КАРА-ЖЫГАЧ (Кадамжай районундагы кыштак)
КАРА-ЖЫГАЧ – Баткен обл-нун Кадамжай р-нундагы кыштак. Майдан айыл округуна караштуу. Исфайрам-Сай суунун боюнда, деңиз деңг. 1180 м бийикте жайгашкан. Райондун борбору Пүлгөн кыш-нан 60 км түш.-чыгыш тарапта. Кызыл-Кыя т. ж. станциясынан 20 км. Калкы 2484 (2007); негизинен мал м-н алектенип, дыйкан чарбаларында эмгектенет.