КАРА-ЖЫГАЧ (Аксы районундагы кыштак)
КАРА-ЖЫГАЧ – Жалал-Абад обл-нун Аксы р-нундагы кыштак. Кара-Жыгач айыл округунун борбору. Авлетим суусунун боюнда деңиз деңг. 920 м бийикте жайгашкан. Райондун борбору Кербен ш-нан 35 км түн.-чыгыш тарапта. Таш-Көмүр т. ж. бекетинен 60 км. Калкы 1785 (2008); негизинен мал ж-а дыйкан чарбаларында эмгектенет. Орто мектеп, китепкана, ФАП бар.