ИСЛАМ

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
09:39, 18 Сентябрь (Аяк оона) 2025 карата Temirkan (талкуу | салымы) тарабынан жасалган версия
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

ИСЛАМ , м у с у л м а н ч ы л ы к (ар. islam –

баш ийүүчүлүк, Алланын амирине моюн су­нуу) – дүйнөдөгү үч ири диндин бири (христиан ж-а буддизм м-н катар), монотеисттик дин. Тутунгандардын саны боюнча христианчылыктан кийинки экинчи орунда турат (дүйнөдө жалпы мусулмандардын саны 1,5 млрдга жакын, 2008). Исламды Мухаммед Пайгамбар негиздеген. Анын жактоочулары мусулмандар (Аллага гана та­йынуучулар) деп аталышкан. Ислам христиан дини м-н иудаизмден көп идеяларды ж-а жоболорду алган. Анын башкы принциптери Куранда ай­тылып, ал мусулмандардын окуусунун негизги булагы болуп калат. Бул ыйык китеп Аллах тарабынан Жебирейил периште аркылуу азире­ти Мухаммед Пайгамбарга жиберилген делет. Исламдын ички түзүлүшү имандан ж-а динден ту­рат. Имандын (исламдын чындыгына ишенүү) негизинде Алланын бардыгына, анын жалгыз экенине, Мухаммеддин пайгамбарлыгына, ку­рандын ыйыктыгына, кыямат болоруна ише­ним жатса, динде мусулманчылыктын б е ш п а р з ы н аткаруу милдет: 1) и м а н, к е л ­м е («Алладан башка кудай жок, Мухаммед анын элчиси») келтирүү; 2) н а м а з окуу (күнүнө 5 маал); 3) о р о з о кармоо (жыл сайын Рамазан айында 30 күн); 4) з е к е т берүү (жы­лына бир жолу белгилүү чекке жеткен мал­-мүлктүн акчалай наркын же малдын өзүнөн берүү); 5) а ж ы г а баруу (эгер мүмкүнчүлүгү жетсе өмүрүндө бир жолу).
Ислам пайда болгонго чейин адамдар арасында көп кудайга ишенүүчүлүк (мисалы, арабдарда эле отко ж. б. ар түрдүү бутпарастарга сыйынып­табынуучулар болгон) өкүм сүргөн. Түптүү идео­логиянын жоктугунан улам зордук-зомбулук, уурулук, каракчылык ж. б. жаман адаттар ке­ңири тараган. Адам укугу тебеленип, аялдарга мал катары мамиле жасалган. Алсыздарды өлтүрүү, төрөлгөн кыздарды тирүүлөй көмүү ж. б. терс көрүнүштөр адатка айланган. Адамзатты ушундай оор абалдан алып чыгуу үчүн диний укукка (шарыятка) негизделген татаал диний система керек эле. Ислам байыркы замандан орто кы­лымга өтүү доорунда, түндүк Арабстандын көчмөн ж-а дыйкан-соодагер жамааттарынын дүйнөгө бутпарастык көз караштарында жүрүп жаткан кризистин шарттарында, 7-кылымдын 1-жарымын­да (611–612-жылдар) Батыш Арабияда пайда болгон. Ал кезде Арабстандын айрым көчмөн уруула­рында исламга чейин орун алып келген көп кудай­га ишенүүчүлүк салтын жокко чыгарууга, бир кудайга табынууга үндөгөн х а н и ф т е р кый­мылынын таасири күчөйт. Йемен м-н Йамам­дын иудейлешкен калкынын арасында бутпа­раска сыйынуудан баш тартып, бир кудай Рах­манга табынууга чакырган р а х м а н и л е р кыймылы активдешет. Ушундай кырдаалдарда жалпы араб урууларынын аң-сезиминде, рух дүйнөсүндө байыртан үстөмдүк кылып келген бутпарастык ишенимдер, сыйынып-табынуулар бүлүнө баштайт. 7-кылымдын башында бул эки агым

Бишкек шаарындагы Ислам университети.

(ханифтер м-н рахманиддер) арабстандык пай­гамбар кыймылына биригишет. Азирети Мухам­меддин пайгамбардык ишмердигинин ислам дини­нин пайда болушуна алып келиши ошол кезде­ги ишеним айдыңындагы жүрүп жаткан жал­пы тенденциялардын мыйзам-ченемдүү натый­жасы болгон.
Исламдын д и н и й о к у у с у Алла бирден бир Жараткан-Эгем. Алладан башка кудай жок. Алла – баарын жаратуучу, бардыгына тиешеси бар. Ал сүрдүү да, каардуу да, мээримдүү ж-а ырайымдуу да. Алла ааламды жети күндө, ошондой эле адамды, периштелерди, жин-перилерди, шайтанды, Бейиш м-н Тозокту жаратты, адам алардын туу башы – деп үйрөтөт.
Алланын нурдан жараткан пакиза макулук­тары П е р и ш т е л е р. Алланын тактысын кайтарышат ж-а Алла кабарчылары. Ар бири­нин өз милдеттери бар. Алар материалдык де­неге ээ эмес. Адам баласы периштени көрбөшү мүмкүн. Көрбөйм деп эле ишенбеш дагы туура эмес, анткени, көрүнбөө жоктукка далил боло албайт. Пайгамбарлар (Мухаммед пайгамбар дагы периштелердин бар экенине ишенип, жал­пы адамзатты ишенишке үндөгөн) дайыма Ку­дайга ишенишсе, периштелердин бар экендиги­не ошондой ишенип келишкен. Жараткан өзүнүн периштелери аркылуу адамдарга кайры­лат. Аллага абдан жакын турушкан периште­лер – төртөө. 1) Ж е б р е и л периште Алланын аяндарын сактайт, аларды пайгамбарларга жеткирет; 2) М а л а а и к а (христиандарда – Михаил) бардык макулуктардын азыгы жөнүндө кам көрөт; 3) А з е з и л (христиандарда – Израил) жан алгыч; 4) И с р а ф и л сурнайы м-н Акыр кыяматтын башталганын жарыялайт. Ошондой эле ар бир адамдын оң ийнине жакшылык­тарды, сол ийнине терс жактарын каттап туруу­чу, маркумдарды жаткан жеринен (көрүнөн) суракка алуучу, Бейиш ж-а Тозокту тейлөөчү периштелер, булардан башка Ш а й т а н (к. Иблис), п е р и л е р, а р б а к т а р, ж и н д е р Рух дүйнөсүн түзүшөт.


Ислам окуусунун борборунда п а й г а м б а р л а р аркылуу Алланын элге жиберген аяндары ту­рат. Куранда 30га жакын пайгамбар-олуялар­дын ысмы аталган (к. Пайгамбар). Алардын ал­гачкысы – Адам ата, эң акыркысы – Азирети Мухаммед. Пайгамбарлар Алланын аяндарын Ыйык жазуулар түрүндө алышкан. Ислам окуусу боюнча булардын түп нускасы «Кастарланып ыйык кайтарылууга коюлган асмандагы Лоок такта­сында» түбөлүккө сакталып турат. Алла тара­бынан Муса пайгамбарга Тоорат (Тора), Дөөтү (арабча Дауд, орусча Давид) пайгамбарга Забур сыяктуу Ыйык жазуулар түшүрүлгөн. Мусулман доктринасына ылайык Ыйык жазуулар адепки мазмундары боюнча сакталган жок, кыйла мезгил­дер ичинде бир топ оңдолуп, бурмаланууга дуу­шар болду. Аларды калыбына келтирген ж-а толуктаган Куран гана Алланын кудурети м-н алгачкы калыбы бойдон сакталды. Куран б-ча Акыр Заман келгенде Кыямат башталат. Му­сулман уламышында Кыямат болордун белги­си – Меккеден ыйык Кааба жоголот, Куран уну­тулат. Жалганчы Тажаал келип, элди 40 күн башкарат. Алла Таала Мухаммед пайгамбардын соңку мурасчысы М а х д и н и жалганчы Та­жаалга каршы согушууга жиберет. Махди Кыя­мат кайымдын акырында келип (жалганчы Тажаалды толук жеңип), нукура динди, ади­леттүүлүктү калыбына келтирет. Алла ар бир адамды суракка алып, соттолгондордун баарын Тозок үстүндөгү «чачтан ичке, кылычтын мизи­нен курч» көпүрөдөн өтүүгө жиберет.
Ислам дининде а к ы р е т кыяматтан кийин боло турган түбөлүк жашоо. Акыретке ишенүү бар­дык диндерде бар, болушу зарыл. Бири бири­нен бир аз айырма болушу мүмкүн, ар бир пай­гамбар үммөтүнө акырет тууралуу билдирген. Куран боюнча адам баласы өлгөндөн кийин кабыр­дагы эки периштенин (Мункир, Накир) сурагы, көр азабы, кыямат болгондон кийин бүткүл адамзат кайра тирилип, Машхар деген майдан­га топтолуусу, кылган иштеринин сурагын берүүсү, Сырат деген көпүрөдөн өтүүсү, күнөөкөр­лөрдүн тозокко түшүп, жакшы иш кылгандар­дын түбөлүк бейишке кирүүсү – мунун баары акыретте боло турган көрүнүштөрдөн. Жаман­дыктын алдын алуучу, жакшылыкка шыктан­дыруучу мындай акырет ынанымы болбогондо, дин жалгыз көр турмуштук, коомдук көрүнүш бойдон гана калмак. Эгер акыретке иман кел­тирүү болбогондо кылынган ибадаттардын, ына­нымдын адам баласына пайдасы болмок эмес. Исламга чейинки доорлордо да Алла пайгамбарлар аркылуу дин өкүмдөрүн адамдарга жеткирип турган. Ислам өкүмдөрүн адамдарга жеткирүү (пайгамбарлык кылуу) Алла тарабынан тандал­ган элчи Абдуллах уулу Мухаммедге жүктөлгөн. Ал дин өкүмдөрүн талыкпай таратуусунун ж-а анын жолдошторунун акыйкатты кабыл алып,

Бишкек шаарындагы борбордук мечит.

өкүмдөрдү туура түшүнүүсүнүн натыйжасында, ошондой эле ошол убактагы адамдардын таза, туура динге болгон муктаждыгынан да ислам дини ыл­дамдык м-н таркаган. 7–9-кылымдарда ислам дини Түндүк Африка, Алдыңкы Азия, Иран, Борбордук Азия, За­кавказье ж-а Түндүк Чыгыш Кавказга чейин жет­кен. 8-кылымдын 1-жарымында Европада ислам өнү­гүүсүнүн очогу түзүлгөн.
Ислам – адамзаттын рухий дүйнөсүндө эң таа­сирдүү күчтөрдүн бири. Анын бардык доорго ылайыктуу орду бар. Ислам коомдун өнүгүүсүндө чоң роль ойнойт. Жашоонун эстетикалык түзүлү­шүнө, ынтымактын пайда болушуна, улуттук каада-салттардын негизделүүсүнө, мекенди сүйүү сезимдеринин ойгонуусуна ж. б. тийгизген таа­сири чоң. Дүйнөнүн 28 мамлекетинде, анын ичинде Еги­пет, Кувейт, Сауд Арабиясы, Ирак, Иран, Па­кистан өлкөлөрүндө ислам мамлекеттик дин катары таа­нылган. 35 мамлекетте (анын ичинде Кыргызстан) калкы­нын көбүн мусулмандар (80%) түзөт. Дүйнөнүн 125 өлкөсүндө мусулман жамааттары бар. Му­сулман өлкөлөрүнүн көбүндө таасирдүү ислам партиялары бар. Мисалы, Жамаат-и ислами пар­тиясы Индия м-н Пакистанда, Ислам республикасынын партиясы Иранда, Биримдиктин ж-а өнүгүүнүн партиясы Индонезияда, Панмалайзиялык ис­лам партиясы Малайзияда ж. б. Ислам дини Орто Азияда 8-кылымдын башында пайда болгон. Алгачкы таратуучу катары Кутейба ибн Муслимди эсептөөгө болот. Ал 710-жылы Согдиана­дан (азыркы Хорезм облусу) Кашкарга чейинки аймакты каратып, ислам динин киргизген. 960-жылы Караханиддер мамлекети ислам динин мамлекеттик дин деп кабыл алышкан. Баласагун шаарында жаша­ган 200 миңден ашуун адам ислам динин тутуш­кан. Тарыхый маалыматтарга караганда ислам кыр­гыз арасына 9-кылымдын ортосунан тарай баштаган. Исламдын кыргыздарга (көбүнчө Түштүк Кыргызстанга) терең сиңишине Кокон хандыгынын мезгилин­де кокондук мусулман миссионерлер (шайык, эшен, кожо, дубана, дервиш ж. б.), ошондой эле исламды агартуучулук м-н айкалыштырып окутуучу мектептерди сунуштаган Казандагы ислам борборунан келген (Түндүк Кыргызстанга) татар мусулмандарынын таасири тийген. Мечиттерде атайын айылдык молдолорду даярдап, аларды жер-жерлерге жөнөтүп турушкан. Элет жерине Куранды жат­ка үйрөтүүчү мектептерди ачып, буга айылдык балдарды массалык түрдө тартышкан. Бирок калың эл массасы сабатсыз бойдон кала берген. Совет мезгилинде СССРдеги динге каршы сая­саттын репрессия толкуну Кыргызстан мусулманда­рын да каптап өткөн. Кожо-молдолор калк ара­сында диний иштерди жүргүзүүдөн четтетилген. 20-жылдардын аягында араб алфавитинен ла­тын тамгасына, 30-жылдардын аягында латын тамгасынан кириллицага өткөрүлгөн. Мечиттер­дин дээрлик баары жабылган. Исламды окутуунун бардык түрүнө тыюу салынган. Ислам үрп-адаттары м-н байланышкан мусулман майрамдарын, каа­да-жөрөлгөлөрүн көпчүлүк алдында өткөрүүгө жол берилбеген. Советтик «темир көшөгө» мусулман калкын өзүнүн чет өлкөлүк диндештеринен көпкө чейин обочолонтуп келген. 2-дүйнөлүк согуш жылдарында ислам ж. б. конфессиялардын легалдашуусуна руксат берилет. 1944-жылы СССР ЭКСтин карамагында дин иштери боюнча совет түзүлүп, ал сыйынуу, чокунуу ж-а табынуу има­раттарын, анда иштеген кызматкерлерди кат­тоого, алардын кезектеги ж-а келечек маселе­лерин чечүүгө киришкен. 1954-жылдан динге каршы күрөш жаңыча багыт м-н башталган. Бирок динге каршы күрөш мурдагыдай репрес­сиялык эмес, моралдык чабуул м-н чектелип калган. Совет бийлигинин кулашы (1991) исламдын кеңири кулач жайышын шарттаган. Жер-жер­лерде мечиттерди массалык түрдө куруу, ачуу өтө тездик м-н өскөн. Кыргызстан аймагында 1801 айыл-кыштак (2003) болсо, республика боюнча 1991 ме­чит катталган (Ош облусунда – 714; Жалал-Абад­да – 464; Баткенде –272; Чүйдө – 247; Ысык- Көлдө – 109; Таласта – 96; Нарында – 89, Биш­кекте – 50; Ошто – 50). 2009-жылга карата Кыргызстандын мусулмандарынын диний керектөө­лөрүн камсыз кылуу максатында облустар м-н шаарларда бир топ диний окуу жайлары иште­ген; 1 университет, 8 институт, 56 медресе, анын ичинде Баткенде – 1 институт, 10 медресе; Жалал-Абадда – 1 институт, 6 медре­се; Нарында – 1 институт, 2 медресе; Ошто – 2 институт, 17 медресе; Таласта – 2 медресе; Чүйдө – 2 институт, 13 медресе; Ысык-Көлдө – 2 медресе; Бишкекте – 1 университет, 1 институт, 2 медресе; Ошто – 2 медресе ж. б.


Ад.: Исламский энциклопедический словарь. М., 1991; Пиотровский М. Б. О мусульманском искусстве. СПб., 2001; Гордон Ньюби. Краткая энциклопедия ислама. М., 2007; Ислам // Большая Российская энциклопедия, Т. 11. М., 2008.

К. Осмоналиев, Ю. Талтабаев, С. Ш. Доолов, Т. Абдылдабеков.