрым изилдөөчүлөр чопону бышыруу соңку палеолитке таандык, бирок анын катуулук, суу өткөрбөстүк ж-а отко чыдамкайлык касиетин неолит доорунда даана


түшүнүшкөн дешет. Турмуштук зарылдыктан келип чыккан К. жасоо өнөрү ар бир элдин өзгөчөлүгүнө ылайык өнүгүп келген. Андагы оймо-чиймелер, айрыкча клинопись маанилүү тарыхый дарек болуп саналат. К. алгач оймо­чиймеленип, тамак-аш сактоо үчүн жасалган. Б. з. ч. 3 –2-миң жылдыктарда ташып жүрүүгө, тамак бышырууга оңтойлонуп, боорунда жазуу­лар пайда болгон. Триполь мад-тынын тушун­да (б. з. ч. 4–3-миң жылдык) сырты бышырыл­ган ж-а оймолонгон чопо тамдардын болушу К-нын курулуш материал катары колдонулган­дыгын айгинелейт. К. кийин металл өндүрүүдө кеңири пайдаланылган. Байыркы Египет, Ва­вилонияда ж-а Ж. Чыгыштын башка өлкөлө­рүндө сый идиштердин бетин түркүн түстө чы­нылап жасап, имараттарды кыш м-н (адегенде чийки кыш, кийин бышкан кыш м-н) кынай баштады. Орус эли 10-к-дан К. жасашып, алар­дын бетин жашыл түс м-н кооздошкон. 17-к-да идиш жасоочу мануфактура тибиндеги устака­налар иштеген. 1744-ж. Петербургда туңгуч чыны (фарфор) з-ду (азыркы В. М. Ломоносов атн. з-д) негизделген. Октябрь рев-ясынан ки-

Фрунзе айнек заводунун карапа цехинде даярдалган кооз карапа буюмдары: идиш-аяк, гүл салгычтар (1978).

йин чыны буюмдарды жасоого айрыкча көңүл бурулган. К. б-ча Женевада эл аралык К. акаде­миясы изилдөө иштерин жүргүзүүдө. Кырг-нда К. жасоо иши кийинчерээк жандана баштап, Бишкек, Токмок ш-ндагы айнек з-ддорунда К-нын бир нече түрү чыгарылган. Учурда К. жа­соо цехтеринде турмуш-тиричиликке керектүү К. буюмдары жасалууда.
А.: Стекло и керамика XXI: Перспективы развития.
СПб. 2001.