ИСПАНИЯ

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
09:49, 19 Сентябрь (Аяк оона) 2025 карата Temirkan (талкуу | салымы) тарабынан жасалган версия
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

ИСПА́НИЯ (Еspana), И с п а н и я К о р о л ­д у г у (Reino de Espana) – Европанын түштүк- батышындагы өлкө; негизинен Пиреней жарым аралын, ошондой эле Жер Ортолук деңиздеги Балеар ж-а Пи­тиус, Атлантика океанындагы Канария аралын ээлейт. Түндүгүнөн Биская булуңу, түн.-батышы-

нан ж-а түштүк-батышынан Атлантика океаны, чыгышынан ж-а түштүгүнөн Жер Ортолук де­ңиз м-н чулганат. Түндүк-чыгышында Пиреней тоо­лору аркылуу Франция ж-а Андорра, батышын­да Португалия, түштүгүндө Гибралтар м-н чекте­шет. Аянты 505,99 миң км2 (Сеута м-н Мелильяны кошкондо – 506,03 миң км2). Калкы 44,9 млн (2007). Борбору – Мадрид шаары. Расмий тили – ис­пан тили; автономия облустарында расмий тил укугуна ошондой эле баск (Басктар өлкөсү, Наварра), галисия (Галисия), каталония (Каталония, Ба­леар аралдары, Валенсия) тилдери ээ. Акча бир­диги – евро (2002-жылга чейин песета). Административдик-аймактык жактан 50 провинцияга ажыраган 17 автоно­мия облуска бөлүнөт (к. таблицаны). Африка­нын түндүк жээгиндеги 2 шаар – Сеута ж-а Мели­лья автономия облус катары Испанияга түз баш иет. Испания – БУУнун (1955), Европа советинин (1977), ЕККУнун (1973), НАТОнун (1982), ЭВФтин (1958), Эл аралык реконструкция ж-а өнүктүрүү банкынын (1958), Бүткүл дүйнөлүк соода уюму­нун (1995), Европа союзунун (1986) мүчөсү.

Мамлекеттик түзүлүшү. Испания – унитардык өлкө. Башкаруу формасы – парламенттик монархия. Конституциясы 1978-жылы күчүнө кирген. Мамле­кет башчысы – король. Мыйзам чыгаруу мил­детин ж-а өкмөттүн иш-чараларын контролдо­ону Башкы кортес (парламент) ишке ашырат. Кортес эки палатадан: Сенаттан ж-а Депутат­тар конгрессинен турат. Аткаруу бийлиги пре­мьер-министр башында турган өкмөткө таан­дык. Саясий партиялары: Испания социалисттик жумушчу партиясы, Элдик партия, Баск улуттук партия­сы, Конвергенция ж-а Союз каталон партиясы, Бириккен солчулдар.

Табияты. Испаниянын аймагынын 5/6 бөлүгүнөн ашыгын Пиреней жарым аралы, Жер Ортолук деңиздеги Балеар аралдары ж-а Атлантика океа­нынын африкалык жээгине жакын жайгашкан Канария аралдары ээлейт. Испания Батыш Европада­гы көтөрүңкү жайгашкан өлкө. Басымдуу бө­лүгүн тоолор ж-а бөксө тоолор ээлейт; жеринин бетинин 1/3 инен ашыгы деңиз деңгээлинен 1000 мден жогору. Өлкөнүн ички бөлүгүн рельефи татаал, жазы бөксө тоо – Месета ээлейт. Ал туш тара­бынан ири кырка тоолор м-н курчалган. Месе­танын түндүгүндө Бискайя булуңун жээктей Кан­табрия тоолору (бийиктиги 2648 м, Серредо чо-

Администрациялык-аймактык бөлүнүшү (2006)

кусу), түндүк-чыгышында Иберия тоолору, Жер Ор­толук деңизди бойлой Ка­талон тоолору, Андалу­сия тоолору (Муласен чо­кусу, бийиктиги 3482 м, Пи­реней жарым аралынын эң бийик жери), түндүк-чыгыш чет­ жакасынан Пиреней тоо­лору (эң бийик жери 3404 м; Ането чокусу) ж-а Кантабрия тоолору орун алган. Ойдуңдар (Андалу­сия, Арагон, Валенсия, Мур­сия) негизинен деңиз жээк­теринде жайгашкан. И-нын басымдуу бөлүгү негизин герцин бүктөлүшү түзгөн жаш платформа болуп са­налат. Жери кен байлык­тарга бай, анын маанилүү­лөрү: жез, коргошун, цинк, алтын, күмүш, ни кель, нефть, газ, таш ж-а күрөң көмүр.
Климаты негизинен суб­тропиктик жер ортолук деңиздик, ички аймактары кургак, Атлантика океа­ны жак жээктери мелүүн

Кантабрия тоолору.

океандык. Климатынын түзүлүшүнө тоолуу ж-а көтөрүңкү рельеф, Атлантика океаны ж-а Африканын жакын жайгашкандыгы таасир тийгизет. Январдын орт. темп-расы 4–12°С, июл­дуку 23–29°С. И-нын көп бөлүгүндө жылдык жаан-чачыны 300–500 мм (эң көбү кышында), тоолордо ж-а батыш жээктеринин айрым жер­леринде 1000 ммден ашык. Дарыяларынын суу-

Андалусия ойдуңу, Гвадалквивир дарыясы.

су кышкысын мол болуп, жайында өтө тарты­лат. Ири дарыялары: – Тахо, Дуэро (И-да жо­горку ж-а ортоңку агымдары), Эбро, Гвадалк­вивир, Гвадиана; негизинен сугатка пайдаланы­лат. Жер ортолук деңиз бадалы ж-а токой, тоо-

Мальорка аралындагы бухта.
Жаңы Кастилия бөксө тоосундагы ландшафт.

лорун жазы ж-а ийне жалбырактуу токой, би­йик тоолору м-н дарыя өрөөндөрүн шалбаа ээлейт. И-нын аймагынын 45%инде токой ж-а бадал өсөт. 550дөн ашык аймак (өлкөнүн аян­тынын 8%и) коргоого алынган; анын 30дан ашы­гы – улуттук парктар ж-а коруктар. Бүткүл дүйнөлүк мурастын тизмесине Гарахонай, Тейде (экөө тең Канария а-нда), Доньяна (Андалусия ойдуңунда), табигый-маданий мурас жерлерге Пиреней тоолорундагы Монте-Пердидо тоосу (Франция м-н бирдикте), Пальмераль – курма пальмасы токою (Эльче ш-на жакын), о. эле Иви­са а. кирет.

Калкы

. Калкынын 90,7%и – испандар. И-да 4,14 млндон ашык чет өлкөлүктөр жашайт; а. и. марокколуктар, эквадордуктар, англистер, ко­лумбиялыктар, немистер басымдуу. Калктын табигый өсүүсү 0,18% (2006). И-да 15 жашка чейинки балдар 14,3%ти, эмгекке жарамдуу курактагылар (15–64 жаштагылар) 64%ти, 65 жаштан ашкандар 16,7%ти түзөт. Калкынын орт. жыштыгы: 1 км2 жерге 88,7 киши (2007). Жер ортолук деңиз жээгинде, Андалусия ойду­ңунда, Галисиянын батыш жээктеринде ж-а аралдарында калк өтө жыш (1 км2 жерге 200 адамдан ашуун), борб. тоолуу бөлүктөрүндө сей­рек (1 км2 жерге 10 кишидей) отурукташкан. Шаар калкы –76,6%тей (2004). Ири шаарлары: Мадрид (калкы 3,2 млн, агломерациясы м-н 6,1 млн; 2007), Барселона (1,6 млн; 4,9 млн), Ва­ленсия (815,3 миң; 1759,4), Севилья (705,2 миң; 1,3 млн), Сарагоса (665,4 миң), Малага (558,8

Деңиз жээгиндеги турак жайлар.
Кадистин мүнөздүү ландшафты.

миң), Мурсия (423,7 миң). И-нын калкынын 95%ке жакыны католиктер; 5%тейи башка кон­фециялардын (негизинен протестанттар) ж-а ди­ний топтордун өкүлдөрү. Экон. активдүү калкы 21,58 млн (2006). Экономикада иштегендердин (19,75 млн) 65,6%и тейлөө чөйрөсүндө, 16,7%и ө. ж-нда, 12,9%и курулушта, 4,8%и а. ч-нда, токойчулукта, аңчылык ж-а балык уулоодо эм­гектенет.

Тарыхы

. И. аймагында адам төмөнкү палео­литте (б. з. ч. 400–100-миң жылдыктарда) эле жашап, темир дооруна өтүү мезгилинде (б. з. ч. 700–500-жылдар аралыгы) Ибер мад-ты калып­танып, ал Жер Ортолук деңиз жээгине тараган. Б. з. ч. 7-к-дан И-нын түш. ж-а чыгыш жээкте­ри финикийлер м-н гректердин колониясына айланып, б. з. ч. 3-к-дын аягынан И-нын көп жери Карфагенге, б. з. ч. 2-к-дын башынан Рим­ге караган. Узакка созулган (б. з. ч. 2-к. – б. з. 5-к-нын ортосу) Рим бийлиги И-ны романдаш­тырууну жүргүзгөн. 409-ж. И-га вандал, алан (429-ж. Африкага сүрүлгөн) ж-а свевдер басып кирип, өлкөнүн түн.-батышында свевдер корол­дугун түзгөн. Пиреней ж. а-нын көп бөлүгү Ба­тыш Рим империясынын үстөмдүгүн формалдуу түрдө гана тааныган испан-рим ак сөөктөрүнүн бийлигинде калган. 5-к-дын орто ченинен И-нын дээрлик бардык аймагын вестготтор басып алып, 6-к-дын ба­шында Галлиядан И-нын Иоледо ш-на Вестгот королдугунун борборун көчүрүп келген. 6-к-дын аягында Рим-католик чиркөөсү королдуктун мамл. чиркөөсүнө айланган. 711–718-ж. Түн.

Африкадан кол салган арабдар Пиреней ж. а-н (түндүктөн башкасын) бүт дээрлик басып алып, Омейяд халифатынын курамында эмирлик тү­зүшкөн. 718-ж. арабдарга каршылык көрсөтүү борбору – Астурия королдугу түзүлүп, Реконкис­тага (Пиреней ж. а-нан арабдар басып алган жер­ди жерг. калктын кайра тартып алуу күрөшү) жол ачылган. И-дагы араб мамлекети (Кордова халифаты) Абдаррахман IIIнүн тушунда (912– 961-ж. сураган) бир топ күч алган. 10-к-дын ая­гында борб. бийликтин күчү начарлап, 1031-ж. Кордова халифаты майда көп эмирликтерге бөлүнгөн. Бул Реконкистанын ийгиликтүү жүрүшүнө шарт түзүп, көз карандысыз И. мам­лекеттеринин (Леон, Кастилия, Наварра, Ара­гон ж. б. королдуктар) биригишин тездетип, 1479-ж. бирдиктүү И. мамлекети түзүлгөн. Ре­конкиста 1492-ж. Пиреней ж. а-ндагы арабдар­дын акыркы таянычын – Гранаданы алуу м-н аяктаган. И-да абс. монархия калыптана баш­таган. Еретиктерди катуу куугунтуктаган инк­визиция киргизилген (1480). Реконкиста аяк­таган соң, бийлик кирешенин жаңы булактары үчүн күрөшкөн. Х. Колумб Американы ачкан­дан (1492) кийин, испандар 16-к-дын 1-жары­мында Борб. ж-а Түш. Американын Мексика, Боливия, Перу сыяктуу бир топ жерин кара­тып, колониялык империясын түзгөн. Амери­кадан талап алынган ж-а кулдардын арзан эмгеги м-н табылган алтын м-н күмүш И-га та­шылган. И. Европадагы ээликтерин (Неаполи­тан королдугун, Сицилияны ж. б. каратуунун эсебинен) кыйла кеңейтип, дүйнөлүк ири дер­жавага айланган. Американы колонияга айлан­дыруу И-нын экономикасына адегенде оң таа­сир тийгизген. Бирок 16-к-дын ортосунда И-нын экономикасы начарлап, тышкы саясаты да кри­зиске учураган. Англия м-н болгон согушта (1588) «Жеңилбес армада» деп аталган испан флоту талкаланган; 16-к-дын аягында Франция­дагы диний согушта көздөгөнү ордунан чыккан эмес. 1566-ж. Нидерландда бурж. рев-я чыгып, Түн. Нидерланд И-дан 1581-ж. бөлүнгөн. Ан­глия м-н болгон согуштарда (16–17-к.) деңизге үстөмдүк кылуу укугунан ажыраган. -к-дын башынан И. ж-а ага караштуу жер­лер Франция, Улуу Британия, Австрия ж. б. державалардын күрөш объектисине айланган. Карл II өлгөндөн кийин (1700), Испан мурасы үчүн жалпы европ. согуш (1701–11) башталып, ал Бурбондор династиясынын негиздөөчүсү Фи­липп Vнин (француз королу Людовик XIVнүн небереси) бийлигинин орношу ж-а И-нын Евро­падагы ээликтерин бөлүштүрүү м-н бүткөн. 18- к-дын 60–80-жылдарында Карл IIIнүн (1759– 88-ж. башкарган) тушунда агартуучул абсолю­тизм багытында реформа жүргүзүлүп, И-дан иезуиттер куулган (1767); протекционисттик ба­жылар киргизилген; Местанын артыкчылыгы бир аз чектелген. И. эл аралык мамилелер жаа­тында Францияга ыктап, Улуу Британияга кар­шы согушкан (1739–48, 1762–63, 1779–83). 18- к-дын 80-жылдарынын аягында И-дагы агар­туучулук абсолютизм саясаты аяктаган. 1789-ж. Францияда башталган рев-я И-нын башкаруу­чу чөйрөлөрүн феод. клерикалдык реакция по­зициясына түрткөн. Карл IVнүн тушунда (1788– 1808-ж. башкарган) И. адегенде рев-ячыл Фран­ция Респ-на (1793–95) каршы согушта жеңилип, тышкы саясатта француздардын позициясын колдоого мажбур болгон. Наполеон Iнин эрки­не көнүп, И-нын башкаруучулары Улуу Брита­ния (1796–1802, 1804–08) ж-а Португалия м-н (1901) бүлгүндүү согуштарды жүргүзгөн. Фран­цуз-испан флоту Трафальгардагы салгылашуу­да (1805) талкалангандан кийин, И-нын амер. колониялары м-н байланышы өтө эле начар­лап, өлкөдө нааразылык күчөгөн. Португалия­ны каратып бөлүп алуу ж-дө Наполеон I м-н Годой келишими (1807, октябрь) түзүлүп, анын негизинде француз-испан аскерлери 1807-ж. ноябрда Португалияны басып алган. Бирок 1808-ж. мартта Франция И-га кол салган. Фран­ция жапырыгы И-да азатчыл согушту пайда кы­лып, испан рев-ясынын (1808–14) чыгышына түрткү берген. И-да партизан кыймылы (ге­рилья) кеңири кулач жайып, азатчыл согуш ий­гиликтүү аяктаганы м-н (1814, май), абс. баш­каруу калыбына келтирилген. Король Ферди­нанд VII (1808, 1814–33-ж. башкарган) 1812-жыл­дагы конституцияны, кортестердин бардык дек­реттерин жокко чыгарган. И-нын Америкадагы колонияларындагы боштондук кыймылын ба­сууга аскер жиберген. И-нын өзүндөгү абс. ре­жимге каршы күрөштө армия башкы роль ой­ногон. 1820–23-ж. рев-янын жүрүшүндө Ферди­нанд VII конституцияны (1812) орундоо үчүн ант берүүгө аргасыз болгон (1820, 9-март). Ыйык союз чечими б-ча рев-я фр. куралдуу интервенция­нын (1823, апрель – сентябрь) жардамы м-н ба­сылып, И-да абс. режим кайра орногон. Ферди­нанд VIIнин декрети (1823, 1-октябрь) б-ча кон­ституциялык өкмөттүн бардык мыйзамдары жокко чыгарылган. Америкадагы испан коло­нияларынын азатчыл күрөшүнүн натыйжасында испан аскерлери Америкадан куулган (И. бий­лигин Куба м-н Пуэрто-Рикодо гана сактап кал­ган). И-да 1833-ж. 1-карлчылар согушу (1833– 40) деп аталган гражд. согуш башталып, анын жүрүшүндө испан коомунун либералчыл, анти­феод. күчтөрү Карл IVнүн улуу баласы Дон Кар­лосту такка отургузууну жактаган абсолютизм­ге каршы күрөшкөн. 1834–43-ж. революция өлкөдө алгач туруктуу кайра курууларды ишке ашырган: инквизиция, майорат, помещиктер­дин сеньордук укуктары жоюлган, конститу­циялык монархия режими орнотулган. Бирок аскер төңкөрүшүнүн (1843, июль) натыйжасын­да жер ак сөөктөрүнүн абалы кайрадан чың­далган. 19-к-дын 40–50-жылдары И-да металлургия­лык з-ддор, машина куруу ишканалары, тоо­кен ө. ж. тез өнүгүп, т. ж. салынган. Банктар м-н камсыздандыруу компаниялары түзүлгөн. Бурж. кайра куруулардын аяктабагандыгы ки­йинки рев-ялардын (1854–56; 1868–74) чыгышы­на себеп болгон. 1868-ж. королева Изабелла II И-дан куулуп, бийлик прогрессчилер м-н унион­чуларга (либералдык союздун мүчөлөрү) өткөн. Алар жалпыга бирдей шайлоо укугун (эркектер үчүн), динге табынуу, чогулуш, басма сөз эркин­дигин жарыялашкан. Испан тактысы Амадей Савойскийге өткөн. Нааразычылык күчөгөнүнөн улам Амадей Савойский бийликтен баш тарт­кан (1873, февраль). И. респ. (1873–74) болуп жарыяланып, бийлик республикачылардын ко­луна өткөн. Бирок мамл. төңкөрүштүн (1874, декабрь) натыйжасында И-да борб. монархия калыбына келтирилген. Испан буржуазиясынын төбөлдөрү жер ак сөөктөрү м-н блок түзгөн. Бул келишим 1876-жылдагы конституцияда белги­ленип, Пакто эль Пардо деп аталып, Консерва­тор партия м-н Либерал партия (1875-ж. негиз­делген) мамлекетти кезектешип башкаруу ж-дө 1885-ж. макулдашкан. 1898-ж. апрелде АКШ Кубаны бошотууну шылтоолоп, И-га согуш ачкан. Анда жеңилген И. тынчтык келишими (1898, 10-декабрь) б-ча АКШга Куба, Пуэрто-Рико, Гуам а-дары м-н Филиппин архипелагын аргасыздан берген. 1899-ж. Германия И-ны Каролина ж-а Мариана а-н сатууга мажбурлаган. Натыйжада И-нын Африкада гана азыноолак колониясы калган. 20-к-дын башында И. колониялык саясатын жандандырып, Мароккону бөлүп алуу ж-дө Франция м-н келишим түзүп (1904, 1912), анын аз бөлүгүнө ээ болгон.
Биринчи дүйнөлүк согуш мезгилинде (1914– 18) И. бейтараптыгын жарыялаган. Согуш аяктагандан кийин, И-нын абалы начарлап, ө. ж-нын айрым тармактары кыскарып, жумуш­суздук көбөйгөн. Мароккону каратууну тездетүү үчүн болгон Анвалдагы салгылашууда испан ас­керлеринин талкаланышы (И-нын 10 миңден ашык солдаты м-н офицери кырылган ж-а жа­радар болгон) монархияга каршы турган бар­дык партиялар колдогон нааразылык кыймы­лын пайда кылган. 1923-ж. 13-сентябрда гене­рал М. Примо де Ривера мамл. төңкөрүш жа­сап, И-да аскердик-монархия диктатурасын ор­ноткон. Анын өкмөтү кортестер м-н муниципа­литеттерди таратып, бардык саясий партияларга тыюу салган. 1927-жылдан бул диктатурага ж-а монархияга каршы жалпы улуттук кый­мылдын күчөшүнөн улам генерал М. Примо де Ривера отставкага кеткен (1930-ж. 28-ян­варь). Респ-чылар м-н социалисттерден курал­ган рев-ячыл к-т И-ны респ. деп жарыялаган. Король Альфонс XIII эмиграцияга кеткен.
Фашисттик коркунучтун күчөшү (1933-ж. фа­шисттик партиянын Испан фалангасы негиздел­ген) бардык күчтөрдүн биригишине алып кел­ген. 1936-ж. 15-январда Элдик фронт түзүлүп, 1936-ж. 16-февралдагы кортестерге шайлоодо жеңип чыккан. 1936-ж. 17–18-июлда чыккан ас­кердик-фашисттик козголоң И-да 32 айга созул­ган гражд. согушка айланган. Козголоңчулар ба­сып алган Бургос ш-нда түзүлгөн мамлекет м-н өкмөт башчысы болуп генерал Франко дайын­далган. Согушта республикачылар жеңилип калган. И-да Франко башында турган автори­тардык режим орногон.
И. бейтараптык саясатын жарыяласа да, экинчи дүйнөлүк согушта фашисттик Германия м-н Италияга жардамдашкан. 1947-ж. И. ко­ролдугу түзүлүп, Франко мамлекеттин түбөлүк башчысы болуп жарыяланган.
И. 1952-ж. ЮНЕСКОго ж-а 1955-ж. БУУга ка­был алынган. 1953-ж. 26-сентябрдагы амер.-ис­паниялык келишимге ылайык (1963-, 1970-ж. узартылган), И-да амер. аскер базаларынын тар­магы курулган. 60-жылдардын 2-жарымы – 70-жылдардын 1- жарымында жаңы конституциялык мыйзамдар кабыл алынган. 1931-ж. кулатылган король Альфонс XIIIнүн небереси Хуан Карлос 1969-ж. Бурбон Франконун сунушу б-ча Франконун ишин улантуучу болуп бекитилген. 1975-ж. ноябрда диктатор Франко өлүп, 22-ноябрда Хуан Кар­лос Бурбон И-нын королу болуп жарыяланган. 1976-ж. түзүлгөн жаңы өкмөттү А. Суарес Гон­салес жетектеген. Өлкөдө демокр. жаңылануу­лар жүрүп. 1978-ж. жаңы конституция күчүнө кирген. 2004- ж-а 2008-жылдардагы парламент­тик шайлоолордо И. соц. жумушчу партиясы жеңишке жеткен. Х. Л. Родригес Сапатеро пре­мьер-министр болуп калган.

Чарбасы

. И. – дүйнөдөгү экономикасы өнүккөн постиндустриялык өлкөгө кирет. ИДПнин көлөмү (1232 млрд доллар, 2006) б-ча дүйнөдө 11-, Европа союзуна (ЕС) кирген өлкөлөрдүн ичи­нен 5-орунда (Германия, Улуу Британия, Фран­ция ж-а Италиядан кийин) турат. Аны киши башына бөлүштүргөндө 27,9 миң доллардан туу­ра келет. ИДПнин 67,2%ин тейлөө чөйрөсү, 27,9%ин ө. ж. ж-а курулуш, 3,1%ин а. ч., то­койчулук ж-а балык уулоо түзөт.
Ө. ж-нын структурасында алдыңкы орунду – машина куруу, тамак-аш ө. ж., нефтини кайра иштетүү ж-а нефть-химия, кара ж-а түстүү ме­таллургия, минералдык (металл эмес) сырьёлор­ду казып алуу, целлюлоза-кагаз ж-а полигра­фия, энергетика, орг. химия продукцияларын өндүрүү, текстиль, тигүү ж-а булгаары-бут ки­йим тармактары ээлейт. Экономикасынын өнү­гүүсүндөгү негизги проблемалардын бири – отун-энергетикалык ресурстардын таңкыстыгы.
Өлкөдө энергияга болгон муктаждык тыным­сыз өсүүдө. Энергияны керектөөнүн 50,6%ин нефть ж-а нефть продуктулары, 21,4%ин газ, 13%ин көмүр, 1,6%ин гидроэнергия, 11,2%ин атом энергиясы, 2,2%ин башка булактар (ша­мал, күн энергиясы) түзөт (2006). 2006-ж. 164 миң т нефть казылып алынган, ал ички ке­ректөөнүн 0,2%ин гана канааттандырат, сырт­тан 70,9 млн т нефть ж-а нефть продуктуларын сатып алат. 2005-ж. 216 млн м3 газ өндүрүлгөн, керектөөсү 33,4 млрд м3ди түзөт. Казып алын-

«Trillo» АЭСи.

ган көмүр (16,1 млн т) өлкөнүн ага болгон мук­таждыгын канааттандыра албайт. Өндүрүлгөн 229,6 млрд кВт.с электр энергиясынын 126,9 млрд кВт.сы өлкө ичинде керектелет. Атом энер­гетикасы өзүнүн уран кенташтарынын базасын­да өнүккөн; 6 АЭС иштейт, 800гө жакын чакан ГЭС бар. Шамал энергиясын пайдалануу б-ча дүйнөдөгү алдыңкы өлкөлөрдүн катарына

Шамал энергетикалык курулмаларынын паркы.

кирет. Шамал энергетика курулмаларынын аныкталган кубаттуулугу 11,7 миң МВт чама­сында.
Ө. ж-нын маанилүү тармактарынын бири – металлургия. 2006-ж. 265 миң т темир кента­шы, 5 млн т чоюн, 18,4 млн т болот өндүрүл­гөн. Металлургия өндүрүшүнүн ири борборлору: Барселона, Авилес, Хихон, Бильбао, Сантандер, Сагунто, Сестао, Кадис. Түстүү металлургия азыр негизинен импорттук сырьёлорго байланыштуу; сымап өндүрүү кыскарууда, дүйнөдөгү эң ири сы­мап кени – Альмаден; ал жайгашкан региондо­гу экол. кооптуу кырдаалга байланыштуу аны казып алууну 2011-ж. биротоло токтотуу кара­лууда. О. эле цинк, коргошун, жез, глинозём өндүрүлөт. Машина куруу – өлкөнүн экономи­касынын маанилүү тармагы. Машина куруу ком­плексинде автомобиль ө. ж. – И-нын эл аралык адистешүүгө кирген бир тармагы. Чыгарган ав­томобилдеринин жалпы саны (2777,4 миң; а. и. жеңил автомашина 2078,6 миң) б-ча дүйнөдө Япония, АКШ, Кытай, Германия, Түш. Корея ж-а Франциядан кийинки 7-орунда. Негизги продукциялары: оор ж-а жеңил жүк ташуучу автомашиналар, автобус, жеңил автомобиль, кеме, о. эле металл иштетүүчү түрдүү станоктор, металлургия, курулуш үчүн ж-а электр-тех. ө. ж. жабдуулары, желдетүү техникасы, а. ч. техникасы ж. б. Химия ө. ж. орг. синтез про­дукциясын, синтез чайыры, пластмасса, сыр ж. б. продукцияларды чыгарат. Целлюлоза-ка­газ ө. ж. продукциясынын 50%и экспорттолот. И. целлюлозаны экспорттоо б-ча ЕСке кирген өлкөлөрдүн ичинен 4-, дүйнөдө 7-орунда турат.
Эмерек ө. ж. ашкана, уктоо бөлмөлөрү ж-а ван­на үчүн жогорку сапаттагы гарнитурларды чы­гарууга адистешкен. Курулуш ж-а жасалга ма­териалдар ө. ж. жерг. курулуш сырьёлорун пай­даланат; мрамор, акиташ теги, жогорку сапат­туу бор, доломит, каолин казып алат. Цемент­ти импорттоо б-ча дүйнөдө АКШдан кийинки 2-орунду ээлейт. Карапа ж-а фарфор-фаянс өндүрүшүнүн өлкөнүн экспорттук продукциясын­да үлүшү зор. Текстиль ө. ж. ж-а кийим тигүү өндүрүшү б-ча ЕС өлкөлөрүндө 3-орунда турат. Булгаары-бут кийим ө. ж. эзелтен эле экспорт­ко адистешкен тармак болуп саналат. Бут ки­йим чыгаруу б-ча (2005-ж. 126,7 млн жуп) Ев­ропада Италиядан кийинки 2-орунда. Тамак-аш ж-а тамеки ө. ж. ЕСке кирген өлкөлөрүнүн ичи­нен Германия, Франция, Улуу Британия ж-а Италиядан кийинки 5-орунду ээлейт. Тамак-аш, шарап, угуту күчтүү спирт ичимдиктерин, эт ж-а сүт продукцияларын, май, мөмө-жемиш кон­серваларын, алкоголсуз ичимдиктерди ж. б. чы­гарат. Негизги экспорттук продукциялары: зай­тун майы, шарап, сүрсүтүлгөн эт, балык ж-а мөмө жемиш-жашылча консервалары. Шарап даярдоо б-ча Европада Италия, Франциядан кийинки 3-орунда. Испандардын чүйгүн эт азы­гы – хамонду чыгаруу б-ча дүйнөгө белгилүү. Тамеки чыгаруу б-ча дүйнөдө 10 ири өлкөнүн ичинде.
Өлкөнүн ИДПсиндеги а. ч. өндүрүшүнүн (то­кой чарбасы, аңчылык, балык уулоо ж-а өстүрүү м-н кошо) үлүшү 3,1% (2006). И. а. ч. продукту­ларын өндүрүү б-а Европа союзуна кирген өлкөлөрдүн ичинен Франция, Италия ж-а Гер­маниядан кийинки 4-орунда. Өлкө азык-түлүккө болгон муктаждыгын өзү камсыз кыла албаган­дыктан, дан, эт, сүт ж. б. азыктарды сырттан сатып алат. Үй-бүлөлүк чакан фермалар басым­дуу. Жер фондусунун (33,1млн га) 24,86 млн гасы а. ч-га жарактуу жер, анын 65%и айдалат, 35%и шалбаа ж-а жайыт. Сугат жерлеринин аянты (4 млн га чамасында) б-ча Батыш Евро­пада алдыңкы орунда. Италиядай эле И. да цитрус өсүмдүктөрүн, жемиш, жашылча, жүзүм,

Испания акчасы.

зайтун, о. эле дан эгиндерин өстүрүүгө адистеш­кен. Негизги а. ч. өсүмдүктөрү: буудай (айдоо аянтынын 20%и), шалы, бадам, арпа, жүгөрү, тамеки, жашылча (эгин аянтынын 60%и), кар­төшкө ж. б. Зайтун майын өндүрүү б-ча дүйнөдө 1-, шарап чыгаруу б-ча Италия ж-а Франция­дан кийинки 3-орунду ээлейт. О. эле апельсин (дүйнөлүк түшүмдүн 3%и), лимон (киши башы­на бөлүштүрүү б-ча дүйнөдө 1-орунда, 11 кг) ж-а лайма, мандарин, шабдалы, нектарин, өрүк, кайналы, гилас, киви, авокадо ж. б. өстүрүлөт. Жашылча өстүрүү б-ча да дүйнөдө алдыңкы орун­дардын бирин ээлейт. Томат, пияз, сарымсак, артишок (дүйнөдө Италиядан кийинки 2-орун­да), капуста, спаржа, калемпир, бадыраң, козу карын (Европада Нидерландиядан кийинки 2- орунда), баклажан ж. б. эгилет. Негизги тех. өсүмдүктөрү: кант кызылча, күн карама, о. эле пахта, тамеки. 2005-ж. 5,9 бодо мал, 19,7 млн кой (Европада Улуу Британиядан кийинки 2- орунда), 2,5 млн эчки (Грекиядан кийинки 2- орунда), 22,8 млн чочко (Германиядан кийинки 2-орунда), 174,3 млн үй кушу (тоок, өрдөк, каз ж. б.) болгон. Токой аянты 13,9 млн га, анын негизги массивдери өлкөнүн түн. ж-а түн.-ба­тыш бөлүктөрүндө. Балык кармалат.
Тейлөө чөйрөсү – И. экономикасынын башкы ж-а динамикалуу өнүгүп жаткан сектору; анда ИДПнин 67,2%и жаралат. Эң маанилүү сектор­лору: туризм ж-а ага байланыштуу мейманка­на бизнеси ж-а коомдук тамактануу, о. эле соо­да, ишкердик тейлөөлөр, билим берүү, саламат­тык сактоо. Рекреациялык тейлөө – И-нын эл аралык адистешкен маанилүү тармактарынын бири. Анда ИДПнин 12%и түзүлөт. Жыл сайын 50–60 млн турист келет. И-га келген чет өлкөлүк туристтерин саны б-ча дүйнөдө Франциядан кийинки 2-орунду ээлейт. Туризмден түшкөн киреше (38,5 млрд евро; дүйнөдө АКШдан ки­йинки 2-орунда) ага кеткен чыгымдан 3 эсе көп. И-нын негизги туристтик зоналары – Жер ор­толук деңиз аймагы (Каталония, Валенсия, Ан­далусия), Балеар ж-а Канария а.; бул аймактар И-га келген туристтердин 83%тен ашыгын ка­был алат.
Атомобиль жолунун жалпы уз. 666,3 миң км, анын 12 миң кми жогорку ылдамдыкта жүрүүчү, көп тилкелүү автотрассалар (Европада Германия, Франциядан кийинки 3-орунда). Негизги авто­трассалары Мадридден Ла-Корунья, Ирун, Ла- Хункер, Валенсия, Севилья, Бадахос тарапка тарайт. Башка маанилүү автотрассалары: өл­көнүн түндүгүндө кеңдик багытта созулган Кан­табрия жолу – Ирун – Овьедо – Ла-Корунья – Туй; Жер ортолук деңиз жолу – Ла-Хункер – Малага; меридиандык жол – Хихон – Саламан­ка – Касерес – Кадис ж-а Миранда-де-Эбро – Витория – Сарагоса – Валенсия. Португалия м-н байланыштырган Севилья – Лисабон, Ла- Корунья – Лисабон жолдору иштейт. Т. ж-нун уз. 14,94 миң км, анын 1052 кми жогорку ыл­дамдыктагы жол. Жогорку ылдамдыктагы ири т. ж. магистралдары арбын. И-да 157 аэропорт иштейт, анын 47си эл аралык аэропорт. Эл ара­лык ири аэропорттору – Мадрид, Барселона, Пальма, Малага, Лас-Пальмас, Аликанте ш-нда. Деңиз транспорту сырткы соода жүктөрүнүн негизги бөлүгүн ташыйт. И. желеги м-н 167 де­ңиз соода кемеси (ар бири 1000 регистрдик брут­то тоннадан ашык) жүрөт. Ички суу жолунун уз. 1000 кмдей, газ куурунуку 7,2 миң км, нефть куурунуку 730 км, нефть продукт куурунуку 3,5 км (2006). Метрополитен Мадрид, Барсело­на, Бильбао, Валенсия, Пальма, Севилья ш-нда иштейт.
Өлкөнүн экспорту м-н импортунда ө. ж. про­дукциялары басымдуулук кылат. Экспортко ө. ж. жабдуулары (траспорттуку кошо), азык­түлүк, автомобиль куруу продукциялары, ө. ж. чала фабрикаттары, химия ө. ж. продукцияла­ры, керектөө товарлары чыгарылат. Экспорт­тук продукциянын дээрлик жарымынан көбү Ка­талония, Валенсия, Мурсия аймактарында өндүрүлөт. Сырттан машина куруу продукция-

Барселона порту.

лары, энергия алып жүргүчтөр (нефть, газ ж. б.), керектөө товарлары, тамак-аш, химия продук­циялары ж. б. сатылып алынат. Негизги сырт­кы соода шериктери: Франция, Германия, Ита­лия, Португалия, Улуу Британия, Нидерланд, Россия, о. эле АКШ, Кытай, Япония. И. – эл аралык туризмдин ири борбору; 2004-ж. 53,6 млн чет өлкөлүк турист келген (дүйнөдө 2-орунда).

Маданияты

Испанияда 6–16 жаштагы балдарды оку­туу милдеттүү жана акысыз. Окуучулардын көп­чүлүгү менчик мектептерден билим алышат.

Өлкөдө 40тан ашык университет бар, анын ичинен эң ирилери Мадрид (1508-жыл) жана Барселона (1450), Сала­манка (XIII к.) жана башка университеттери. Студенттердин 96%и мамлекеттик жогорку окуу жайларда билим алышат. Эң ири китепканасы – Мадриддеги Улуттук китепка­на. Испанияда күнүнө 3,3 млн нускада 120 гезит жа­рык көрүп турат. Анын ичинен айрыкча белгилүүлөрү:

Испаниядагы музей.

«Паис», «АВС», «Вангуардия», «Диарио – 16», «Мун­до» жана башкалар. Испанияда 90го чукул музей бар. 1818-жылы негизделген Мадриддеги Прадо музейинде XIX кылымдын орто ченине чейинки мезгилге таандык испан живописинин бай коллекциясы бар.
Испания жергесинде табият илимдери антикалык доордо пайда болгон. Ал кезде Испанияда Рим импе­риясынын кубаттуу провинцияларынан келген географ Помпоний Мелла, агроном жана ботаник Луций Колумелла өңдүү белгилүү илимпоздор эмгектенген. Испания аймагына варвар уруулар ба­сып кирип, вестготтордун алгачкы феодалдык мам­лекетинин орношу (V кылымдын ортосу – VIII кылымдын башы) илим менен маданияттын кедерин кетирген. Испанияда илим араб жеңип алууларынан кийин кай­ра жанданып, андагы араб илимпоздору дүйнө­лүк илимдин өнүгүшүнө кыйла салым кошкон. IX–X кылымдарда Кордова шаарындагы университет илимдин очогу болгон. X–XI кылымдарда араб илимпозу Маслама аль- Мадриленьо шакирттери менен арифметика, гео­метрия, астрономия боюнча эмгектерди басып чы­гарган. XII кылымда Севилья жана Толедо шаарларында илим очогуна айланган. Толедодо котормочулар мек­теби калыптанып, аль-Фараби, Ибн Сина, Ибн Гебирол, ибн Эзр сыяктуу араб жана еврей чы­гаан илимпоздорунун эмгектерин Европага таа­ныштырган. XIII кылымдагы илимдин өнүгүшүнө Кас­тилия королу Альфонс Х Акылмандын кыйла салымы бар. Ал алхимиялык трактаттарга түшүндүр­мө жазган, анын башчылыгы менен түзүлгөн пла­неталар кыймылынын таблицасы Европада үч кылым бою мыкты таблица катары колдонул­ган. Арабдарды сүрүп чыгарып, испандардын колонияга ээ болушу Испанияда жаңы илим очокто­рунун – Лерида (1300), Уэска (1334), Вальядо­лид шаарларында университеттердин ачылышына түрткү берген. Испания өз алдынча мамлекет болуп бириккенге байланыштуу соода менен өнөр жайдын өнүгүшү кеме куруу, навигация, картография ишинин өсүшүнө жол ачып, деңиз саякатына жана географиялык ачылыш­тар жасоого өбөлгө түзгөн. XV кылымдын аягы Испанияда илим менен маданияттын гүлдөп турган мезгили бол­гон. 1492-жылы Колумб Американы ачкан; XV–XVI кылымдарда испан саякатчылары жана конкистадорлор Америка географиясын изилдешкен; Б. Лас Ка­сас, Ф. де Овьедо, Н. Монардес Американын зоо­логиясы, ботаникасы, географиясы боюнча баалуу маалыматтар берген; гуманист жана анатом М. Сервет кан айлануунун кичине тегерегин тап­кан. XVI кылымдын 2-жарымы – XVII кылымда инквизиция күч алып, Испаниянын саясаты менен экономикасын начарлаткан. Бул илимдин кыйрашына алып келген. XVIII кылымдын орто ченинен Испаниянын экономи­касы менен маданияты кайра жанданган. Өлкөдөн иезуиттерди кууп чыккандан кийин (1767), окуу жайларды чиркөөдөн жарым-жартылай бөлүүгө мүмкүндүк болгон; Латын Америкасына, Авст­ралияга, Филиппинге ил. экспедициялар уюш­турулган; ага-ини д’Элуяр вольфрамиттен воль­фрам бөлүп алган (1783); А. М. дель Рио Мекси­канын коргошун кенташтарынан ванадий тап­кан (1801). Механиканы жана жылуулукту изил­дөө турмуш муктаждыгына карата жүрүп, жаңы типтеги токуу станогу, суу сордурма буу насосу жана башкалар ойлоп чыгарылган. XIX кылымдын 20–30-жыл­дары Испанияда өнөр жайдын ыкчам өсүшү илимий изилдөө ишине көмөк берген. 1823-жылы Жарандык инженерлер мектеби, Барселонада 1850-жылы Индустрия мек­теби ачылган, ошол эле жылы Испаниянын геологиялык кар­тасын түзүү боюнча комиссия түзүлгөн. Бирок XIX кылымдын 2-жарымында испан илиминин деңгээ­ли Европадагы алдыңкы өлкөлөрдөн төмөн бой­дон калган. Ошол эле учурда испан биологиясы менен медицинасында да ийгиликтер байкалган (мисалы, улуу гистолог С. Рамон-и-Кахалдын эмге­ги Нобель сыйлыгына арзыган). XX кылымда өнөр жайдын өнү­гүшү, техникалык прогресс, жаңыдан башталган илимий революция артта калган Испанияда да илимий изилдөө ишин жак­шыртууга түрткү берген. 1900-жылы Биология изилдөө институту, 1907-жылы Илимий изилдөөлөрдү өркүндөтүү совети жана башкалар уюшулган. Экинчи дүйнөлүк со­гуштан кийин машина куруу, электр-техникалык жана электрондук өнөр жайдын ылдам өнүгүшүнө бай­ланыштуу илимий мекемелер көбөйгөн; магне­тизм, магнетохимия, спектроскопия, ядро фи­зикасы жана башка тармактар боюнча илимий изилдөө иштери өркүндөгөн. I–V кылымдарда испандардын философиялык окуусу рим фи­лософиясынын бир бөлүгүн түзгөн. Испания вестгот­тордун мамлекети болуп турганда (V–VIII кылымдар), фи­лософия теологияга көз каранды болгон. Араб­дардын бийлиги тушунда (VIII–XII кылымдар) арабдардын философиясы кең кулач жайып, антикалык философиялык ойдун испан маданиятына өтүшүнө чоң роль ойногон. X кылымда еврей философиясынын да очо­гуна айланган. XIX кылымдын 2-жарымында немис ойчулу К. Краузенин философиясы, неокантчы­лык, неогегелчилик, позитивизм, XIX кылымдын ая­гынан маркстык философия жайылган. XX кылымдын аягынан анализдик философия өнүгүүдө.
Испания адабияты испан тилинде жана баск, каталан сыяктуу майда элдердин тилинде өнүгүүдө. Ал орто кылымда фольклордун, антикалык жана араб маданиятынын таасиринде калыптанса, реконкис­та мезгилинде элдик лирика менен баатырдык эпос («Менин Сидим жөнүндө ыр», 1140-жылдар ченде жазылган), орто кылымда клерикалдык-рыцардык адабият негизги орунду ээлеп, роман жазуу өнүккөн. Кайра жаралуу доорунда (XV кылымдын аягы – XVI кылымдын башы) Ф. де Рохастын «Селестина» ро­ман-драмасы театрдын калыптанышына себеп болсо, М. Де Сервантестин «Дон Кихот» рома­ны дүйнөлүк адабияттын алтын казынасына кирип, ири чыгарма катары таанылган. XVI кылымда Лопе Ф. де Вега Карпьо, Лопе де Руэда жана башкалардын чыгарма­ларында ренессанстык драма калыптанган. XVII кылымда барокко адабияты, XVIII кылымда классикалык жана реалисттик багыт, XIX кылымда натурализм идеяла­ры өнүккөн. XX кылымда акын жана драматург Гар­сия Лорканын чыгармачылыгы көрүнүктүү орун ээлейт.
Өлкөдө 1939-жылы республикалык бийлик жеңилгенден ки­йин, испан адабиятынын кедери кетип, көп адабиятчы­лар чет өлкөгө кетүүгө аргасыз болгон. 1950–1960-жылдарда Пио Бароха (1872–1956), 1956-жылы Но­бель сыйлыгынын лауреаты болгон. Хуан Рамон Хи­менес (1881–1958), 1977-жылы ушул эле жогорку сыйлыкка татыган Висенте Алейксандре (1898–1984), 1980–2000-жылдарда К. Рохас, Х. Фер­нандес Сантос, М. Делибес, Х. Хименес Лосано жана башкалардын чыгармалары белгилүү.
Испания аймагында аскага оюп түшүрүлгөн байыр­кы эстеликтер палеолит дооруна таандык. Испанияда ошондой эле Рим баскынчылары менен вестготтор тушундагы архитектура, зер өнөр чыгармалары сактал­ган.

Ла-Кока сепили.
Мадриддеги мурунку падыша ак сарайы.

Арабдардын маданияты испан архитектурасына чоң таасирин тийгизип, бир топ ажайып архитектуралык имараттар курулган, алсак, Кордова шаарындагы мечит (VIII кылым), Гранададагы Альгамбра сарайы (XIII–XV кылымдар) жана башкалар. Реконкиста учурунда архитектура жана көркөм сүрөт өнөрү өз алдынча калыптана баш­таган. XIV–XV кылымдарда Испания готикасынан мавритан арх­итектурасынын таасири көбүрөөк байкалат. XVI кылымда италян искусствонун таасири астында маньеризм мектеби калыптанып, айкелчи Алонсо Бер­ругете (1490–1561), живописчилер Луис де Мо­ралес (1510–1586), Эль Греко (1541–1614) жана башкалар анын көрүнүктүү өкүлдөрүнөн болгон. Көркөм сүрөт өнөрү XVII кылымда жогору өнүгүп, Хусепе де Ри­бера (1591–1652), Бартоломе Эстебан Мурильо (1618–1682), Франсиско Сурбаран (1598–1664), Дьего де Сильва Веласкес сыяктуу белгилүү сү­рөтчүлөрдүн чыгармалары жаралган. XVIII–XIX кылымдар­дагы Испания искусствосунун өрүш алышы Ф. Гойянын чыгармачылыгы менен байланыштуу. XX кылымдын биринчи жарымында испан иск-восунун салттары кай­радан жанданат

Балеар аралдарындагы Альмудайна сепили.

. Бул мезгилде дүйнөлүк искусст­вого «модерн генийи» деп аташкан архитектор Анто­нио Гауди, жиповисте сюрреализмдин көрүнүктүү өкүлү Сальвадор Дали (1904–89), кубист Хуан Грис (1887–1927), абстракционист Хуан Миро (1893–1983) жана Пабло Пикассо жаңы багыттар менен киришкен. Испания музыкалык маданиятынын гүлдөп өскөн учуру XVI кылым­га таандык. Бул мезгилде Кристобаль де Мора­лес (1500–53), Томас Луис де Виктория (1548– 1611), ошондой эле Антонио де Кабесон (1510–1566) сыяк­туу компзиторлор клавесин жана орган үчүн музыка жаратышкан. XIX кылымда улуттук музыканын жа­ралуусуна испан композитордук мектебин не­гиздеген Фелипе Педрель (1841–1922) зор салым кошкон.XX кылымдын башында Энрике Гранадос (1867–1916), Исаак Альбенис (1860–1909), Ма­нуэль де Фалья (1876–1946) жана башка компиторлор ис­пан музыкасын Европага тааныткан чыгарма­ларды жаратышкан. Дүйнөгө таанымал Пласи­до Доминго, Хосе Каррерас жана Монтсеррат Ка­балье сыяктуу опера ырчылары тарбияланып чыгышкан.
Испания эллинизм доорунда эле бий өнөрү менен бел­гилүү болгон. Байыркы Римде Кадис бийчиле­ри атак алган. Исреска, сарсуэла (XVII кылымдан), то­надиль (XVIII кылымдын 2-жарымынан) жана башка бийлер кеңири таралган. XVIII кылымда болеро, XIX кылымда танго бийлери пайда болгон. Алардын ар бири өзүнүн гана музыкалык аспаптары [гитара, мандолина, кас­таньета, тамбурин, флейта, чоор (свирель) жана башкалар] менен коштолгон. 1978-жылы Мадридде Испания улуттук балети, 1979-жылы Классикалык балет негиздел­ген; Мадриддеги опера театрында белгилүү ба­лет труппасы, ошондой эле бий коллективдери иштейт. Испанияда театр өнөрү да өнүккөн. Орто кылымдарда диний жана калк театрлары айкалыш өнүккөн, XVI кылымдан профессионал труппалар жана калк театрлары (корраль) ачылган. Агартуу доорун­да испан маданияты француздардын таасиринде бол­гон. Испанияда азыр көптөгөн драма, ошондой эле опера театрлары иштейт.
Испанияда биринчи көркөм тасма («Ферманын мак­танчаактары паркта», режиссёру Ф. Хелеберт) 1905-жылы коюлган. Эң белгилүү испан кинорежиссёрло­рунун бири – Луис Бюнюэль (1900–1983) 1928-жылы Сальвадор Дали менен бирге сюрреалисттик «Ан­далусия ити» аттуу тасма тарткан. Ал жаран­дык согуштан кийин Испанияны таштап кетүүгө ар­гасыз болуп, Мехикодо жашап, «Талкалоочу периште» (1962), «Күндүзгү сулуу «(1967) жана башка бир нече кино тасма жараткан. Франколук ре­жимдин тушунда чет элге да таанымал болгон

Фанданго бийи.

Карлос Саура, Педро Альмодовар жана Фернандо Труэва сыяктуу кинорежиссёрлор чыккан. XX кылымдын аягы – XXI кылымдын баш ченинде демок­ратиянын шарапаты кино жанрына да тийген. Бул мезгилде улуттук кинодо классикалык чы­гармаларды тартуу менен катар (Л. Г. Берланга, Х. А. Бардем жана башкалар) жаңы жанрдагы, алсак, пси­хологиялык, эротикалык кинолор да (Гутьеррес Ара­гон, Х. Медем, А. Аменабар жана башкалар) жаралган. Ф. Рей, Ф. Рабаль, А. Бандерас, В. А. Абреиль, П. Крус, К. Бардем жана башка киноактёрлору бел­гилүү.

Ад.: Гарсиа Х. Испания ХХ в. М., 1967; Испания 1918–1972. Исторический очерк. М., 1975; Совре­менная Испания. М., 1983; Лагутина Е. И., Лачинин­ский В. А. Страны Пиренейского полуострова. Л., 1984; Каптерева Т. П. Искусство Испании. М., 1989; Испания и Португалия. М., 1989; Испания. М., 1993; Буторина О. В. Испания: стратегия экономического подъёма. М., 1995; Киселев А. В. Испания. География, История. СПб, 2001; Лопатникова Д. Л. Испания. М., 2001; Испанская эстетика. Ренесанс. Барокко. Просвещение. М., 1977; Каптер Т. Т. Испания. Исто­рия искусства. М., 2003; Турицын В. Н. Кино Испании. М., 1990. А. Молдомусаева, Ө. Бараталиев, А. Кубатова.