КАППАДОКИЯ

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
08:08, 7 Сентябрь (Аяк оона) 2025 карата Kadyrm (талкуу | салымы) (1 версия) тарабынан жасалган версия
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

КАППАДО́КИЯ (гр. kappadokia) – Кичи Азия­нын батышында (азыркы Түркия аймагында) жайгашкан байыркы аймак. К-нын алгачкы жа­шоочулары өздөрүн хатталар деп атаган. Б. з. ч. 3-миң жылдыктын орто ченинде түн.-батыш та­раптан К-га индиевроп. уруулар басып кире баш­таган. Б. з. ч. 20–19-к-да К-да ассириялык соо­да колониялары болгон. 19-к-дын 80-жылда­рында К-нын аймагынан капподиниялык так­талар деп аталган байыркы сириялык Канес ко­лониясынын архивинен материалдар табылган (Түркиянын Күлтепе деген жеринде). Б. з. ч. 2- NH миң жылдыкта К. аймагы Хетт падышалыгы­нын өзөгү болгон. Б. з. ч. 6-к-дын башында К-ны Мидия басып алып, ал эми 6-к-дын 2-жа­рымынан Ахемениддер падышалыгынын бир бөлүгү болуп калат. Б. з. ч. 4-к-да К. Александр Македонскийдин мамлекетине карап, кийин Се-

Каппадокия эстеликтеринин жалпы көрүнүшү.

левкиддерге баш иет. Б. з. ч. 3–1-к-дын орто­сунда К-да өз алдынча падышалык болуп, бор­бору Кайсери болгон (аты бүгүн да сакталып калган). Б. з. ч. 1-к-да (б. з. 17-к-нан) Римге баш ийип, Византия империясынын курамына кирет. 1074-ж. бул аймакты түрк-сельжуктар басып алат. 14-к-дын аягында Осмон империя­сынын бийлигине өткөн. Учурда Түркиянын Невшехир илиндеги (вилайетинде) Гёреме кыш­нын жанынан өткөн узун өрөөндү бойлой көп сандаган үңкүр жайлар, христиан монастыр­лары (чиркөөлөр, капеллалар, крипттер, усы­пальницалар, тамак ичүүчү бөлмөлөрү, келья­лар) тарыхый эстелик катары музейлерге ай­ланып, туристтердин кызыгып көрө турган жайларынын бири. Гёреме улуттук паркы ж-а аскалуу эстеликтер Бүткүл дүйнөлүк мурастын тизмесине кирген.

Ч. Жумагулов.