КАЛЬЯРИ

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
11:36, 15 Сентябрь (Аяк оона) 2025 карата Lera (талкуу | салымы) тарабынан жасалган версия
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

КАЛЬЯ́РИ – Италиядагы шаар. Сардиния аралынын башкы экономикалык жана маданий борбору. Сардиния облусунун жана Кальяри районунун административдик борбору. Сар­диния аралынын түштүгүндө жайгашкан. Калкы 154,1 миң (2008; шаар айланасы менен 380 миң). Жер Ортолук деңизинин Кальяри булуңундагы порт (жылына 4,6 млн тонна жүк ташылат). Аэро­порту бар. Финикиялыктар тарабынан биздин заманга чейинки 7-кылымда негизделген. Шаардын эски бөлүгү арал­дын деңиз жак жээгиндеги дөңсөөлөрдө жай­гашып, орто кылымдын сепилдери, дубалдар жана мунаралар менен курчалган. Амфитеатр (биздин заманга чейинки 1-кылым – биздин замандын 1-кылымы; бул жерде жайында опера спек­таклдери өткөрүлөт), Ыйыктар Косма жана Да­миан (же Ыйык Сатурнин, 5–7-кылымдар, Кальяридеги эң ба­йыркы храм) жана Ыйык Эфизио (5-кылым) чир­көөлөрү, Санта-Мария-Ассунта (13–14-кылымдар) собо­ру, палаццо жана башкалар сакталган. Университет, астрономиялык обсер­ватория, мамлекеттик архив, китепканалар, улуттук пинакотека, музейлер, сүрөт галереясы, опера театры бар. Машина куруу, металл иштетүү, электр­тех., жыгаччылык, текстиль, тамак-аш ж-а та­меки ө. ж. ишканалары иштейт. Ботан. бак уюштурулган. Шаардын экономикасын тейлөө чөйрөсү түзөт. Жыл сайын күндөлүк керектелүүчү товарлардын эл аралык көргөзмөсү өткөрүлөт. Туризм (яхтинг, дайвинг) өнүккөн.