КАРА-ДӨБӨ КӨМҮР КЕНИ

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
07:04, 30 Сентябрь (Аяк оона) 2025 карата vol4>KadyrM тарабынан жасалган версия
(айырма) ← Мурунку нускасы | Соңку нускасы (айырма) | Жаңыраак нускасы → (айырма)
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

КАРА-ДӨБӨ КӨМҮР КЕНИ Ош обл-нун Өзгөн р-нунда, Өзгөн ш-нан 70 км түн.-чыгышта, Фер­гана тоо тизмегинин түш.-батыш капталында, Кара-Дөбө ж-а Байбиче сууларынын ортоңку агымынын алабында. Кен ж-дөгү алгачкы маа­лымат 1909––16-ж. Д. И. Мушкетовдун изилдөө­лөрүндө кездешет. 1941–45-ж. издөө иштери жүр­гүзүлгөн. 1990–92-ж. технол. көмүр изилденген.
Кен Бал-Камыш участкасы, Делдеке-Тоо аянты болуп экиге бөлүнөт. Көмүр туюк свитасы м-н байланышкан. Чаар-Таш ж-а Зындан свита­лары аз көмүрлүү. Көмүрдүү туюк свитасында 20га жакын кабат, кабатча кездешет. А. и. 4 кабат кеңири тараган, калыңдыгы 0,5 мден 5,2 мге чейин. Сапаты ж-а технол. касиеттери б-ча биринчи майсыз (1Т) ж-а экинчи майсыз (2Т) маркасына кирет. Орт. күлдүүлүгү 5,57%тен 14,85%ке чейин, күйүү жылуулугу 33,76– 36,паттагы энергетикалык отун өндүрүүгө, карбид алууга ж-а кокстоого жарайт. Кайра бааланган (1990) болжолдуу ресурсу 40446 миң т. Делдеке- Тоо аянтынын Батыш участкасы түш. жагын­да, ачык казып алуу үчүн жерг. участка бөлүнгөн ж-а запасы эсептелген. Анын запасы С1 ж-а С2 категориясы б-ча 42 миң т (1995).