КАРАКОЛ ЧОПО КЕНИ
КАРАКОЛ ЧОПО КЕНИ Ысык-Көл обл-нун Ак- Суу р-нунда, Челпек кыш-нан 3 км түштүктө, Каракол суусунун сол жээгинде, деңиз деңг. 1800–2000 м бийикте. 1987–91-ж. «Кыргызкурулушматериалдары» концернинин Тоо-геол. партиясы чалгындаган. Кен аянты калыңдыгы 1,7–20 м келген төртүнчүлүк мезгилиндеги кумайлуу чопо катмарынан турат. Кумайлуу чопо саргыч-боз түстө, тыгыздыгы жетишерлик гипстешкен. «100», «125» маркадагы кыш алууга жарамдуу. Запасы В категориясы б-ча 582 миң м3, С – 2107 миң м3.