КАРА-ДӨБӨ (Аксы районундагы кыштак)
КАРА-ДӨБӨ – Жалал-Абад обл-нун Аксы р-нундагы кыштак. Кашка-Суу айыл округуна караштуу. Деңиз деңг. 1426 м бийикте жайгашкан. Райондун борбору Кербен ш-нан 21 км түн.- батыш тарапта. Үч-Коргон т. ж. бекетинен (Өзбекстан) 76 км. Калкы 1001 (2010); негизинен
мал м-н алектенип, дыйкан чарбаларында эмгектенет.