КАЛП

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
04:22, 26 Август (Баш оона) 2025 карата Батма (талкуу | салымы) тарабынан жасалган версия
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

КАЛП – кыргыз балдар фольклорундагы жанр.
Турмушта кездешпеген, акыл-эс нормасына сый­бай турган окуялар юмордук негизде баяндалат. Калптар чечендикти,сөзгө чеберликти сыноо, көңүл ачуу максатында айтылат. Калп элдик оозеки чыг­армачылыкта кара сөз же ыр түрүндө кездешет. Кыр­гыз элинде «Чоң чымын», «Улак чымын», «Че­гиртке минген киши», «Кырк ооз калп» дагы ушул сыяктуу Калптар бар. Калптар башка элдердин оозеки адабиятын­да да (мисалы: орус фольклорунда ал «небылицы» деп аталат) кездешет.