КАРА-БУЛУҢ (Ысык-Көлдөгү булуң)

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
02:00, 7 Сентябрь (Аяк оона) 2025 карата vol4>KadyrM тарабынан жасалган версия
(айырма) ← Мурунку нускасы | Соңку нускасы (айырма) | Жаңыраак нускасы → (айырма)
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

КАРА-БУЛУҢ — Ысык-Кѳлдүн түш.-чыгышын­дагы эң ири булуң. Жети-Ѳгүз р-нунун айма­гында. Аянты 16,55 км2, уз. 6,0 кмден ашык,
жазылыгы оозунда 5 км, эң терең жери 70 м.
«Ыссык-Кѳл» санаторийинин жанындагы эң та­йыз жери суунун тартылуусунан тѳртүнчүлүк
мезгилдин тѳмѳнкү бѳлүгүндѳ пайда болгон.
Булуңдун кум, тунма чѳгүндүлѳр тѳшѳлгѳн та­маны батышты кѳздѳй эңкейиш. К.-Б-га Жуу­ку суусу куюп, анын суу алдындагы уландысы
(нугу) булуңдун орто ченинде Чоң ж-а Кичи
Кызыл-Суунун нуктары м-н кошулуп, 120 м те­реңдиктен бүтѳт. Жээктери аккумуляциялык
тектир, кѳлгѳ кирип турган жерлеринде (тум­шук, урчуктар) майда булуң, колтуктар кѳп;
түш.-чыгыш бѳлүгүндѳ абразиялык жемирилген жээктер да кездешет. Түш.-чыгыш капшытын­да чакан кеме токтоо үчүн өтө ыңгайлуу Кызыл- Суу колтугу жайгашкан. Жууку суусу жылы­на булуңга 27 миң т дан 95 млн т га чейин шилен­ди агызып келет. Агын суулар көп куйгандык­тан, суусу мала туздуу. Бирок, мындай тузу кем суу көлдүн үстүңкү 10 мге чейинки катмарына гана мүнөздүү. Суу жай айларында 20–22°Сге че­йин жылыйт; кышкысын тоңбойт. Жылуу суу, кумдуу жээк, чаңкайып тийген ысык күн булуң­дун кылаасында эс алууга өтө ыңгайлуу шарт түзөт. «Ысык-Көл» санаторийи, пристань ж. б. бар. Көл суусунун такай тартылышы, жээктер­дин өзгөрүшү булуңду пайдаланууда кыйынчы­лык туудурууда. Экол. абалы начарлоодо.