КАРАКОЛ-ТӨР МӨҢГҮСҮ
КАРАКОЛ-ТӨР МӨҢГҮСҮ – Борб. Теңир-Тоодогу татаал өрөөн тибиндеги мөңгү. Тескей Ала- Тоонун эң бийик чокусу Караколдун түш. капталынан орун алган. Көөлү суусунун алабында. Уз. 8 км, аянты 13,1 км2. Мөңгүнүн башы деңиз деңг. 5000 м, этеги 3780 м бийикте жатат. Кар чегинин бийикт. 4390 м. Абляциясынын аянты 3,5 км2. 1943–60-ж. 2,1 кмге тартылган, музу жукарып, тармактарынан ажыроодо. Мөңгүдөн Көөлү суусунун сол куймасы Каракол-Төр суусу агып чыгат.