КАРАКОЛ КЕНЧИ (коло жана эрте темир доорлоруна

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
07:04, 30 Сентябрь (Аяк оона) 2025 карата vol4>KadyrM тарабынан жасалган версия
(айырма) ← Мурунку нускасы | Соңку нускасы (айырма) | Жаңыраак нускасы → (айырма)
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

КАРАКОЛ КЕНЧИ Ысык-Көлдүн түш.-чыгыш тарабындагы Каракол айылынын жанынан 1976-ж. табылган. Кенч соңку коло доору ж-а эрте темир дооруна тиешелүү беш канжардан ту­рат. Канжарлардын уз. 29,5 см, туурасы 5,2 см. Кээсинин сабынын башында жылкынын, кой­дун сөлөкөттөрү түшүрүлгөн. Ар түрдүү калыпта куюлуп, көлөмдөрү бири-биринен айырмаланга­ны м-н негизги жасоо ыкмалары, саптарынын башында жаныбарлардын келбеттеринин тү­шүрүлүшү б-ча бир устанын колунан чыкканды­гын далилдеп турат. Археолог Д. Ф. Винник, Е. Е. Кузьмина жылкынын ж-а койдун келбет­теринин түшүрүлүшүн коло доорундагы элдердин мифологиясында, фольклорунда бул жаныбар­лардын кеңири тарашы м-н байланыштырышат.