КАНОЭ (кичине кайык)

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
10:53, 16 Сентябрь (Аяк оона) 2025 карата Lera (талкуу | салымы) тарабынан жасалган версия
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

КАНО́Э (испанча canoa – кичине кайык; кариб индейлеринин тилинен өздөштүрүлгөн) – 1) Түндүк Америка индейлеринин жыгачтын чулу сөңгөгүнөн оюп жасалган же жыгач каркасы тери менен капталган кайыгы; калак бекитүүчү оюк­тары жок, бир жагы менен шилөөчү калактары болот; 2) спорттук чакан кайык. Анын чоңду­гу, салмагы, формасы мелдеш эрежелерине ылайыкталып курулат. Каноэ боюнча эл аралык фе­дерация 1946-жылы уюушулган.