ИТАЛЯН ТИЛИ
ИТАЛЯ́Н ТИЛИ – италяндардын тили. Италия Республикасынын жана Сан-Марино Республикаларынын расмий тили. Италян тилинде Швейцария, АКШ, Түштүк Америка мамлекеттеринде (өзгөчө Бразилия, Аргентина), Франция, Сомали, Бельгияда жашаган италян эмигранттары сүйлөшөт. Италян тили роман тил тобуна кирет. Үч диалектиге (түндүк, борбордук, түштүк) бөлүнөт. Башка роман тилдерине караганда фонетикалык жагынан латынга жакын. Сөздөрү көбүнчө ачык муундан турат. Италян тилинде зат атоочтун сан жана этиштин жак, чак, ыңгай категорияларынын маанилери флексия аркылуу берилет. Жазуусу латын графикасынын негизинде. 14-кылымда Данте бүткүл Италия үчүн жалпы адабий тил идеясын киргизип, 16–17-кылымда италян адабий тили нормага салынган.