КАПЧЫГАЙ ПАЛЕОЛИТ «ӨНӨРКАНАСЫ»

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
08:08, 7 Сентябрь (Аяк оона) 2025 карата Kadyrm (талкуу | салымы) (1 версия) тарабынан жасалган версия
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

КАПЧЫГАЙ ПАЛЕОЛИТ «ӨНӨРКАНАСЫ» – төмөнкү палеолит дооруна таандык таш курал­дар эстелиги. Кадамжай р-нундагы Марказ айы­лынан 20 км түш. тарапта жайгашкан. Арпа­лык тоосунун капчыгайында таш курал жасоо­чу оттук таш тегинин катмары табылган. Мус­тье доорунда ушул жерден таш куралдарын жа­сашкан. 1956-ж. археолог П. Т. Конопля ачып, 1957–59-ж. П. Т. Конопля, В. А. Ранов, кийин А. П. Окладников изилдеген. 2001-жылдан ар­хеологдор А. П. Деревянко, А. Н. Зенин жетек­теген россиялык-кырг-ндык палеолиттик топ изилдеп жатат.