КАРА-КУЛЖА ОЙДУҢУ
КАРА-КУЛЖА ОЙДУҢУ Тасырак-Сай м-н Фергана тоолорунун аралыгында кеңдик багытта жайгашкан мегасинклиналдык ойдуң. Кара- Кулжа р-нунун аймагында. Уз. 104 км, туурасы 24 км. Басымдуу бийикт. 3200–3400 м. Ойдуңдун эң жапыз жери 780 м, бийик жери Үч-Сейит массивинде (4900 м). К.-К. о. мезозой ж-а кайнозой замандарында пайда болгон кумдук, конгломерат, чопо, мергель ж-а сланец, Тар д-на жакын неоген ж-а антропогендин конгломераттары м-н борпоң тоо тектеринен турат. Климаты континенттик; июлдун орт. темп-расы 15,3°С, январдыкы –14,8°С. Жылдык жаан-чачыны 571 мм. Мөңгү өрөөндүн 4,3%ин түзөт, жалпы саны 31, алардын 16сы Үч-Сейит массивинде; эң ириси – Каракол, уз. 5,6 км, туурасы 0,9 км, аянты 4,6 км2. Кар чеги 4160 м бийикте жатат. Ири суусу – Кара-Кулжа. Күңүрт боз топурактуу талаа (1000–2000 м бийикте), каралжын тоо топурактуу бийик чөптүү шалбаалуу талаа ж-а токойлуу шалбаалуу талаа (2500–3000 м) ландшафттары мүнөздүү. Түздүктөрдөгү бетеге, шыбак, ит мурун, шыраалжын, улам жогорулаган сайын табылгы, кайың, жаңгак, андан ары карагай, арча м-н алмашат. Нивалдык зонада альп өсүмдүктөрү басымдуу. Ессентуки тибиндеги минералдуу булактар бар. Ойдуңда Кара-Кулжа кыш. жайгашкан. Негизинен жайыт катары пайдаланылат.