ИОН БУЛАГЫ
ИО́Н БУЛАГЫ – вакуумда иондордун багыттуу агымы алынуучу түзүлүш. Ион булагы – заряддалган бөлүкчөнү ылдамдаткыч, иондук микроскоп, термоядролук синтез ж-а изотопту бөлүп алуучу орнотмо ж. б. түзүлүштөрдүн негизги бөлүгү. Плазмалуу ион булагы өтө кеңири тараган. Жогорку тыгыздыктагы иондуу токтун Ион булагы д у о п л а з м а т р о н деп аталат. Мында иондоштуруу деңгээлин жогорулатууда, диафрагманын ж-а магнит талаасынын жардамы м-н плазма кысылат. Газды иондоочу электрондор магнит талаасы боюнча катод м-н чагылткычтын арасында термелүүчү Ион булагын түзөт. Чагылткычтагы ион тешик аркылуу же болбосо анод цилиндриндеги жылчык аркылуу чыгарылат. Цезий м-н капталган электродду суутектин оң иондорунун агымы м-н аткыланганда алар терс ионго айланып, ургаалдуу агым түзүлүп, беттик-плазмалык ион булагы алынат. Тез кыймылдоочу нейтралдык бөлүкчөлөр инжекторунда (насосунда) магнит талаасысыз ондогон А тогу бар ион агымын алууга мүмкүнчүлүк түзүүчү кубаттуу жаа ион булагы пайдаланылат. Иондордун көлөмдүк зарядын нейтралдаштыруу м-н жогорку жыштыктагы, жүздөгөн килоамперлүү (кА) ион агымын алууга болот.
Көп разряддуу иондордун ион булагы энергия ж-а тыгыздыгы жогору электрон агымы көзөп өтүүчү көлөмдөгү ионду көпкө кармап тургандыгы м-н өзгөчөлөнөт. Катуу нерсени кубаттуу лазер нуру м-н нурлантканда пайда болгон плазма да көп заряддуу ион булагы болот.