ЗИББЕРШТЕЙН

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
09:56, 7 Август (Баш оона) 2025 карата Temirkan (талкуу | салымы) тарабынан жасалган версия
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

ЗИ́ББЕРШТЕЙН Фаддей Карлович (1789, Поль­ша – өлгөн жылы белгисиз) – орус армиясында кызмат кылган аскер дарыгери. 1821-жылы Виленск университети­нин илимий дарыгерлик курсун бүтүргөндөн кийин, Омск аскер гарнизонунда дарыгер болуп кыз­мат өтөгөн. 1825-жылы 25-майда Омск шаарынан кай­ра элине кайтышкан кыргыз элчилерине (Акым­бек Олжобай уулу, Алгазы Шералы уулу, Алым­бек Жапалак уулу) кошулуп, Ысык-Көлгө че­йин келип кеткен. Кайтып барганда (1825-жылы октябрь) Батыш Сибирь генерал-губернатору­на «Омск гарнизон полкунун дарыгери Зибберш­тейндин иш сапарындагы байкоолору» деген кол жазмасын тапшырган. Андагы кыргыздардын 19-кылымдын 1-чейрегиндеги коомдук-саясий турму­шу, географиялык абалы жөнүндө маалыматтар азыркы күн­дө илимий маанисин жогото элек.


Т. Асанов.