КАПЕЛЛА

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
08:08, 7 Сентябрь (Аяк оона) 2025 карата Kadyrm (талкуу | салымы) (1 версия) тарабынан жасалган версия
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

КАПЕ́ЛЛА (итал. cappella) – 1) католик же анг­ликан чакан чиркөөсү: өзүнчө салынган кичи­рээк курулма же храмда бир үй-бүлө чокунуучу, реликвиялар ж. б. сакталуучу жай; 2) диний хор (хор ырдалуучу чакан чиркөө же чиркөө бөлмөсүнүн атынан); аспапта ойноочулар кол­лективи. 18-к-дан ырчылар ж-а аспапта ой­ноочулардан түзүлгөн аралашма ансамбль. Ай­рым К-ны комп. И. C. Бах– Й. Гайдн– М. Глинка– Н. Римский-Корсаков ж. б. башкарган. Кырг-нда хор К-сын C. Юсупов– К. Алиев– Г. Маматова ж. б. жетектеди.