ИСКЕНДЕРОВА Суусар
ИСКЕНДЕРОВА Суусар (8. 5. 1953-жылы туулган, Чүй облусу, Чүй району, Арпа-Тектир айылы) – адабият таануучу, филология илимдеринин доктору (2007), КР эл агартуусунун отличниги (1996). 1974-жылы ОшМУнун филология факультетин бүтүргөн. 1974–79-жылдарда Ош шаарындагы Ю. А. Гагарин атындагы орто мектепте мугалим, 1980–84-жылдарда ОшМУда окутуучу, 1984–87-жылдарда КМУнун кыргыз адабияты кафедрасынын аспиранты, 1987–94-жылдарда ушул эле кафедрада окутуучу, улук окутуучу, доцент, 1994–2009-жылдарда БГУда кафедра башчысы, 2009-жылдан проректор. 2 монографиянын, 60тан ашык илимий эмгектин, анын ичинде 2 методикалык окуу куралдын автору.
Эмг.: Кыргыз адабиятынын тарыхы боюнча методикалык көрсөтмөлөр жана текшерүү иштеринин темалары (авторлош). Б., 1993; Н. Байтемировдун прозалары. Б., 1994; ХХ кылымга чейинки кыргыз кол жазма адабияты менен фольклорунун айрым маселелери. Б., 2005.