КАРА-БАТКАК МӨҢГҮСҮ

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
02:00, 7 Сентябрь (Аяк оона) 2025 карата vol4>KadyrM тарабынан жасалган версия
(айырма) ← Мурунку нускасы | Соңку нускасы (айырма) | Жаңыраак нускасы → (айырма)
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

КАРА-БАТКАК МӨҢГҮСҮ – Тескей Ала-Тоонун түн. капталындагы жабык төр тибиндеги мөңгү. Уз. 3,5 км, туурасы 300–400 м, аянты 4,5 км2. Чоң Кызыл-Суунун алабында жайгашкан. Мөң­гүнүн башы деңиз деңг. 4800 м, этеги 3300 м бийикте жатат. Кар чегинин бийикт. 4050 м. Абляциясынын аянты 1,6 км2. Мөңгү таманы бир аз жантайыңкы келип, кенен төрдө жатат.

Кара-Баткак мөңгүсүнүн тулкусу.

Куралуу облусу м-н «тилинин» ортосунда би­йикт. 20–30 мдей келген мөңгү жатат. Мөңгүнүн сол жак четинде тоо тектердин уранды сынык­тары үйүлүп корумду түзөт. Каптал морена бар. Зор дого сымал аяккы морена м-н мөңгүнүн эте­гинин аралыгында мөңгү көлү пайда болгон.
Мөңгү тартылууда (жылына 5–6 м). Калыңды­гы 50 мден 80 мге чейин өзгөрөт. Андан агып чыккан суу Чоң Кызыл-Суунун оң куймасы Кашка-Төргө куят. Мөңгүгө 1947-жылдан тар­тып үзгүлтүксүз байкоо жүргүзүлүүдө. Эл аралык геофиз. жылдын (1957-ж., 1-июль) программа­сы б-ча 1-категориядагы байкоолорду жүргүзүү үчүн атайын тандалган. СССР убагында анын материалдары Москвадагы ж-а Цюрихтеги эл аралык ил. борборлорго жөнөтүлүп турган. Ки­йинки мезгилде мөңгүдө кээ бир гляциалдык­метеорол. байкоо-изилдөөлөр жүргүзүлгөн. Экол. жактан таза, туюк төр.