КАРА БООРЛОР

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
08:08, 7 Сентябрь (Аяк оона) 2025 карата Kadyrm (талкуу | салымы) (1 версия) тарабынан жасалган версия
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

КАРА БООРЛОР (pterocletes) - куштардын
кѳгүчкѳн сымалдар түркүмчѳсү. Уз. 22-40 см,
салмагы 200-600 г. Денеси жумуру, канаттары
тез учууга ылайыкташып, узун, ичке, учтуу,

1 - ак тѳш кара боор;

2 - чыгыш кара
боору. жүнү жыш, саргыч күрѳң, чаар. Буттары кыс­ка, арткы манжасы редукцияланган же такыр
жок. Кээ бир түрүнүн манжалары биригип ѳскѳн.
Кургак талаада ж-а чѳлдѳ жашайт, суу ичүү үчүн
алыска учат. Балапандарына сууну жемсѳѳсүндѳ
ж-а сууланган жүнү м-н алып келет. К. б-дун 1
тукуму, 2 уруусунун 16 түрү бар. Келгин куш­тар. КМШ ѳлкѳлѳрүндѳ 2 түрү - ак боор (P. alcha-
ta) ж-а кара боор (P. orichtalis) Борб. Азияда
кездешет. Кырг-нда Ысык-Кѳлдүн батышында,
Нарын, Талас ѳрѳѳнүндѳ таралган. Жерге уялап,
2-3 жумуртка тууйт. Жумурткасын эркек, ур­гаачысы басып чыгарышат. Балапаны жумурт­кадан калың тыбыт м-н капталып чыгат. Урук,
жемиш, бүчүр ж-а курт-кумурска м-н азык­танат.