ИЧ ӨТКӨК

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
05:30, 12 Сентябрь (Аяк оона) 2025 карата Dilde (талкуу | салымы) тарабынан жасалган версия
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

ИЧ ӨТКӨК , д и а р е я – тез-тез суюк заңдоо м-н коштолгон оору. Ал өз алдынча оору бол­бостон, көптөгөн патологиялык процесстердин белгиси катары пайда болот. Ага катуу кармаган жу­гуштуу оорулар (дизентерия, тамак-аштан уула­нуу, ич келте, холера), ичегинин өнөкөт сезгенүү оорулары (энтероколит, колит ж. б.), ошондой эле карындын, уйку безинин маңызы, өт жетиш­сиз болгондо тамак сиңирүүнүн бузулушу, иче­гилердин начар иштеши себеп болот. Ич өткөк орга­низмден уу заттарды, оору пайда кылуучу мик­роорганизмдерди ж. б. бөлүп чыгарып, организм­дердин коргонуу реакциясы болуп саналат. Диаг­нозу лаборатолриялык, бактериологиялык, рентген ж-а эндоско­пиялык изилдөөлөр м-н аныкталат. Диагноз коюлганга чейин оорулууну өзүнчө бөлмөгө жат­кырып, идиш-аяк, сүлгүсүн бөлүп, майлуу та­мак, жемиш, сүт бербөө керек. Ооруну врач да­рылайт, өз алдынча дарылануу түрдүү кабыл­доолорго алып келиши мүмкүн. Ич өткөктүн алдын алууда тамактануу режимин, жеке гигиенаны туура сактоо, ичеги-карын ооруларын дарылоо чоң мааниге ээ.