КАРА-БЕЙИТ КӨРҮСТӨНҮ

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
08:08, 7 Сентябрь (Аяк оона) 2025 карата Kadyrm (талкуу | салымы) (1 версия) тарабынан жасалган версия
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

КАРА-БЕЙИТ КӨРҮСТӨНҮ – 6–8-к-да жаша­ган түрк урууларына таандык мүрзөлөр. Алай р-нундагы Сары-Таш айылынын чыгыш тара­бында жайгашып, 100дөй дөбө-мүрзөлөрдөн ту­рат. Адамдардын сөөгү топурак көрлөргө кою­луп, таш такталар м-н жабылып, баш жагына төрт кырлуу таш түркүк орнотулган. Анда бир нече рун тамгасына окшош белгилер чегилген. 1961-ж. Ю. Д. Баруздин бир нече мүрзө-дөбөнү казып, изилдеген.