ИСМАИЛОВ Төлөсүн

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
04:35, 12 Сентябрь (Аяк оона) 2025 карата Dilde (талкуу | салымы) тарабынан жасалган версия
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

ИСМАИЛОВ Төлөсүн (1926-жылы туулган, Ысык-Көл облусу , Тоң району, Кара-Талаа айылы – 1984, ошол эле жер) – малчы, Социалисттик Эмгектин Баатыры (1958), Кыр­гыз ССРинин мал чарбасына эмгек сиңирген устат (1958).

Эмгек жолун Ысык-Көл облусунун Тоң районунда­гы «Улакол» совхозунда малчы болуп иштөөдөн баш­таган; 1943–62-ж. баш ча­бан, 1962-жылдан ушул эле совхоздо ферма зоотехниги болуп иштеген. 1957-ж. ар койдон 6,8 кгдан жүн кыр­кып, ар 100 тубар койдон 125тен козу алган. 1958– 66-ж. СССР Жогорку Сове­тинин депутаты болгон. Ленин ордени м-н сыйланган.