КАБА (Базар-Коргон районундагы кыштак)

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
09:47, 30 Сентябрь (Аяк оона) 2025 карата Temirkan (талкуу | салымы) тарабынан жасалган версия
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

КАБА – Жалал-Абад облусунун Базар-Коргон районундагы кыштак. Талды-Булак айыл округунун борбору. Кара-Үңкүр суусунун оң өйүзүндө, Базар-Коргон – Арстанбап жолунун боюнда, деңиз деңгээлинен 1220 м бийикте жайгашкан. Район­дун борбору Базар-Коргон кыштагынан 23 км түндүк тарапта. Жалал-Абад темир жол бекетинен 55 км. Калкы 1001 (2009); негизинен токойчулукта эм­гектенип, дыйканчылык ж-а мал чарбасы м-н алектенет. Орто мектеп, китепкана, клуб, поч­та түйүнү, амбулатория бар. Тегирмендер, мон­чо, соода түйүндөрү турмуш-тиричилик кызма­тынын бөлүмдөрү, кичи ишканалар иштейт.