КАРА КЫРГЫЗ АВТОНОМИЯЛУУ ОБЛУСУ

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
07:04, 30 Сентябрь (Аяк оона) 2025 карата vol4>KadyrM тарабынан жасалган версия
(айырма) ← Мурунку нускасы | Соңку нускасы (айырма) | Жаңыраак нускасы → (айырма)
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

КАРА КЫРГЫЗ АВТОНОМИЯЛУУ ОБЛУСУ – КРдин 1924-ж. 14-октябрь – 1925-ж. 25-майга чейинки аталышы. Түркстан крайында Cовет бийлигинин орношу (ноябрь, 1917) м-н улуттук чек араларды аныктоо маселеси келип чыккан (к. Орто Азиянын улуттук-мамлекеттик бөлүнүшү). Бүткүл Союздук БАКтын 1920-ж. 27- августта «Түркстанды администрациялык жак­тан бөлүштүрүү жөнүндө» кабыл алган токто­мунун негизинде О. Азиядагы жооптуу кызмат­керлердин улут маселесине арналган жыйыны (январь, 1924) өткөн. Анда И. Арабаев сүйлөп, кыргыздардын өз алдынча улут экенин, алар улут катары эч жерде эске алынбаганын сында­ган ж-а кыргыздар (кара кыргыздар) өз автоно­миясын түзүү тууралуу маселе көтөргөн. Бул жыйында аны колдогондор азчылыкты түзүп калып, кыргыздардын жери Кыргыз (б. а. Ка­зак) Респ-нын алкагына киргизилери ж-дө су­нуш жактырылган. 1924-ж. 14-октябрда Мос­ква Бүткүл Союздук БАКтын 2-сессиясы О. Азия элдеринин улуттук-мамл. бөлүнүшү ж-дө чечим кабыл алган, ага ылайык К. К. а. о. РСФСРдин курамына киргизилген. Жаңы К. К. а. о-нун большевиктик-парт. жетекчиси болуп М. Камен­ский, облустун Рев-ячыл (б. а. Аткаруу) к-ти­нин төрагалыгына И. Айдарбеков бекитилген. К. К. а. о-на Түркстан АССРинин Жети-Суу обл­нун Каракол, Нарын, Пишпек, Анжиян уезди­нен 10; Фергана обл-нун Кокон уездинен 2, Ош уездинен 13, Фергана уездинен 5, Наманган уез­динен 9, Сыр-Дарыя обл-нун Олуя-Ата уездинен 14 болуштук кирген. К. К. а. о-н аймагы 195,7 миң чарчы км, калкы 737,3 миң адамды түзгөн, а. и. 63,5% кыргыз, 16,8% орус, 15,4% өзбек, 3,5% башка улуттар болгон. К. К. а. о. Пишпек (20 болуштук), Каракол-Нарын (16 болуштук), Ош (20 болуштук), Жалал-Абад (10 болуштук) округдарына бөлүнүп, 6 шаар, 321 айыл-кыш­так, 5 хуторду камтыган. 1925-ж. 27–30-мартта Пишпек ш-нда 135 делегат катышкан К. К. а. о-нун алгачкы уюштуруу съезди өткөрүлүп, анда конституциялык мазмундагы «Кара Кыргыз ав­тономиялуу областы тууралуу жобо» кабыл алынган. Натыйжада Рев-ячыл к-т күчүн жо­готуп, мамл. бийлик 51 мүчө ж-а 12 канди­даттан турган облаткомго өткөн. Курамына И. Айдарбеков, Ж. Абдырахманов, М. Камен­ский ж. б. кирген атайы комиссия түзүлүп, ага облустун Жобосунун (конституциялык) долбоо­рун түзүү иши тапшырылган ж-а «кара» сөзүн расмий аталыштан алып салуу, өлкөнү обл. эмес, автономиялуу респ-нын катарына кошуу ж. б. сунуштар көтөрүлгөн. 1925-ж. 25-майы­нан Кыргыз автономиялуу облусу, 1926-ж. 1- февралынан Кыргыз АССРи деп аталган.


Ад.: Турсунов Х. Т. О национально-государственном размежевании Средней Азии. Таш., 1957; История Киргизской ССР с древнейших времён до наших дней. В 5-и томах. Ф., 1986; Национальный вопрос на пе­рекрёстке мнений, 20-е годы: документы и материа­лы/ Сост. В. А. Горный и др. М., 1992; Абдуллаев Р. М. и др. Туркестан в начале XX века: К истории истоков национальной независимости. Таш., 2000; Джумана­лиев А. Политическая история Кыргызстана (Станов­ление политической системы Кыргызского общества в 1920–1930-е годы). Б., 2005.

Б. Сатаров.