КАЛЛАС Мария

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
10:04, 15 Сентябрь (Аяк оона) 2025 карата Lera (талкуу | салымы) тарабынан жасалган версия
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

КА́ЛЛАС (Callas; чыныгы аты-жөнү Калогеро­пулу) Мария (2. 12. 1923, Нью-Йорк – 16. 9. 1977, Париж) – грек ырчысы (лирика-драмалык сопрано). XX кылымдагы мыкты ырчылардын бири. 1937-жылы Афины консерваториясында окуган. 1942–1944-жылдары Афины опера театрларында ырдап чыккан. Каллас алгач Жоконданын партиясын («Жоконда», А. Понкьелли) аткарып тааныл­ган (1947, Арена-ди-Верона). 1951-жылдан «Ла Скала» (Милан) театрынын солисти. 1952-жылы «Ковент-Гарден» (Лондон) театры, 1954-жылы Чи­каго операсында, 1956-жылы «Метрополитен-опе­ра» (Нью-Йорк) жана башка дүйнөнүн ири театрларында ырдаган. Адегенде белькантонун стилиндеги партияларды жана Вагнердин каармандарынын

М. Каллас. Тоска­нын ролунда. Ж. Пуч­чини, «Тоска».

(Изольда, «Тристан жана Изольда»; Брунгиль­да, «Валькирия»; Кундри, «Парсифаль») партия­ларын бирдей ийгилик менен аткарган. Кийинче­рээк италия романтикалык репертуарга көңүл бур­ган. Көрүнүктүү партиялары: Медея («Медея», Л. Керубини), Турандот (Ж. Пуччини), Ан­на Болейн («Анна Болейн», Г. Доницетти), Ле­ди Макбет («Макбет», Ж. Верди), Ифигения («Ифигения Тавридде», К. Глюк) жана башкалар. Киного да тартылган («Медея», П. П. Пазолини, 1969). Москвадагы П. И. Чайковский атындагы 4-Эл ара­лык конкурстун калыстар тобунун мүчөсү бол­гон (1970). 1982-жылдан Афиныда вокалисттер­дин М. Каллас атындагы эл аралык конкурсу өтүп турат.

Ад.: Тимохин В., М. Каллас // Выдающиеся итальян­ские певцы. М., 1962; Дюфрен К. М. Каллас. М., 2007. Н. Жылдызова.