КАРАГАНДЫ ОБЛУСУ

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
07:04, 30 Сентябрь (Аяк оона) 2025 карата vol4>KadyrM тарабынан жасалган версия
(айырма) ← Мурунку нускасы | Соңку нускасы (айырма) | Жаңыраак нускасы → (айырма)
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

КАРАГАНДЫ ОБЛУСУ Казакстан Респ-ндагы адм.-айм. бирдик. Облус 1932-ж. 10-мартта ую­шулган. Аянты 428,0 миң км2. Калкы 1333,6 миң (2004). Облустун курамында 9 район, 11 шаар, 16 шаарча бар. Борбору – Караганды ш. Об­лус Казак Сары-Аркасынын борб. бөлүгүн ээлейт. Негизинен бөксө тоолор м-н дөңсөөлүү түздүктөр басымдуу. Кен байлыктарынан таш көмүр (Ка­раганды көмүр бассейни), темир, корунд, аки­таш, отко чыдамдуу чопо, курулуш материал­дары ж. б. бар. Климаты кескин континенттик.
Январдын орт. темп-расы –16... –17°С, июлду­ку 20–21°С. Жылдык жаан-чачыны 250–300 мм, тоолуу аймактарында 300–400 мм. Ири дарыя­лары: Нура, Кулан-Өтпөс, Есил ж. б. Иртыш – Караганды каналы (уз. 500 км) курулган. Май­да туздуу көлдөрү көп. Жер астында суусу мол, ал кеңири колдонулат. Топурак кыртышы – корбанаттуу кара, тоолуу кара, кара күрөң ж-а күрөң. Өсүмдүктөрүнөн чөп (шыбак, бетеге, беде ж. б.), бадал (караган, табылгы, ит мурун, ыр­гай ж. б.) өсөт. Каркыралы, Кент, Ку ж. б. тоо­лорунда карагай, кайың, көк терек; өзөн бой­лорунда тал, шилби кезигет.
Облустун калкы Казакстандын калкынын 9%ин түзөт (2003). Казак (37,6%), о. эле орус (43,6%), украин (5,6%), немис (4,0%), беларус (1,5%), татар ж. б. улут өкүлдөрү да жашайт. Калкынын орт. жыштыгы 1 км2ге 3,1 киши (2004). Шаар калкы 83% (2003). Ири шаарла­ры: Караганды, Абай, Балкаш, Жез-Казган, Кара-Жал, Темир-Тоо, Шахтинск. К. о. 2001-ж. Казакстанда өндүрүлгөн өнөр жай продукциясынын 10,1%ин өндүргөн. Көмүр казып алуу (Караган­ды, Шубар-Көл), энергетика (Абай, Караганды, Темир-Тоо), хим., машина куруу, металл иш­тетүү, жеңил, тамак-аш өнөр жай ишканалары өнүккөн. Андан тышкары көмүр коксталат. Кара (Кара-Жал, Кен-Төбө, Соколов-Сарыбай), түстүү (Жамбыл; вольфрам, молибден) ж-а сейрек кез­дешүүчү металлдарды (Карагайлы, Жогорку Кай­ракты) иштетүүчү, курулуш материалдарын чыгаруучу (Ак-Тоо, Темир-Тоо) з-ддор иштейт. 2001-ж. 10,8 млрд кВт.саат электр энергиясы өндүрүлгөн. Балкашта балык кармалып, белен­делет. А. ч-га жарактуу жери 34257,1 миң га, а. и. айдоо аянты 1062,2 миң га, чабынды 389,6 миң га, жайыт 31724,9 миң га жерди түзөт. Не­гизинен дан эгиндери (күздүк, жаздык), о. эле тоют өсүмдүктөрү, картөшкө, күн карама, көп жылдык бак-дарактар өстүрүлөт. Эт-сүт багы­тындагы уй, кой, жылкы, чочко асыралып, үй куштары багылат. Облустун аймагы аркылуу Павлодар – Чымкент нефть түтүгү өтөт. Облус­та жалпы билим берүүчү 624 мамл. мектеп, 17 ЖОЖ (а. и. ун-т, тех. ун-ттер, Эмгек гигиенасы м-н кесиптик оорулар ж-а түстүү металлургия ин-ттары ж. б.), коллеждер, китепканалар, театрлар (а. и. орус, казак, немис драма), фи­лармония, музейлер, цирк бар.


Ад.: Региональный статистический ежегодник Казакстана. А., 2001; Регионы Казакстана, А., 2002; Караганды облусу//²аза²стан Ултты² энциклопе­диясы. 5-т. Алматы, 2003.