ИСКАК
ИСКАК Асан уулу [1844-ж. чен, Кокон хандыгы, Маргалаң вилайети, Охна кыштагы (азыркы Баткен облусу, Кадамжай району, Орозбеков айылы) – 1. 3. 1876, Россия империясы, Жаңы Маргалаң (азыркы Фергана) шаары] – Кокон көтөрүлүшүнүн (1873–1876) жетекчилеринин бири. Ичкиликтин бостон уругунан. Атасы Асан (Хасан) молдо болуп, жаш кезинен сабаты ачылган жана 1867-ж. окуусун аяктап, Охнадагы мечитте иштеген. Кийин диний кызматын таштап, Ташкент шаарына кеткен жана ал жерден Кокон хандыгынын ханы (1844–58; 1862–63; 1865–75) Кудаярды тактан алууну максат кылган кыргыз бийлери менен таанышкан. Искактын өңү Алим хандын (1799‒1809) уулу Болотко (Полот) куюп койгондой окшош болгондуктан, алар анын атынан чыгууну сунуш кылышкан. Искак ага макул болуп, Болот хан деген ат менен Кудаяр ханга каршы көтөрүлүштү жетектөөнү мойнуна алган. 1-жолу 1873-ж. Сафед-Буланда, 2-жолу 1875-ж. Ботокара кыштагында ак кийизге салынып, хан көтөрүлгөн. Калган өмүрү 1873–18 76-жылдардагы Фергана өрөөнүндөгү элдик кыймыл жана Россиянын баскынчылыгына каршы күрөш менен тыгыз байланышта болгон (кара: Искактын көтөрүлүшү). 1876-ж. 19-февралда орус аскеринин колуна түшүп, 1-мартта дарга асылган.
Ад.: Кененсариев Т. Искак Асан уулу Полот-хан. Б., 1997.
С. Наркеев.